Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолу куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-июлу №364 Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолу куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине жана "Транспорт жөнүндө" жана "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын эл аралык транспорттук коридорго интеграциялоону камсыздоо, жаңы магистралдык темир жол линияларын долбоорлоо жана куруу боюнча уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүүнү тездетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы темир жол линияларын куруу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын моюнга алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
2. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- эки айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин; өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдун курулушун долбоорлоо жана каржылоо үчүн инвесторлорду тартууга чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 301 "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 746 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 19-июлундагы, №301 ""Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.07.2005 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 436 токтомуПостановление · 08.08.2016 · № 436
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө ЖОБО " (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген)Постановление · 09.08.2016 · № 436
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 19-июлундагы, №301 ""Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.07.2005 · № 301 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Транспорт жөнүндөЗакон · 08.07.1998 · № 89
- Темир жол транспорту жөнүндөЗакон · 09.07.1998 · № 90 · Күчүн жоготкон
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына…Положение · 05.07.2011 · № 354 · Күчүн жоготкон