# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №373 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №373 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 373
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16544/edition/544747/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №373 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (28.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95100

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 6-июлу N 373 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

1-берене.

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., N 9, 311-берене) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

1. 3-берене төмөнкү мазмундагы 13-15-бөлүктөр менен толукталсын: "Текшерип көзөмөлдөө - баалуу металлдарды, асыл таштарды жана буюмдарды өндүрүү, кайра иштетүү боюнча стандарттарга ылайыктуулугун контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруучулук-техникалык жана укуктук иш-чаралар системасы.

Текшерүү тамгасы - баалуу металлдардан жасалган буюмдардын наркын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү белги. Эн тамгалоо - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка тиричилик буюмдарына текшерүү эн тамгасынын наарын түшүрүүнүн текшерүү-технологиялык операциясы".

2. 11-берененин 2-бөлүгү "ички өндүрүштөгү, ошондой эле," деген сөздөрдөн кийин "экспортко жөнөтүлүүчү баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардан башка" деген сөздөр менен толукталсын.

11-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Ишкердик субъекттери белгиленген тартипте аккредиттелген лаборатория болсо зергердик буюмдарды текшерүү тамгасы менен тамгалоого укуктуу болушат".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтомуна "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө карата САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА

| N | Действующая редакция | В редакции предлогаемого проекта |
| --- | --- | --- |
| 1 | 3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металддар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий). Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрүндө алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер. Баалуу металлдардын уютмасы - пайдалуу кен чыккан жерлердеги ошол эле баалуу металлдардын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн чоңдугу боюнча кыйла артыкчылык кылган баалуу металлдардын өзгөчөлөнгөн табигый ири бөлүгү. Баалуу металлдардын аффинажы - иргелип алынган баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды эл аралык стандарттардын же Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык келгидей сапатка чейин жеткирүү процесси. Баалуу металлдарды чыгаруу - кенден, концентраттардан жана башка өнөр жай продуктуларынан, металл сыныктарынан жана бул металлдарды камтыган калдыктардан баалуу металлдарды бөлүп алуу жана аларды аффинаждоо. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - аларды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар-төмөндөгүлөр: - баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун же башка укуктардын өтүшү менен; - баалуу металлдардын жана асыл таштардын сактоочу жайга, фонддорго жана корлорго келип түшүшү, ошондой эле баалуу металлдар менен асыл таштардын сакталышы жана чыгарылышы (берилиши) менен; - өндүрүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын болушунун же физикалык абалынын өзгөрүшү менен; - баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды республикадан алып кетүү менен байланыштуу аракеттер. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдарына өкүлчүлүк кылууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме. Баалуу металлдардын, асыл таштардын мамлекеттик фондусу - мамлекеттин активине эсептелген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар жана асыл таштар. Мамлекеттик баалуулуктар сакталуучу жай (Мамбаалуулуктар жайы) мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сактоону, ошондой эле келишимдик негиздерде юридикалык жактарга таандык болгон баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкана. Текшерип көзөмөлдөөнүн мамлекеттик инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. Баалуу металлдардын жана асыл таштардын казынасы - менчик ээси мыйзамдын күчү менен укугун жоготкон же ээси ким экендиги аныкталбаган жерге көмүлгөн же башкача ыкма менен жашырылган баалуу металлдар,асыл таштар. | Баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедогу, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларыңдагы, химиялык кошулмалардагы, буюмдардагы, металл сыныктарындагы жана алардын калдыктарындагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий , иридий, радий, рутений, осмий). Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрүндө алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер. Баалуу металлдардын уютмасы - пайдалуу кен чыккан жерлердеги ошол эле баалуу металлдардын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн чондугу боюнча кыйла артыкчылык кылган баалуу металлдардын өзгөчөлөнгөн табигый ири бөлүгү. Баалуу металлдардын аффинажы - иргелип алынган баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды эл аралык стандарттардын же Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык келгидей сапатка чейин жеткирүү процесси. Баалуу металлдарды чыгаруу - кенден, концентраттардан жана башка өнөр жай продуктуларынан, металл сыныктарынан жана бул металддарды камтыган калдыктардан баалуу металлдарды бөлүп алуу жана аларды аффинаждоо. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - аларды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар-төмөндөгүлөр: - баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун же башка укуктардын өтүшү менен; - өндүрүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын болушунун же физикалык абалынын өзгөрүшү менен; - баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды республикадан алып кетүү менен байланыштуу аракеттер. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдарына өкүлчүлүк кылууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме. Баалуу металлдардын, асыл таштардын мамлекеттик фондусу -мамлекеттин активине эсептелген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар жана асыл таштар. Мамлекеттик баалуулуктар сакталуучу жай (Мамбаалуулуктар жайы) мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сактоону, ошондой эле келишимдик негиздерде юридикалык жактарга таандык болгон баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишкана. Текшерип көзөмөлдөөнүн мамлекеттик инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. "Текшерип көзөмөлдөө- баалуу металлдардын жана буюмдардын чыгаруу, кайра иштетүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча бекитилген стандарттарды сакташын камсыз кылуу жана контролду ишке ашыруу боюнча уюштуруу-техникалык жана укуктук иш-чаралар системасы"; "Текшерүү тамгасы- кымбат баалуу металлдардан жасалган буюмдардын наркын күбөлөндүрүүчү белгиленген үлгүдөгү белги"; "Эн белги коюу- кымбат баалуу металлдардан жасалган зергерчилик жана башка тиричилик буюмдарына текшерүү тамгаларынын сыпаттамаларын түшүрүүнүн текшерүү-технологиялык операциясы" |
| 2 | 11-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды текшерип көзөмөлдөө Текшерип көзөмөлдөөнүн милдети баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын бардык пайдалануучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, баалуу металлдарды, асыл таштарды чыгаруу, кайра иштетүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча бекитилген стандарттарды сакташын камсыз кылуу болуп саналат. Текшерип көзөмөлдөө ички өндүрүштөгү, ошондой эле сатуу үчүн республикага алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын текшерүүнү, талдоону жана мамлекеттик текшерүү тамгасы менен белгилөөнү, ошондой эле текшерүү тамгаларынын сыпаттамаларын экспертизалоону, баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды техникалык экспертизалоону, асыл таштарды аныктоону жана экспертизалоону, баалуу металлдарга контролдук талдоону жүргүзүүнү жана арбитраждык сот тарабынан жүргүзүлгөн экспертизаны камтыйт. Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерип көзөмөлдөө органы тарабынан жүзөгө ашырылат. | 11-статья. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды текшерип көзөмөлдөө Текшерип көзөмөлдөөнүн милдети баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын бардык пайдалануучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, баалуу металлдарды, асыл таштарды чыгаруу, кайра иштетүү, пайдалануу жана алардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча бекитилген стандарттарды сакташын камсыз кылуу болуп саналат. Текшерип көзөмөлдөө ички өндүрүштөгү, ошондой эле сатуу үчүн республикага алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын текшерүүнү, талдоону жана мамлекеттик текшерүү тамгасы менен белгилөөнү экспортко жөнөтүлүүчү баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардан башка, ошондой эле текшерүү тамгаларынын сыпаттамаларын экспертизалоону, баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды техникалык экспертизалоону, асыл таштарды аныктоону жана экспертизалоону, баалуу металлдарга контролдук талдоону жүргүзүүнү жана арбитраждык сот тарабынан жүргүзүлгөн экспертизаны камтыйт. Кыргыз Республикасынын аймагында текшерип көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерип көзөмөлдөө органы тарабынан жүзөгө ашырылат. "Ишердик субъекттери белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториясы бар болгон учурда, өздүк өндүрүш буюмдарын мамлекеттик текшерүү тамгасы менен белгилөө укугуна ээ.". |

Министр

У.Ташбаев
