Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 августа 2015 года № 556 "Об утверждении Устава государственного предприятия "Карабалтинский спиртовый завод"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-03.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-августу № 556 токтомуна ылайк кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-июлу №396 Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу максатында жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин координациялоо иш милдети жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасы "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына филиал катары кошуу жолу менен өзгөртүлүп кайра түзүлсүн.
4. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы өткөрүп берүү актысына ылайык анын бардык кредиторлору жана карызкорлоруна карата "Каракол" спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук мураскери болуп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкү долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын;
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын функцияларын, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу планын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-октябрындагы №249 токтому менен бекитилген
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
| Директор Статс-катчы Директордун орун басары | ||||
|---|---|---|---|---|
| Борбордук аппарат | Мамагенттиктин аймактык бөлүмдөрү | "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы | ||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.08.2015 · № 556 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.08.2015 · № 556 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон