# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №393 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №393 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16563/edition/385006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №393 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 15-июлу №393 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Түркия тарапка билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
