# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы № 572 "Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы № 572 "Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16514/edition/380526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы № 572 "Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95070

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 24-июну №343 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы № 572 "Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы №572 "Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген уруктары "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен корголуучу Өсүмдүктөрдүн ботаникалык тектеринин жана түрлөрүнүн тизмеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн бардык тектерине жана түрлөрүнө укуктук коргоо берилгендиги жөнүндө Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союзга (ЦРОУ) билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 28-июнунда № 50 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
