# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №396 "Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №396 "Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 396
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16566/edition/669772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №396 "Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (03.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95124

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-августу № 556 токтомуна ылайк кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-июлу №396 Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу максатында жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин координациялоо иш милдети жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасы "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына филиал катары кошуу жолу менен өзгөртүлүп кайра түзүлсүн.

4. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы өткөрүп берүү актысына ылайык анын бардык кредиторлору жана карызкорлоруна карата "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук мураскери болуп эсептелсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкү долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:

- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын;

- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын функцияларын, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу планын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А.Атамбаев

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-октябрындагы №249 токтому менен бекитилген

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

| Директор Статс-катчы Директордун орун басары |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Борбордук аппарат |  | Мамагенттиктин аймактык бөлүмдөрү |  | "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы |
