Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 июня 2013 года № 341 "О Регламенте Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-10.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу №391 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 33-пункттун экинчи абзацындагы "Өкмөттүн токтому менен" деген сөздөр "Премьер-министрдин буйругу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 35-пункттун экинчи абзацындагы үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
64-пунктта: биринчи абзацындагы "зарыл болгон эсептери" деген сөздөрдөн кийин ", ченемдик укуктук актыларга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонулуудагы жана сунушталган редакциялардагы салыштырма таблицалар" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацындагы ", 1,5 интервал аркылуу" деген сөздөр жана цифра алып салынсын; 66-пунктта "берилген" деген сөздөрдөн мурда "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр менен толукталсын; 71-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Министрликтин же мамлекеттик комитеттин жетекчиси тарабынан өзүнүн милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басарлары же статс-катчылары Өкмөттүн чечимдерин макулдашуу учурунда бул макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы болуп эсептелет жана Өкмөт мүчөсү катары макулдашуу болуп эсептелбейт.";
- 96-пункт "64" деген цифрадан кийин ", 66" деген цифра менен толукталсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар жана мекемелер эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "КР Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген)Регламент · 26.01.2011 · № 28 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2011 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон