Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 7-июлу№374 "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке билдирсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө аталган Кошумча протоколдун жоболорун ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрсүн.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1139-Vб "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу…Постановление · 13.10.2011 · № 1139-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1140-V "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу…Постановление · 13.10.2011 · № 1140-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1141-V Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин…Постановление · 13.10.2011 · № 1141-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон