# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы №374 "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы №374 "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16545/edition/383543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы №374 "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (07.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95101

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 7-июлу№374 "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке билдирсин.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө аталган Кошумча протоколдун жоболорун ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрсүн.

4-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
