Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 апреля 2019 года № 181 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере физической культуры и спорта"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-18.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомдорунун редакциясына ылайык) 2011-жылдын 28-июну №345 Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасында оорулардын алдын алуу маселелерин жана сергек жашоо мүнөзүнүн принциптерин жайылтуу боюнча калкка жеткиликтүү маалымдоо мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу, ошондой эле журналисттердин чыгармачылык ишине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүлсүн.
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо;
- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин учурдагы жылга каралган каражаттарынын чегинде өткөрүлсүн жана кийинки жылдарга бюджетти түзүүдө финансылык каражаттар каралсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча Конкурстук комиссия конкурстук жылдын натыйжалары боюнча конкурстун жыйынтыктарын учурдагы жылдын 20-январынан кеч эмес чыгарары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы№345 токтому менен бекитилген
Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри, Конкурстук комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2019 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы №345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана…Положение · 28.06.2011 · № 345 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 токтомуПостановление · 18.04.2019 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын…Постановление · 15.05.2017 · № 277 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2019 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын…Постановление · 15.05.2017 · № 277 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.