# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95074>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16518/edition/503018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95074.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы №347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95074

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-июну №347 Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык) Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы "Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде жана башка мамлекеттердин аскердик-окуу жайларында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн аскердик кадрларды даярдоо маселелери жөнүндө" № 460 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
