# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16561/edition/452428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95119

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу №391 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 33-пункттун экинчи абзацындагы "Өкмөттүн токтому менен" деген сөздөр "Премьер-министрдин буйругу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 35-пункттун экинчи абзацындагы үчүнчү сүйлөм алып салынсын;

64-пунктта: биринчи абзацындагы "зарыл болгон эсептери" деген сөздөрдөн кийин ", ченемдик укуктук актыларга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонулуудагы жана сунушталган редакциялардагы салыштырма таблицалар" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацындагы ", 1,5 интервал аркылуу" деген сөздөр жана цифра алып салынсын; 66-пунктта "берилген" деген сөздөрдөн мурда "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр менен толукталсын; 71-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Министрликтин же мамлекеттик комитеттин жетекчиси тарабынан өзүнүн милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басарлары же статс-катчылары Өкмөттүн чечимдерин макулдашуу учурунда бул макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы болуп эсептелет жана Өкмөт мүчөсү катары макулдашуу болуп эсептелбейт.";

- 96-пункт "64" деген цифрадан кийин ", 66" деген цифра менен толукталсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар жана мекемелер эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
