# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16543/edition/1143512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95099.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (06.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95099

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 6-июлу №372 Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга тиркелген тарифтери бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 455 "Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн убактылуу өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы № 100 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин белгилөө жөнүндө" токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтому менен бекитилген

Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга ТАРИФТЕРИ

| Суу пайдалануучулар субъектинин аталышы | Жыл ичинде тарифтердин жарактуулук мөөнөтү | КНСсиз тарифтик ставка (1 куб.м суу үчүн тыйын) |
| --- | --- | --- |
| 1. Агрардык сектордун суу пайдалануучулары |  |  |
| - кадимки райондор | I жана IV кварталдар | 1,0 |
|  | II жана III кварталдар | 3,0 |
| - жаратылыштык-климаттык шарттары оор жана жагымсыз ├──────────────────────┼────────────────┤ райондор | I жана IV кварталдар II жана III кварталдар | 0,2 1,0 |
| 2. Өнөр жай жана энергетика секторунун суу пайдалануучулары | Жыл ичинде | 10,0 |
| 3. Коруктар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, улуттук, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери | Жыл ичинде | 1,0 |
