# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16534/edition/1047708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (17.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95090

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-июлу № 363 Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, мурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун актылары менен регламенттелген коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштыруунун тартиби жөнүндө жобо;

- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби жөнүндө нускама;

- Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн № 2 тизме боюнча жеңилдетилген пенсия алуучу адамдарга жана текстиль өнөр жайынын кызматкерлерине пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министри

А.Атамбаев
