# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №380 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №380 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16551/edition/1157570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №380 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (11.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95108

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 11-июлу №380 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-6.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-берененин 4-пунктундагы "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- |
| 9-статья. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун тартиби 1. Кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) боло алат. 2. Техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) өзүнүн эсебинен техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы тууралу кабарламаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасында жана жалпы пайдалануудагы электрондук маалыматтык тутумга жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасы техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы жөнүндө иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) тарабынан берилген кабарламаны ал келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүн ичинде жарыялоого милдеттүү. 3.Техникалык регламенттин долбоору тууралу кабарламада иштелип чыккан техникалык регламент кандай продукцияга, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери жайылтыла тургандыгы жөнүндөгү маалымат, аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси, документтин түзүмү, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги (шайкеш эместиги), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу талаптардан, дагы башка техникалык регламенттерден айырмачылыгы тууралу маалыматтар камтылууга тийиш. 4. Техникалык регламентти иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактардын суроо-талабы боюнча аларды талкуулоо үчүн жазуу жүзүндө сын-пикирлерин даярдап алышы үчүн кабарлама жарыяланган учурдан баштап, техникалык регламенттин долбоорун алуусун камсыз кылышы керек. Техникалык регламенттин долбоорун талкуулоонун мөөнөтү \[эки айдан\] кем болбоого тийиш. 5. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактар, алардын арасында кандай гана юридикалык жактар, жекече ишкерлер, иштери техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү менен түздөн-түз байланышта болгон юридикалык жактардын бирикмелери (бирликтери, ассоциациялары) болушу мүмкүн, алар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулашына жараша жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны жеткире иштөөнү камсыз кылат жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмегин түзөт. 6. Иштеп чыгуучу тарабынан кабарлама жарыялоо таламдаш жактар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулоо, пикир келишпөөчүлүктүн (алар болгондо) тизмегин даярдоо жол-жоболору аткарылгандан кийин техникалык жөнгө салуунун долбоорлору экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болгон техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларга берилет. Теңдештик башталыштагы эксперттик комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын, илимий-техникалык уюмдардын, ишкерлердин бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрү кирет. Эксперттик комиссияны түзүүнүн тартиби жана анын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган эксперттик комиссиянын жекече курамын бекитет жана алардын иштешин камсыз кылат. Эксперттик комиссиянын жыйналышы ачык болот. 7. Эксперттик комиссияга экспертиза жүргүзүү үчүн техникалык регламенттин долбоору, түшүндүрмө каттар жана финансы-экономикалык негиздемелер берилет, аларда иштеп чыгуунун техникалык регламентти кабыл алуунун максатка ылайыктуулугунун же эл аралык стандарттарга, ченемдер менен эрежелерге шайкеш келбешинин негиздемеси, ошондой эле эл аралык стандарттардан, ченемдер менен эрежелерден четтөөнүн жана пикир келишпөөчүлүктүн себептеринин (алар болгондо) тизмеги камтылат. Эксперттик комиссиянын корутундусу милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) жиберилет. | 9-статья. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун тартиби 1. Кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) боло алат. 2. Техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) өзүнүн эсебинен техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы тууралу кабарламаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасында жана жалпы пайдалануудагы электрондук маалыматтык тутумга жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басма сөз басылмасы техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыккандыгы жөнүндө иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) тарабынан берилген кабарламаны ал келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүн ичинде жарыялоого милдеттүү. 3. Техникалык регламенттин долбоору тууралу кабарламада иштелип чыккан техникалык регламент кандай продукцияга, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери жайылтыла тургандыгы жөнүндөгү маалымат, аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси, документтин түзүмү, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги (шайкеш эместиги), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу талаптардан, дагы башка техникалык регламенттерден айырмачылыгы тууралу маалыматтар камтылууга тийиш. 4. Техникалык регламентти иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактардын суроо-талабы боюнча аларды талкуулоо үчүн жазуу жүзүндө сын-пикирлерин даярдап алышы үчүн кабарлама жарыяланган учурдан баштап, техникалык регламенттин долбоорун алуусун камсыз кылышы керек. Техникалык регламенттин долбоорун талкуулоонун мөөнөтү БИР АЙДАН кем болбоого тийиш. 5. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) таламдаш жактар, алардын арасында кандай гана юридикалык жактар, жекече ишкерлер, иштери техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү менен түздөн-түз байланышта болгон юридикалык жактардын бирикмелери (бирликтери, ассоциациялары) болушу мүмкүн, алар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулашына жараша жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны жеткире иштөөнү камсыз кылат жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмегин түзөт. 6. Иштеп чыгуучу тарабынан кабарлама жарыялоо таламдаш жактар менен техникалык регламенттин долбоорун талкуулоо, пикир келишпөөчүлүктүн (алар болгондо) тизмегин даярдоо жол-жоболору аткарылгандан кийин техникалык жөнгө салуунун долбоорлору экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болгон техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияларга берилет. Теңдештик башталыштагы эксперттик комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын, илимий-техникалык уюмдардын, ишкерлердин бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн өкүлдөрү кирет. Эксперттик комиссияны түзүүнүн тартиби жана анын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган эксперттик комиссиянын жекече курамын бекитет жана алардын иштешин камсыз кылат. Эксперттик комиссиянын жыйналышы ачык болот. 7. Эксперттик комиссияга экспертиза жүргүзүү үчүн техникалык регламенттин долбоору, түшүндүрмө каттар жана финансы-экономикалык негиздемелер берилет, аларда иштеп чыгуунун техникалык регламентти кабыл алуунун максатка ылайыктуулугунун же эл аралык стандарттарга, ченемдер менен эрежелерге шайкеш келбешинин негиздемеси, ошондой эле эл аралык стандарттардан, ченемдер менен эрежелерден четтөөнүн жана пикир келишпөөчүлүктүн себептеринин (алар болгондо) тизмеги камтылат. Эксперттик комиссиянын корутундусу милдеттүү түрдө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) жиберилет. |
