# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16525/edition/381579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95081

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу №354 Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №118 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын 2010-жылындагы иши жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ош жана Жалал-Абад облусунун шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жабыр тарткан жарандарга ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобого ылайык акысыз мамлекеттик жардам көрсөтсүн.

3. Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары Ош шаарынын мэриясы июнь окуяларында жабыр тарткан жарандарга мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында комиссияларды түзүшсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А.Атамбаев
