Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ички иштер министрлиги ПЖ № 1/Д «Ведомство аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2015-жылдын 1-апрели ПЖ № 1/Д «Ведомство аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» Жол кыймылындагы коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, жол кырсыктарынын санын азайтуу, ошондой эле 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралардын планын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө нормативдүү ыйгарым укуктарын өкүлдөө жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 1-тиркемеге ылайык ведомство аралык жумушчу тобу түзүлсүн.
2. Ведомство аралык жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМынын ЖККнын (С.Ф.Дьяченко), БШнын (Б.Р. Абдыжалиев), ККББнын (Э.К.Баев), БТБнын (Т.Ж.Уметалиев) жана БМБнын (А.Д.Бообеков) башчыларына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Э. Р. Джапаркуловго жүктөлсүн.
Министр милициянын генерал-майору
М. Турганбаев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын ИИМ буйругуна “01” 04 2015-жыл № 1/Д
“2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралардын планын” түзүү боюнча ведомстволук аралык жумушчу тобунун
курамы
С. Ф. Дьяченко– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызамытынын начальниги, милициянын полковниги, топтун жетекчиси;
Ы.К. Саркулов– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызамытынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги, топтун жетекчисинин орун басары;
У.М. Умаров– Кыргыз Республикасынын ИИМ ГШ ГИ башкы инспектору, милициянын полковниги, топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
О.Д. Бейшекеев– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызамытынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги;
К.Ж. Жакеев– Кыргыз Республикасынын ИИМ ГУОБ улук инспектору милициянын подполковниги;
Б.М. Рыспаев– Кыргыз Республикасынын ИИМ ГСУ КМУ иликтөөчүсү;
Ж.А. Дүйшебаев– Кыргыз Республикасынын ИИМ ОИО ГИЦ бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги;
- Т.А. Барпиев– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК АПиР УККДП ЖКК начальнигинин орун басары, заместитель начальника, ДПС МВД Кыргызской Республики, милициянын подполковниги;
М.А. Сандыбаев– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК ОДН начальниги, милициянын полковниги;
- З. Сагындыков– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК ОТН начальниги, милициянын майору;
- Т.В. Холодова– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК ФЧ начальниги, милициянын подполковниги;
- Т.Ж. Сатылганов– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК ГРЛС башкы инспектору, милициянын полковниги;
- Н.К. Мамыров– Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК ЦУАП уцлук инспектору, милициянын подполковниги;
- Т.М.Калыбеков – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин кадрлар, иш кагаздарын жүргүзүү жанан атайые жумуштар бөлүмүнүн башчысы;
- Н.С. Шабданалиев– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу автомобиль жана суу транспорту Мамлекеттик агенттигинин транспорт координациясын контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
- Ш.М. Иманкулов– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин башкы инженери;
- О.Т. Адиев– Кыргыз Республикасынын ВС Генералдык штабынын аскер автомобилинин;
- Э.С. Жейренов– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана суу чарбасы департаментинин машиналык суугаруу, энергетика жана менаизация бөлүмүнүн башкы;
- Б.Б. Сейдалиев– МККсына караштуу Транспорттук каражаттарды каттоо айдоочулар курамы департаменинин автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоону контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Н.М. Мусаева– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигнин мектепке чейинки жана мектептен кийинки тарбия берүү башкармалыгынын адиси;
- Ж.И. Молдокматов– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын курал-жарактарды башкаруунун автобронетанк бөлүмүнүн начальниги;
- К.С. Калмаматов– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көсөтүү жана лекарствалык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Т.Т. Койчуманов– Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүу министрлигинин жетектөөчү адиси;
- Д.А. Аматов– МБКсын бажылык контролдоону уюштуруу башкармалыгынын;
- Эльбек уулу Чынгыз – Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- А.Б. Куйкеев– Кыргыз Республикасынын ЧКМсына караштуу Өрт өчүрүү жана кырсыктан сактоо жумуштары башкармалыгынын МОБ боюнча улук инспектору;
- А.Д. Кайырбеков– Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология бакшармалыгынын жетектөөчү сектору;
- У.А. Шарипов– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин уюштуруучу-укуктук жумуштар жана адамдык ресурстарды башкаруу бөлүмүнүн башкы адисинин м.а.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон