# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16533/edition/381982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (05.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95089

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу №362 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө 2011-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кайра иштетүү сезонуна карата кант заводдорун өз учурунда даярдоону камсыздоо жана ата мекендик өндүрүштөгү кумшекер менен ички базарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №102 "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №103 "Кошой" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлунда № 56 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
