# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16565/edition/446141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95123

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы №457 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-июлу №395 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №151 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаментин каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин чегинде ишке ашырылаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 59 жарыяланды

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Министр

А.Жапаров
