Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана аскердик багыттагы башка продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 мая 2024 года № 243 "О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об утверждении Национального контрольного списка Кыргызской Республики контролируемой продукции" от 10 февраля 2023 года № 63"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июлу №370 Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана аскердик багыттагы башка продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө "Лицензиялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, куралдарды, аскердик техникаларды жана аскердик багыттагы башка продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону, импорттоону натыйжалуу контролдоо системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана башка аскердик багыттагы продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүктү камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №370 токтому менен бекитилген
Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана аскердик багыттагы башка продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ
| Аскердик багыттагы продукциялар | Категориясы |
|---|---|
| Курал менен жана куралсыз танктар жана өзү жүрүүчү соотмашиналар | 1 |
| 1-категориядагы аскер багытындагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 1.1 |
| 1-категориядагы аскер багытындагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 1.2 |
| 1, 1.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 1.3 |
| Аскердик багыттагы дөңгөлөктүү жана казтамандуу автомобилдер жана башка өзү жүрүүчү машиналар | 2 |
| 2-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 2.1 |
| 2-категориядагы аскер багытындагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 2.2 |
| 2, 2.2-категорияларындагы аскер багытындагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 2.3 |
| Аскерлерди инженердик камсыздоо үчүн аскердик багыттагы каражаттар (көпүрө салгычтар, инженердик-куруучу машиналар, мина тоскучтар, эвакуациялык машиналар, оңдоо чеберканалары, понтондор ж.б.д.у.с.) | 3 |
| 3-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 3.1 |
| 3-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 3.2 |
| 3, 3.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 3.3 |
| Аскердик багыттагы учактар, тикучактар жана башка учуучу аппараттар | 4 |
| 4-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 4.1 |
| 4-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 4.2 |
| 4, 4.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 4.3 |
| Аскердик суу үстүндөгү жана суу алдындагы кемелер, аскердик багыттагы көмөкчү кемелер | 5 |
| 5-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 5.1 |
| 5-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 5.2 |
| 5, 5.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 5.3 |
| Күжүрмөн курал (артиллериялык, учуруучу ракеталык жана бомба орнотмолору, торпедалык аппараттар, гаубицалар, гранотометтор, мортирлер жана күжүрмөн иштерди жүргүзүү үчүн аларга окшош каражаттар) | 6 |
| 6-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 6.1 |
| 6-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 6.2 |
| 6, 6.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 6.3 |
| 14,5 мм жана андан төмөн калибрдеги аскердик багыттагы аткыч курал (№ 9303 жана 9304 Тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасынын товардык позицияларынан тышкары) | 7 |
| 7-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 7.1 |
| 7-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 7.2 |
| 7, 7.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 7.3 |
| Бомбалар, гранаталар, торпедалар, миналар, ракеталар, патрондор жана күжүрмөн иш аракеттерди жүргүзүү үчүн аларга окшош каражаттар | 8 |
| 8-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 8.1 |
| 8-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 8.2 |
| 8, 8.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 8.3 |
| Куралга орнотулуучу телескоптук жана лазердик кароолдор, аскердик багыттагы перископтор, оптикалык түтүктөр жана лазерлер | 9 |
| 9-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 9.1 |
| 9-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 9.2 |
| 9, 9.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 9.3 |
| Аскердик багыттагы навигациялык приборлор | 10 |
| 10-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 10.1 |
| 10-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 10.2 |
| 10, 10.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 10.3 |
| Аскердик багыттагы гидроакустикалык, радиолокациялык аппаратуралар жана аралыктан башкаруу радиоаппаратура | 11 |
| 11-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 11.1 |
| 11-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 11.2 |
| 11, 11.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 11.3 |
| Аскердик багыттагы парашюттар (дирижабль парашюттарын кошкондо) жана айланма парашюттар | 12 |
| 12-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 12.1 |
| 12-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 12.2 |
| 12, 12.1-категорияларындагы аскер багытындагы продукцияларга тийиштүү заказчиктин кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 12.3 |
| Аскердик багыттагы радиотелефон, радиотелеграф байланыш, радио берүү жана телекөрсөтүү үчүн өткөрүүчү аппаратуралар, ал кабыл алуучу, үн жазуучу аппаратураларды, телекамераларды камтыйт же камтыбайт | 13 |
| 13-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 13.1 |
| 13-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 13.2 |
| 13, 13.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 13.3 |
| Массалык жок кылуу куралдарынан коргонуу каражаттары, массалык жок кылуу куралдарын колдонуунун кесепеттерин алдын алуу жана дарылоо каражаттары, жашоо-тиричиликти камсыз кылуу каражаттары | 14 |
| 14-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 14.1 |
| 14-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 14.2 |
| 14, 14.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 14.3 |
| Ок-дарыларды, курал жарактарды жана аскердик техникаларды чыгаруу жана оңдоо үчүн атайын иштелип чыккан жабдуулар, шаймандар жана тетиктер | 15 |
| 15-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга техникалык документация (нормативдик-техникалык, технологиялык, программалык) | 15.1 |
| 15-категориядагы аскердик багыттагы продукцияларга запастык бөлүктөр, агрегаттар, окуу жана көмөкчү мүлк | 15.2 |
| 15, 15.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 15.3 |
| Аскердик багыттагы картографиялык продукциялар (карталар, атластар, космостук сүрөткө тартуу материалдары) | 16 |
| Аскердик форма, кийим кечелер, жабдыктар жана аларга атрибуттар | 17 |
| 17, 17.1-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында аткарылуучу иштер жана кызмат көрсөтүүлөр | 17.1 |
| 1-18-категорияларындагы аскердик багыттагы продукцияларга карата заказчынын кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө жана оңдоо иштери | 18 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз…Постановление · 15.05.2024 · № 243
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон