# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16548/edition/383551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (08.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95105

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 8-июлу №377 Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо;

- Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү жобо.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
