# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95094>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16538/edition/800506/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95094.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95094

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу №367 Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл-тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, асыл-тукум мал чарбасынын ата мекендик генетикалык ресурстарын сактоо жана андан ары экономикалык жактан жакшыртуу, асыл-тукум чарбалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку баалуу асыл-тукум материалдары менен камсыздоо, ошондой эле мал чарбачылыгында инновациялык ишти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары - Улуттук стратегия);

- 2011-2015-жылдарга Улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы).

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен бирдикте:

- Улуттук стратегияны жана Иш-чаралардын планынын иш-чараларын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

- Улуттук стратегиянын жоболорун жана Иш-чаралардын планын ишке ашырууга эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартып, алардын иштерин координацияласын;

- материалдык-техникалык базаны түзүү жана айыл чарба малын жасалма уруктандырууну өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзсүн.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- чарба жүргүзүүчү субъекттерге Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан айдоо жерлерди, ошондой эле жайыттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү көлөмдө биринчи кезекте бөлүүнү камсыз кылышсын;

- айыл округдарынын аймактарында малды жасалма уруктандыруу пункттарын түзүүгө жана иштешине колдоо көрсөтүшсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген

2011-2015-жылдарда Улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ

| № | Иштин негизги багыттары | Аткаруу мөөнөтү, жылдар | Керектелүүчү финансы каражаттары, миң сом. |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Мүмкүнчүлүгү бар инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2011-жылдан баштап | Керектелбейт |
| 2 | Асыл-тукум борборун уюштуруу, асыл-тукум букаларды сатып алуу, 50 орундук малкананы ремонттоо, - операциялык чыгымдар - операциялык чыгымдар - операциялык чыгымдар - операциялык чыгымдар - операциялык чыгымдар | 2011 2012 2013 2014 2015 | 5664,2 2970,0 2970,0 3681,0 3924,2 |
|  | Баары |  | 19209,0 |
| 3 | Букалардын тоюту, ветеринардык тейлөө, вакцинация | 2011 2012 2013 2014 2015 | 457,8 572,3 686,7 915,6 1144,5 |
|  | Баары |  | 3776,9 |
| 4 | Техник - уруктандыруу- чуларды окутуп, квалификациясын жогорулатуу | 2011-445 киши 2012-445 киши 2013-445 киши 2014-445 киши 2015-445 киши | 7264,0 7264,0 7264,0 7264,0 7264,0 |
|  | Баары |  | 36320,0 |
| 5 | Калкты маалыматтык камсыздоо (жарнамалар, көргөзмө- аукциондор, көрмө роликтер) | 2011 2012 2013 2014 2015 | 6702,5 6702,5 6702,5 6702,5 6702,5 |
|  | Баары: |  | 33512,0 |
| 6 | Асыл-тукум борбору үчүн айыл чарба техникаларын сатып алуу | 2011 | 1426,0 |
|  | Баары |  | 1426,0 |
| 7 | Жабдууларды жана атайын каражаттарды сатып алуу | 2011 2012 2013 2014 2015 | 25104,0 354,0 354,0 354,0 354,0 |
|  | Баары |  | 26860,0 |
| 8 | МАТЗ жана МАТИ үчүн айыл-чарба техникаларын сатып алуу | 2011 | 38700,0 |
|  | Баары: |  | 38700,0 |
| 9 | 267 жасалма уруктандыруу пункттарын түзүү | 2011-40 даана 2012-65 даана 2013-52 даана 2014-56 даана 2015-54 даана | 4140,0 6727,5 5382,0 5796,0 5589,0 |
|  | Баары | 267 | 27634,5 |
| 10 | Мурунку салынган (2-кабаттуу лабораториялык жана административдик корпус, манеж, букалардын, кочкорлордун жайкы жана кышкы малканасы, моцион үчүн карусель трансформатор подстанциясы, чөпкана, 2 га жер аянты, дан сактоочу кампа) имараттардын жана курулмалар баасы |  | 99820,0 |
|  | Баары |  | 99820,0 |
| 11 | Дистрибютердик борборлорду лицензиялоо. | 2011-2015 | Керектелбейт |
| 12 | Кварталдык мониторингдерди өткөрүү | 2011-2015 | Керектелбейт |
|  | Баардыгы: |  | 287324,4 |
| Каржылоо булактары | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуу аткаруучулар |  |
| Керектелбейт | Улуттук стратегияга 164453,0 миң сом демөөрчүлүк жардам | Финмин, ЭЖМ, АЧМ, АЧМ МАТИ, облмамадминистрациялар, раймамадминистациялар |  |
| Жеке инвесторлордун салымдары | 4 жылдан кийин 28 млн. сом. киреше алынат | АЧМ, АЧМ МАТИ, облмамадминистрациялар, раймамадминистрациялар, РАӨБ, КыргМжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| "Сокулук" асыл-тукум заводунун каражаттары | Өндүрүш кеңейип, малдын асыл-тукум жапа өз төлүнүн эсебинен кебөйүү сапаттары артат | КыргМжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | Техник - уруктандыруу- чулардын квалификациясынын жогорулатуунун эсебинен каражаттар үнөмдөлөт | АЧМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), облмамадминистрациялар, раймамадминистрациялар, РАӨБ, айыл өкмөтүнүн башчылары, Кырг МжЖИИИ |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | Калктын кызыкчылыгы жогорулап Улуттук стратегиянын ишке ашышына өбөлгө түзүлөт | АЧМ, ЭЖМ, РАӨБ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), обладминистрациялар, раймамадминистрациялар, айыл өкмөт (макулдашуу боюнча) |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | Өндүрүштүк процесстерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу | АЧМ, ЭЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), Кырг МжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | Өндүрүштүк процесстерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу | АЧМ, ЭЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), Кырг МжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | Өндүрүштүк процесстерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу | АЧМ, ЭЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), КыргМжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| Донордук каражаттар | 4 жылдан кийин 13,3 млрд. сом | АЧМ, ЭЖМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча), облмамадминистрациялар, раймамадминистрациялар, РАӨБ, айыл өкмөт (макулдашуу боюнча) |  |
|  |  |  |  |
| Колдонуудагы имараттар жана курулмалар түрүндө республикалык бюджеттин каражаттары | Улуттук стратегияны түз каржылоосуз ишке ашыруу | Билим берүү жана илим мин, АЧМ, КыргМжЖИИИ, "Сокулук" МАТЗ |  |
|  |  |  |  |
| Керектелбейт | Асыл-тукум материалды алып келүүгө эсепке алууну жана контролдоону ишке ашыруу | АЧМ, АЧМ МАТИ |  |
| Керектелбейт | Каражаттарды максаттуу пайдаланууга контролдук жүргүзүү | АЧМ, облмамадминистрациялар, раймамадминистрациялар |  |
|  |  |  |  |

Абревиатуралардын тизмеси

АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Билим берүү жана - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим мин. илим министрлиги Финмин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кырг МжЖИИ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институту ЖЖУТ - жасалма жол менен уруктандыруу пункту МАТИ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик асыл-тукум инспекциясы МАТЗ - мамлекеттик асыл-тукум заводу облмамадминистрациялар - областтык мамлекеттик администрациялар раймамадминистрациялар - райондук мамлекеттик администрациялар РАӨБ - райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы ЭЖМ - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
