# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №349 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №349 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16520/edition/965279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №349 "Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95076

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-июлу №349 Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир айлык мөөнөттө анын базасында Жарандык коргонуу түзүмдөрү түзүлүүчү уюмдардын тизмесин иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 5-июлундагы №54 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
