Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Улуттук коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу №352 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 966-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1216-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1217-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 222 "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-берененин экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди сактоо;".
2. 6-беренедеги "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган" деген сөздөр ", ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы
Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт, буга ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган, улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти сактоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо учурлары кирбейт. Жеке адамдар жана юридикалык жактар улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелгендиги жаатында түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча ушундай түшүндүрмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө берилет.".
4. 9-берененин он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу.".
5. 10 жана 11-беренелер төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Улуттук коопсуздук тутумунда мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсү
Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешин жетектейт;
- мыйзамдар аркылуу аныкталган компетенциясынын чегинде, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалган же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулган учурда жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоо, согуш абалын жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана андан ары бул маселелерди кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
- конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизип, андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
- улуттук коопсуздук тармагындагы мыйзамдарды жөнгө салат;
- улуттук коопсуздук тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
- конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;
- согуш жана тынчтык; согуш абалын киргизүү; согуш абалын жарыялоо; ушул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;
- тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы болгон учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда анын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;
- улуттук коопсуздук тармагындагы бюджетти карайт жана кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу мүмкүнчүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды көрөт жана алардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылат;
- улуттук коопсуздук тармагындагы мамилелерди регламенттештирген мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдарын жетектейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
11-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары
Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүгөт. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Куралдуу Күчтөрдү, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, бажы жана салык органдарын, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдарды;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматтарын, жарандык коргонуу бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн, ички аскерлерди;
- өнөр жайда, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылган органдарды.
Өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды колдонушкан улуттук коопсуздук, ички иштер органдары, мамлекеттик бийликтин башка органдары өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана аракеттенишет.".
6. III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
7. 20-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга контролдук
Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу.".
8. 21-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүргүзөт" деген сөздөр "прокуратура органдары жүргүзөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 5-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун принциптери Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: [- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин сактоо;] - адамдын негизги укуктары менен эркиндигин урматтоо; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына карата улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тутумунун биримдиги, өз ара байланышы жана шайкештиги; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун саясий жана экономикалык чараларынын артыкчылыктуулугу; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги; - коопсуздуктун эл аралык тутумдары менен интеграция; - мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жасаган иш-аракеттери тууралу маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, буга мындай ачыктык жана жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарына залакасын тийгизиши мүмкүн болгон учурлар кирбейт. | 5-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун принциптери Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН ЖАНА БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ САКТОО; - адамдын негизги укуктары менен эркиндигин урматтоо; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына карата улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын тутумунун биримдиги, өз ара байланышы жана шайкештиги; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун саясий жана экономикалык чараларынын артыкчылыктуулугу; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инсандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара жоопкерчилиги; - коопсуздуктун эл аралык тутумдары менен интеграция; - мамлекеттик бийлик органдарынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жасаган иш-аракеттери тууралу маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, буга мындай ачыктык жана жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарына залакасын тийгизиши мүмкүн болгон учурлар кирбейт. |
| 6-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизи Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынган улуттук коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, [Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер менен макулдашуулар] түзөт. | 6-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизи Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынган улуттук коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШКАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН МАКУЛДАШУУЛАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУН ЖАЛПЫГА ТААНЫЛГАН ПРИНЦИПТЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ түзөт. |
| [7-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда жарандардын укуктары менен эркиндигин сактоо Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамда тикеден-тике каралган учурларды кошпогондо, жарандардын укуктары менен эркиндигин чектөөгө жол берилбейт. Жарандар, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер алардын укуктары менен эркиндигин чектөө боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылган органдардан түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Алардын талабы боюнча мындай түшүндүрмөлөр мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө берилет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштин жүрүшүндө өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.] | 7-берене. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУДА АДАМ ЖАНА ЖАРАН УКУКТАРЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИН ЧЕКТӨӨГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ, УШУЛ МЫЙЗАМДА ЖАНА БАШКА МЫЙЗАМДАРДА КӨРСӨТҮЛГӨН, УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КОРГОО, КООМДУК ТАРТИПТИ САКТОО, КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУН ЖАНА АДЕП-АХЛАГЫН КОРГОО, БАШКА АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИН КОРГОО УЧУРЛАРДА ЧЕКТЕЛИШИ МҮМКҮН. ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛГАН ОРГАНДАРДАН ӨЗДӨРҮНҮН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН ЧЕКТЕЛГЕНДИГИ ЖААТЫНДА ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРДҮ АЛУУГА УКУКТУУ. АЛАРДЫН ТАЛАБЫ БОЮНЧА УШУНДАЙ ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР МЫЙЗАМДА АНЫКТАЛГАН МӨӨНӨТТӨ КАТ ЖҮЗҮНДӨ БЕРИЛЕТ. |
| 9-статья. Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши болуп төмөнкүлөр саналат: - улуттук коопсуздуктун объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы коркунучтарды табуу жана болжолдоо, алардын алдын алуу жана зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу; - Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу; - жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын түзүү жана аларды даярдыкта күтүү; - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү; - улуттар ортосунда өз ара шайкеш мамилелерди калыптандыруу, укук тартибин, коомдун жана мамлекеттин социалдык-саясий турукташуусун калыптандыруу; - коңшулаш, ошондой эле башка мамлекеттер менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу; - күн сайынкы демейки шарттарда жана өзгөчө жагдайларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын башкаруу; - өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун натыйжасында жапа чеккен региондордо улуттук коопсуздук объекттеринин кадимкидей иштөөсүн калыбына келтирүү боюнча чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу; [- Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүү жана анын дүйнөлүк экономикага шайкеш интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;] - Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу. | 9-статья. Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши Улуттук коопсуздук тутумунун негизги иши болуп төмөнкүлөр саналат: - улуттук коопсуздуктун объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы коркунучтарды табуу жана болжолдоо, алардын алдын алуу жана зыянсыздоо боюнча кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу; - Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу; - жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын түзүү жана аларды даярдыкта күтүү; - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды түзүү жана өркүндөтүү; - улуттар ортосунда өз ара шайкеш мамилелерди калыптандыруу, укук тартибин, коомдун жана мамлекеттин социалдык-саясий турукташуусун калыптандыруу; - коңшулаш, ошондой эле башка мамлекеттер менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу; - күн сайынкы демейки шарттарда жана өзгөчө жагдайларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу күчтөрү менен каражаттарын башкаруу; - өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунун натыйжасында жапа чеккен региондордо улуттук коопсуздук объекттеринин кадимкидей иштөөсүн калыбына келтирүү боюнча чаралардын тутумун жүзөгө ашыруу; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЖАНА МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ЫЛАЙЫК КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫДА КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУ - Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу. |
| [10-статья. Улуттук коопсуздук тутумундагы мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара иш-аракети Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара иш-аракетинин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Президенти: - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдарга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, алардын макулдашып иштешин жана эриш-аркак аракеттенүүсүн камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт; - улуттук коопсуздуктун концепциясын кабыл алат; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын бекитет жана алардын ишке ашырылышына контролдук кылат; - мыйзамда белгиленген компетенциянын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чечимдерди кабыл алат; - мыйзамга ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдарын түзөт, өзгөртүп түзөт жана жоет; - мыйзамда каралган негиздер болгондо Кыргыз Республикасынын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизет, бул тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине дароо кабарлайт; - өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча указдарды чыгарат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши: - улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдык жактан жөнгө салууну жүзөгө ашырат; - улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат; - мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абалды киргизет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым бир жерде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө указдарын бекитет же жокко чыгарат; - улуттук коопсуздук чөйрөсүндө бюджетти карайт жана кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат; - компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик органдарына жетекчиликти жүзөгө ашырат; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун мамлекеттик программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат; - өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; - өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары: - өзүнүн компетенциясынын чегинде, колдонуудагы мыйзамдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык улуттук коопсуздуктун объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоонун мамлекеттик программаларын ишке ашырууну камсыз кылышат; - ушул Мыйзамдын негизинде өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ведомстволук ички нускамаларды (жоболорду) иштеп чыгышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна беришет; - жарандарды, коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизишет. Сот органдары: - Кыргыз Республикасындагы конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылышат, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна кол салган кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырышат; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерге байланыштуу укуктары бузулган жарандарды, коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелерди сот тарабынан коргоону камсыз кылышат.] | 10-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТУТУМУНДА МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ ИНСАНДЫН, КООМДУН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮНҮН НЕГИЗИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ: - МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛГӨН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО КЕҢЕШИН ЖЕТЕКТЕЙТ; - МЫЙЗАМДАР АРКЫЛУУ АНЫКТАЛГАН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ ӨЛКӨНҮН УЛУТТУК КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ МАКСАТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА БАСКЫНЧЫЛЫК ЖАСАЛГАН ЖЕ ТҮЗДӨН-ТҮЗ БАСКЫНЧЫЛЫК КОРКУНУЧУ ТУУЛГАН УЧУРДА ЖАЛПЫ ЖЕ ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ МОБИЛИЗАЦИЯЛООНУ, СОГУШ АБАЛЫН ЖАРЫЯЛАЙТ ЖАНА АНДАН АРЫ БУЛ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КАРООСУНА КИРГИЗЕТ; - КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН НЕГИЗДЕР БОЛГОН УЧУРДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛДЫ КИРГИЗҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТЕТ, АЛ ЭМИ ЗАРЫЛ БОЛГОНДО АНЫ АЙРЫМ ЖЕРЛЕРДЕ АЛДЫН-АЛА ЖАРЫЯЛАБАЙ ТУРУП КИРГИЗЕТ, УШУЛ ТУУРАСЫНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТОКТООСУЗ БИЛДИРЕТ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ: - УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ МЫЙЗАМДАРДЫ ЖӨНГӨ САЛАТ; - УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ МЫЙЗАМДАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛДҮК ЖҮРГҮЗӨТ; - КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН УЧУРЛАРДА ЖАНА ТАРТИПТЕ ӨЗГӨЧӨ АБАЛДЫ КИРГИЗЕТ; УШУЛ МАСЕЛЕ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫКТАРЫН БЕКИТЕТ ЖЕ ЖОККО ЧЫГАРАТ; - СОГУШ ЖАНА ТЫНЧТЫК; СОГУШ АБАЛЫН КИРГИЗҮҮ; СОГУШ АБАЛЫН ЖАРЫЯЛОО; УШУЛ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТНН ЖАРЛЫКТАРЫН БЕКИТҮҮ ЖЕ ЖОККО ЧЫГАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ЧЕЧЕТ; - ТЫНЧТЫКТЫ ЖАНА КООПСУЗДУКТУ САКТОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИН АТКАРУУ ЗАРЫЛДЫГЫ БОЛГОН УЧУРДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕГИНЕН ТЫШКАРЫДА АНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮН КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ МАСЕЛЕНИ ЧЕЧЕТ; - УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ БЮДЖЕТТИ КАРАЙТ ЖАНА КАБЫЛ АЛАТ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ: - МАМЛЕКЕТТИК ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫКТЫ, ТЕРРИТОРИЯЛЫК БҮТҮНДҮКТҮ, КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮ КОРГОО БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОРГОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН, УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК ТАРТИБИН ЧЫҢДОО БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ КӨРӨТ ЖАНА АЛАРДЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛАТ; - УЛУТТУК КООПСУЗДУК ТАРМАГЫНДАГЫ МАМИЛЕЛЕРДИ РЕГЛАМЕНТТЕШТИРГЕН МЫЙЗАМДАРДЫН ЖАНА БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛАТ; - ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУНУН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫН ЖЕТЕКТЕЙТ; - ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КАБЫЛ АЛАТ. |
| [11-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана өнүктүрүлөт. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун күчтөрү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - Куралдуу Күчтөрдү, чек ара кызматынын, коопсуздук, ички иштер, бажы жана салык кызматтарынын органдарын, мамлекеттик күзөттү, Улуттук гвардияны; - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу кызматын, жарандык коргонуунун, ички аскер бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн; - өнөр жайында, энергетикада, транспортто жана айыл чарбасында коопсуз иш жүргүзүүнү камсыз кылуучу органдарды; - байланыш жана маалымат каражаттарынын, бажынын коопсуздугун камсыз кылуучу кызматтардын, жаратылышты коргоо органдарынын, калктын саламаттыгын сактоо органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеген коопсуздукту камсыз кылуунун башка мамлекеттик органдарын. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын өзүнүн ишинде атайын күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануучу кызматтары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракет кылышат. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын жетекчилери өздөрүнүн ишинин белгиленген тартибин бузгандыктары үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат. | 11-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ КҮЧТӨРҮ ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ КҮЧТӨРҮ ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛӨТ ЖАНА ӨНҮГӨТ. УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ КҮЧТӨРҮ ӨЗҮНӨ ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ КАМТЫЙТ: - ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ МИЛДЕТТЕРИНИН АЛКАГЫНДА УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ТУТУМУНА ТАРТЫЛГАН КУРАЛДУУ КҮЧТӨР, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ, БАЖЫ ЖАНА САЛЫК ОРГАНДАРЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР; - ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ КЫЗМАТТАРЫ, ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА БӨЛҮНҮШТӨРҮ, ИЧКИ АСКЕРЛЕР; - ӨНӨР ЖАЙЫНДА, ЭНЕРГЕТИКАДА, ТРАНСПОРТТО ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА ИШТЕРДИН КООПСУЗ ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮН КАМСЫЗ КЫЛГАН ОРГАНДАР. ӨЗҮНҮН ИШИНДЕ АТАЙЫН КҮЧТӨРДҮ ЖАНА КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУШКАН УЛУТТУК КООПСУЗДУК, ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ, МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИКТИН БАШКА ОРГАНДАРЫ ӨЗДӨРҮНҮН ЫЙГАРЫМ МИЛДЕТТЕРИНИН ЧЕГИНДЕ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК ГАНА АРАКЕТЕНИШЕТ. |
| [III Бөлүм Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши 12-статья. Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин статусу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоону жүзөгө ашыруучу конституциялык консультациялык орган болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ички жана тышкы саясат маселелерин, коопсуздуктун мамлекеттик, экономикалык, коомдук, коргонуу, маалыматтык, экологиялык жана башка түрлөрүнүн стратегиялык проблемаларын, калктын саламаттыгын сактоону, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону, болтурбоону жана алардын кесепеттерин жоюуну, турукташууну жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын коргоого алынышынын абалынын маселелерин карайт. 13-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобонун негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынан, катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына мүчө болуп киришет. Каралып жаткан маселенин мазмунуна жараша Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши консультанттар укугунда башка адамдарды заседаниеге катышууга тарта алат. 14-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо жана коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунучтарды табуу; - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана аны камсыз кылуунун мамлекеттик программаларын даярдоону уюштуруу; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ички жана тышкы саясат маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо; - социалдык-саясий, экономикалык, аскердик, экологиялык жана башка олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча жана аларды жоюуну уюштуруу боюнча кечиктирилгис чечимдерди даярдоо; - өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун жүрүшүндө аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү; - инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу иштеп жаткан органдарды реформалоо же жаңы органдарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумун өркүндөтүү. 15-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши чечимдерди кабыл алышынын тартиби Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин иши анын төрагасы бекиткен план боюнча жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин заседаниеси зарылчылыкка жараша, бирок үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын иш процесстеринде жана чечимдерди даярдоодо бирдей укуктарга ээ болушат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдери анын заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет. Коопсуздук кеңешинин коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдери Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен жол-жоболоштурулат. 16-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппараты Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жетектеген анын аппараты жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын түзүмү жана штаттык тизмеси, ошондой эле анын бөлүмдөрү жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы тарабынан бекитилет. 17-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин комиссиялары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши өзүнүн ишинин негизги милдеттерине ылайык туруктуу комиссияларды түзөт, алар иш-милдети же региондук негизде түзүлүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу, коомдо жана мамлекетте турукташуунун жана укук тартибин камсыз кылуунун айрым проблемалары, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти беките турган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жобосу менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими менен туруктуу жана убактылуу комиссияларды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, алардын орун басарлары же буга Кыргыз Республикасынын Президентинен ыйгарым укук алган адамдары башкарышы мүмкүн. 18-статья. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын жана комиссияларынын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппаратына жана комиссияларына төмөнкүдөй иштер жүктөлөт: - улуттук коопсуздук объекттеринин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына жасалган ички жана тышкы коркунучтарга баа берүү коркунуч булактарын табуу; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун абалына таасир берүүчү ички жана тышкы шарттардын өзгөрүшүнө илимий жактан негизделген болжолдоолорду даярдоо; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана координациялоо жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тутумунун иши жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо жана аларды иргөө, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине анын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдоо; - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын долбоорлорун даярдоо.] | III бөлүк күчүн жоготту деп табылсын. |
| [20-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишке контроль Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишине контролду жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын коомдук жана башка бирикмелери менен уюмдары, жарандары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын иши жөнүндө маалымат алууга укуктуу болушат. | 20-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ИШКЕ КӨЗӨМӨЛДҮК ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ЖАНА КАРАЛГАН ТАРТИПТЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ОРГАНДАРЫНЫН ИШИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛУУГА УКУКТУУ. |
| 21-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү [Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор жүзөгө ашырат.] | 21-статья. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫ ЖҮРГҮЗӨТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы №1217-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын…Постановление · 21.10.2011 · № 1217-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-сентябры № 966-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 08.09.2011 · № 966-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы №1216-V "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.10.2011 · № 1216-V
Шилтеме берет (4)
- Улуттук коопсуздук жөнүндөЗакон · 26.02.2003 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 25.11.2011 · № 222
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон