# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы №345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы №345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16516/edition/944625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы №345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтому (18.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95072

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомдорунун редакциясына ылайык) 2011-жылдын 28-июну №345 Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасында оорулардын алдын алуу маселелерин жана сергек жашоо мүнөзүнүн принциптерин жайылтуу боюнча калкка жеткиликтүү маалымдоо мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу, ошондой эле журналисттердин чыгармачылык ишине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүлсүн.

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин учурдагы жылга каралган каражаттарынын чегинде өткөрүлсүн жана кийинки жылдарга бюджетти түзүүдө финансылык каражаттар каралсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча Конкурстук комиссия конкурстук жылдын натыйжалары боюнча конкурстун жыйынтыктарын учурдагы жылдын 20-январынан кеч эмес чыгарары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы№345 токтому менен бекитилген

Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри, Конкурстук комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча).
