# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95066>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16510/edition/1157524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" токтому (10.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95066

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-июну № 300 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорлорун кезексиз тартипте кечиктирилгис катары кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-берененин 1-бөлүгүндөгү "бажы чегарасы" деген сөздөр "бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 9-беренедеги:

- 13-пунктчанын экинчи абзацындагы "бажы контролу астында турган" деген сөздөрдөн кийин "(бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, убактылуу ташып кирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарына (зоналарынан) өтүп жаткан товарлар)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 31-пунктчадагы "борбордук аппаратынын тиешелүү бөлүмчөлөрү" деген сөздөр "борбордук аппарат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 36-пунктча күчүн жоготту деп табылсын.

3. 2-глава төмөнкү редакцияда берилсин:

"2-Глава Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу

11-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу иштер

1. Ата-мекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы брокерлеринин реестрине киргизилген шартта жол берилет.

2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри ушул Кодексте аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дайыма, үч айда бир жолудан кем эмес өзүнүн расмий басылмаларында бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрлерин жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.

12-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тартиби

1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жактын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кодекстин 13-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу түрүндөгү арызын берүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Арызга ушул Кодекстин 14-беренесинде каралган, түп нуска же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн түрдө берилиши мүмкүн болгон документтер тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу. Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде акысыз негизде жүргүзүлөт.

13-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтар

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу арыз төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл:

1) юридикалык жактар үчүн:

арыз берүүчүнүн аталышы тууралуу, уюштуруу-укуктук формасы тууралуу, жайгашкан жери тууралуу, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү тууралуу маалыматтарды; өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтарды.

2) жеке ишкерлер үчүн:

аталышы тууралуу, жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды; өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтарды.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

- убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын тиби тууралуу маалыматтарды, ошондой эле жабык типтеги кампа түзүлгөн учурда негиздемени;

- арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар тууралуу маалыматтар, алардын жайгашкан жери, жабдылышы, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы тууралуу маалыматтарды;

2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

- арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды;

3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондук алкагында айрым бажы операцияларын жүргүзүү, болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүзөгө ашырууга ниети жөнүндө маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан бөлүнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан бөлүнгөн ар бир ачык аянтчага бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу өзүнчө арыз берилет.

14-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеси

1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- юридикалык жактар үчүн:

уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү; жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; банктык эсептердин ачылгандыгы тууралуу документтер; ушул Кодекстин 15-беренесине ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер;

- жеке ишкерлер үчүн:

жеке ишкер катары катталуусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; паспорттун көчүрмөсү; ушул Кодекстин 15-беренесине ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер.

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштыруу үчүн аймак (аянт) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер;

- мыйзамдарга ылайык укуктарды жана кыймылсыз мүлккө карата түйшүккө салуу (чектөө) укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу документтер;

- ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ;

2) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда:

- алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштыруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;

- мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоосу;

- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;

- мыйзамдарга ылайык укуктарды жана кыймылсыз мүлккө карата түйшүккө салуу (чектөө) укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу документтер;

- ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ;

3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- арыз берүүчүнүн жумушчусу болгон бажылык тариздөө боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрү;

- бажылык тариздөө боюнча адис катары жумушка кабыл алуу тууралуу эмгек мамилелерин жөнгө салган документ жана (же) жактын бажылык тариздөө боюнча адис катары чыгуу ыйгарым укуктарын ырастаган документ;

- арыз берүүчү ишин жүргүзүүнү каалаган ар бир региондо бажылык тариздөө боюнча адистеринин бардыгы тууралуу документ. Эгер жак региондор боюнча эч кандай чектөөсү жок иш жүргүзүүнү пландап жатса, бул учурда, бажы брокери катары өз ишин жүргүзүүнү пландап жаткан жеке ишкерлерден тышкары, арыз берилген күнгө карата арыз берүүчү бажы брокери катары өз ишин жүргүзүүнү пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар берилет;

- ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ.

15-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары

1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-беренелери);

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштыруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды колдонуу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилгенден тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы органдарынын бажы контролунун астында турган товарларды эсепке алуу жана контролдоо маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;

2) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда:

- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-беренеси);

- алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштыруу үчүн жайларды колдонуу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилгенден тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген бажы контролундагы товарларды эсепке алуу жана контролдоо маалымат тутумдарын колдонуу;

3) бажы брокери катары:

- штатында квалификациялык күбөлүк алган бажылык тариздөө боюнча бирден кем эмес адисинин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-беренелери);

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу.

2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү мөөнөтү 3 жылдан кем эмес убакытты түзөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү тууралуу чечими тийиштүү арыз берген жакка карата гана колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иш жүргүзүү милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.

16-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү (киргизүүдөн баш тартуу) тууралуу чечим

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн:

1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) ушул Кодекстин 15-беренесинде каралган шарттар арыз берүүчү тарабынан сакталбаса.

Ушул пункттун 2 жана 3-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер арыз берүүчү тарабынан жоюлган учурда арыз жалпы негизде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн аралыгында кабарлоого милдеттүү.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу формасында жиберилет (колуна берилет).

3. Ыйгарым укуктуу органдын бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Кодекстин XIV бөлүгүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

17-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтотуу жана чакыртып алуу

1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын бир жолу, чоң зыян алып келбеген укук бузуусу, ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды аткарбагандыгы үчүн бул жакка жазуу түрүндөгү эскертүү берилет.

2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык жазуу түрүндөгү эскертүү алган жак ушул Кодекстин талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим үч айлык мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн.

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотууга негиз болгон себептер жоюлгандан кийин калыбына келтирилет. Чечимдин колдонулушу токтотулган убакыттын аралыгында:

- товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга болбойт;

- бажы органынын уруксаты менен товарлардын сактыгын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операциялардан тышкары, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө болбойт;

- бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатып өткөрүүгө тыюу салынат.

3. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда:

- кампанын ээси эки же андан көп жолу бажы иши чөйрөсүндө администрациялык укук бузуу жасаса;

- соттун чечими боюнча;

- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;

- мыйзамда белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу кампанын ээсинин арызы боюнча;

2) бажы брокери катары иш жүргүзүүдө:

- эгер буга чейин ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар көрүлгөн болсо, бажы брокеринин милдеттерин аткарбай коюуда;

- эгер буга чейин ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар көрүлгөн болсо, бажы брокери бажы жол-жоболорун жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда;

- бажы брокери тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалса;

- соттун чечими боюнча;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу бажы брокеринин арызы боюнча;

- атынан чыккан жактарга зыян келтирсе, анын ичинде бар экендиги мыйзам менен белгиленген тартипте далилденген, коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирсе;

- бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;

- квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызматын пайдаланса, анын ичинде, эгер мөөнөтү аяктагандыгына, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажырагандыгына байланыштуу квалификациялык күбөлүк чакыртылып алынса же анын колдонуусу токтотулса;

3) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда:

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаса;

- соттун чечими боюнча;

- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса;

- аталган чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- чечимди чакыртып алуу тууралуу алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин арызы.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып чакыртып алуу колдонулуп баштайт.

Чакыртып алуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага карата мындай чечим кабыл алынган жакты мындай чечимдин негиздүү жүйөөлөрү менен жазуу формасында ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат аркылуу же ал чечимди алган факттын жана күнүн тастыктаган башка ыкма менен берилет. Эгер аталган жактар бул чечимди алуудан качса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Чакыртып алуу тууралуу чечим менен жакты кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшырган күн эсептелет.

5. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине кайталап киргизүү тууралуу арыз чакыртып алууга негиз болгон себептер жоюлган шарт менен чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн бир жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн.

18-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатындагы жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди кайра тариздөө

Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын анын уюштуруу-укуктук формасынын өзгөрүүсүнө алып келбеген аталышы же жайгашкан жери өзгөргөн учурда, ал жак аталган маалыматтар тастыкталган тийиштүү документтерди тиркеп, бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди кайра карап чыгуу тууралуу арыз бериши керек. Чечим кайра таризделип жатканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Муну менен буга чейин берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт. Кайра тариздөө учурунда, чечим алынганга чейин бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, мурда кабыл алынган чечимдин негизинде иш жүргүзөт. Чечимди кайра тариздөө тууралуу арыз арыз берүүчү тарабынан кайра тариздөөгө негиз болгон жагдайлар ишке ашкан күндөн тартып беш күндүн аралыгында берилет. Чечимди кайра тариздөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын тийиштүү арызын жана документтерди берген күнүнөн тартып беш күндүн аралыгында жүзөгө ашырылат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактан ушул беренеде каралган негиздерден тышкары кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.

19-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестриндеги маалыматтар таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсуна жайгаштырылат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринде камтылган маалыматтарды мезгил-мезгили менен массалык маалымат каражаттарына жарыялоого уруксат берилет. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдердин тизмеси жана күнү тууралуу;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу мурда берилген чечимдердин колдонуусун токтотуу тууралуу;

- бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги тууралуу;

- убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана алымсыз соода дүкөнү жайгашкан жер тууралуу;

- бажы брокеринин өзүнчө түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмеси жана жайгашкан жери тууралуу;

- бажы брокеринин штатында турган бажылык тариздөө боюнча адистер тууралуу.

Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып беш күндөн ашпоосу керек.".

4. 22-беренедеги:

2-бөлүктөгү "жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана анын" деген сөздөр "жүзөгө ашырууда бажы органдары жана алардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттагы "Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Бажы органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 35-берене:

2-бөлүктөгү "эсептешүү көрсөткүчүнөн 250" деген сөздөр жана сандар "эсептешүү көрсөткүчүнөн 2500" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын; 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген бажы алымдарынын ставкаларын, салыктарды жана (же) тыюу салуу менен чектөөлөрдү колдонууга таасир этүүчү товарлар өндүрүлгөн өлкө тууралуу билдирилген маалыматтардын так эместигинин белгилери табылганда бажы органдары товар өндүрүлгөн өлкөнү тастыктаган документти берүүнү талап кылууга укуктуу.";

6. 51-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ички бажы транзити жол-жобосун колдонууда, бажы максаттары үчүн бажы органдары тарабынан ачылганы көрүнүп кала турган белги калтыруусуз ичиндеги товарлардын жана транспорт каражаттарынын коммерциялык жана товар коштоочу документтерин алып коюу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын коргоочу аспап болгон, идентификация каражаты катары сейф-пакети колдонулат.".

7. 52-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

8. 53-1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "транспорт каражаттарын коштоо" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде электрондук каражаттарды колдонуу менен)" деген сөздөр менен толукталсын.

9. 8-глава күчүн жоготту деп таанылсын.

10. 77-берене төмөнкү редакцияда берилсин:

"77-берене. Убактылуу сактоо кампасын жоюу

1. Убактылуу сактоо кампасы ушул Кодекстин 17-беренесине ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси катары жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим чакыртылып алынганда же колдонуу мөөнөтү аяктаганда жоюлат.

2. Убактылуу сактоо кампасын жоюуда анда сакталып жаткан товарлар убактылуу сактоо кампасынын ээлери катары жактарды реестрге киргизүү тууралуу чечимди чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган же колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которулат.".

11. 81-берене төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы режимин белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".

12. 102-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү эрежелерин сактоого;".

13. 104-берене күчүн жоготту деп табылсын.

14. 111-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Алымсыз соода дүкөнү алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү тууралуу чечимди чакыртып алууда, колдонуу мөөнөтү аяктаганда жоюлат.".

15. 220-берененин 1-бөлүгүндөгү "учурдан тартып жана" деген сөздөр "учурдан тартып жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. 223-берененин 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

"4. Бажы наркын билдирүү, контролдоо жана корректировкалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".

17. 242-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Бажы төлөмдөрү төмөнкү учурларда төлөнөт:

- бажы декларациясын бергенге чейин же аны менен бирге;

- бажы режими өзгөргөндө;

- ушул Кодекстин 245-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган учурда.".

18. 243-берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Бажы төлөмдөрүн эсептөө жана корректировкалоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".

19. 245-беренедеги:

1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кыла турган шартта бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртө алат:

1) 30 күнгө чейин;

2) ушул Кодекстин 246-беренесинде белгиленген негиздер бар болсо 90 күнгө чейин.";

4-пункттун биринчи сүйлөмү алынып салынсын; 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

20. 248-беренедеги "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдүн алдына "Ушул Кодекстин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык" деген сөздөр коюлуп толукталсын.

21. 252-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана бажы ташуучусу" деген сөздөр алынып салынсын:

22. 37-глава төмөнкү мазмундагы 266-1-беренеси менен толукталсын:

"266-1-берене. Бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу

1. Бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) эгер бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча талап (261-берене) аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн же ушул Кодекске ылайык жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдетин алып келген окуя болгон күндөн тартып үч жылдын аралыгында коюлбаса;

2) укук мураскери же мураскери жок болгон учурда жеке адам өлгөндө;

3) жеке адам дайынсыз жок же жөндөмсүз деп табылганда, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте юридикалык жак ишин токтоткондо.

2. Бажы жана салык мыйзамдары менен каралган бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.".

23. 280-берененин 2-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

24. 292-берене төмөнкү редакцияда берилсин:

"292-берене. Алдын ала декларациялоо

1. Бажы декларациясы чет элдик товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же эгер декларант товарларды бажылык тариздөө үчүн зарыл болгон документтерди берсе ички бажы транзити аяктаганга чейин (275-берене) берилиши мүмкүн.

2. Эгер бажы максатында товар коштогон транспорттук же коммерциялык документтер колдонулушу керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн ал документтердин же документтердеги маалыматтардын көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда аталган маалыматтарды документтердин түп нускасындагы маалыматтар менен салыштырат.

3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажы декларациясында товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болуусу мүмкүн.

Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынганга чейин бажы декларациясына киргизилиши керек.

4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде буга чейин билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, милдеттүү түрдө баасы, саны же салмагы өзгөргөнүн ырастаган документ берилет.

5. Эгер Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып келүүдөн кийин декларант буга чейин билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда дал келбөөнү тапса, декларант ушул Кодекстин 192-беренесинде каралган тартипте бажы декларациясын чакыртып алууга укуктуу.

6. Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде товарларды көрсөтпөсө же бул мөөнөттүн аралыгында товарларга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары өзгөрүп кетсе, бажы декларациясы берилген жок деп эсептелинет.

7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүү аяктагандан кийин бажы декларациясы товарларга карата алдын ала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон жалгыз документ катары колдонула алат.".

25. 307-беренедеги "аттестатын" деген сөз "күбөлүгүн" деген сөз менен алмаштырылсын.

26. 308-берененин аталышы жана бардык тексти боюнча "Квалификациялык аттестат" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Квалификациялык күбөлүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

27. 309-берененин төртүнчү абзацындагы "бажы брокери, бажы жүктөрүн ташуучу катарындагы жактардын, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода кылуучу дүкөндөрдүн ээлеринин" деген сөздөр "бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

28. 313-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кошкондо жактардын өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишти жүргүзүүсү, товарларды, транспорт каражаттарын бажы контролунун зоналарынын чек аралары аркылуу жана анын чегинде өткөрүүсү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген учурлардан тышкары бажы органдарынын уруксаты менен жана алардын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт".

29. 315-берененин 2-бөлүгүндөгү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) электрондук формада" деген сөздөр менен толукталсын.

30. 323-берененин 4-бөлүгү төмөнкү мазмунда берилсин:

"4. Аудит усулун колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү товарлар отуз жумушчу күнүнөн ашык узакка боло албаган, бажы контролундагы статусун жоготкон күндөн тартып бир жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.".

31. 334-берененин 1-бөлүгүндөгү "Финансы министрлигинин нускамасы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

32. 387-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Бажы органдары "Кыргыз Республикасындагы изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу."

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 1-берененин 1-пункту: 1. Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы (мындан ары - бажы чегарасы) аркылуу өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат. | 1-берененин 1-пункту: 1. Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын \[бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар\] (мындан ары - бажы чегарасы) аркылуу өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат. |
| 2 | 9-берененин 13-пунктчасынын 2-абзацы: - эгерде товарларды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү ата мекендик жак менен тышкы экономикалык бүтүм түзбөстөн жүргүзүлгөндө, бажы контролу астында турган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу жана (же) ээлик кылуу укугу бар жак; | 9-берененин 13-пунктчасынын 2-абзацы: - эгерде товарларды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү ата мекендик жак менен тышкы экономикалык бүтүм түзбөстөн жүргүзүлгөндө, бажы контролу астында турган \[(бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, убактылуу ташып кирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарына (зоналарынан) өтүп жаткан товарлар)\] товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу жана (же) ээлик кылуу укугу бар жак; |
| 3 | 9-берененин 31-пункту: бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын \[борбордук аппаратынын тиешелүү бөлүмчөлөрү,\] бажы жана башка бөлүмчөлөр; | 9-берененин 31-пункту: бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын \[борбордук аппарат,\] бажы жана башка бөлүмчөлөр; |
| 4 | 9-берененин 36-пункту: бажылык жүк ташуучу - бажы контролунда турган товарларды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө бажы органдарынан ушул Кодекске ылайык лицензия алган жак; | 36-пунктча күчүн жоготту деп табылат |
| 5 | 2-глава Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу иштерди лицензиялоо 11-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу иштер 1. Юридикалык жактардын бажы ташуучусу убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлерин алымсыз соода дүкөнүнүн ээлери жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө ушул Кодекске жана "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиясы болгондо жол берилет. 2. Ыйгарым укуктуу орган өздөрүнүн расмий басылмаларында бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүзөгө ашырган адамдардын реестрлерин үч айда бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү. | \[2-глава Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу 11-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу иштер 1. Ата-мекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы брокерлеринин реестрине киргизилген шартта жол берилет. 2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри ушул Кодексте аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дайыма, үч айда бир жолудан кем эмес өзүнүн расмий басылмаларында бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрлерин жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.\] |
| 6 | 12-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнүн тартиби 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнүн тартиби жана ушул главада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленген шарттарда ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат. Лицензияларды берүү "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы төлөө негизинде ишке ашырылат. 2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга ушул главада каралган маалыматтар камтылган кат жүзүндөгү арыз менен кайрылат жана ушул главада белгиленген тизмек боюнча тастыкталган маалыматтарды камтыган документтер тиркелген арызын берет. 3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган документтер мыйзам тартибинде белгиленгендей күбөлөндүрүлгөн түп нуска же көчүрмөлөр түрүндө берилиши мүмкүн. Арыздар каралып бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө анын талабы боюнча берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү. Арызды карап жаткан ыйгарым укуктуу орган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды бекемдөөчү документтерди сурап алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн адамдар суроо талап алынган күндөн тартып, 10 күндүк мөөнөттө суралган документтерди берүүгө милдеттүү. | \[12-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тартиби 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жактын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кодекстин 13-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу түрүндөгү арызын берүү жолу менен жүргүзүлөт. 2. Арызга ушул Кодекстин 14-беренесинде каралган, түп нуска же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн түрдө берилиши мүмкүн болгон документтер тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу. Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү. 3. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде акысыз негизде жүргүзүлөт.\] |
| 7 | 13-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз берүүнүн тартиби 1. Ушул Кодекстин 15-статьясында белгиленген шарттарга жооп берген адамдын арызынын негизинде бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүү жүргүзүлөт. 2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр - чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 1) аталышы жөнүндө, уюштуруу-укуктук формасы тууралу, турган жери жөнүндө, ачкан банк эсептери жөнүндө, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү тууралу маалыматтар; 2) өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтар; 3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет: бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырганда: 1) жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды; 2) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда пайдаланууга мүмкүн болгон транспорттук каражаттарды (жалпы саны, техникалык мүнөздөмөсү) жөнүндө, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу транспорт каражаттары (52-статья) жөнүндө маалыматтар; убактылуу сактоо кампасын түзүүдө: 1) убактылуу сактоо кампасынын тиби тууралу, ошондой эле жабык типтеги кампаны түзүү үчүн негизделген маалыматтар; 2) убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган жана арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жайлар жана (же) ачык аянтчалар, алардын турган жери, түзүлүшү, жабдылышы жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы тууралу маалыматтар; - бажы кампасын түзүүдө: 1) бажы кампасынын тиби тууралу маалыматтар, ошондой эле жабык типтеги кампаны түзүү үчүн негиздеме; 2) бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жана арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө, алардын турган жери, түзүлүшү, жабдылышы тууралу жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтар; - алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө: 1) алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлар жөнүндө маалыматтар; алымсыз соода дүкөнүн ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын тастыктоосу; бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда: 1) арыз берген күнгө бажы брокери (өкүлү) катарында өз ишин жүзөгө ашырууну пландаштырган арыз берүүчү аркылуу анын өзгөчөлөнгөн түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн тизмеги жана турган жери бар болгон учурда; 2) тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондук алкагында иштерин же айрым бажы операцияларын жүргүзүү, болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүзөгө ашырууга ниети жөнүндө маалыматтар; 3) арыз берүүчү өз ишин жүргүзүүгө ниеттенген ар бир регион боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адистердин болушу тууралу маалымат. | \[13-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтар Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу арыз төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: 1. юридикалык жактар үчүн: арыз берүүчүнүн аталышы тууралуу, уюштуруу-укуктук формасы тууралуу, жайгашкан жери тууралуу, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү тууралуу маалыматтарды; өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтарды. 2) жеке ишкерлер үчүн: аталышы тууралуу, жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды; өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү жөнүндө, болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегендиги тууралу маалыматтарды. 2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет: 1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө: - убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын тиби тууралуу маалыматтарды, ошондой эле жабык типтеги кампа түзүлгөн учурда негиздемени; - арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар тууралуу маалыматтар, алардын жайгашкан жери, жабдылышы, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы тууралуу маалыматтарды; 2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө: - арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды; 3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда: - Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондук алкагында айрым бажы операцияларын жүргүзүү, болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүзөгө ашырууга ниети жөнүндө маалыматтарды; 3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан бөлүнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан бөлүнгөн ар бир ачык аянтчага бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу өзүнчө арыз берилет.\] |
| 8 | 14-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн арыз берүүдө керектүү документтердин тизмеги 1. Лицензия берүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет: - уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү; - юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - лицензия бергендик үчүн төлөгөн сумманы тактоочу документ; - арыз берүүчүгө салык төлөөчүнүн идентификациялык код (номер) ыйгарылгандыгын документтин көчүрмөсү; - ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну тастыктаган документтер; - банктарда ачылган эсептер жөнүндө тастыктама. Арыз берүүчү арыз берүү учуруна чейин толугу менен төлөнгөн уставдык капиталга ээ болууга милдеттүү. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары арыз берүүчү кошумча төмөнкү документтерди берет: 1) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда: - эгерде иштин мындай түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензияланса, жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия; бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүгү болгон транспорттук каражаттарына ээлик кылуу укугун тастыктоочу документтер; 2) убактылуу сактоо кампасын түзүүдө: - убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга карата менчик ээлик укугун тастыктоочу документтер; 3) бажы кампасын түзүүдө: - бажы кампасы катары пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайларга жана (же) ачык аянтчаларга карата менчик ээлик укугун тастыктаган документтер; 4) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө: - алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга арналган жайларга жана (же) ачык аянтчаларга ээлик кылуу укугун тастыктаган документтер; 5) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда: - кызматкер болуп саналган арыз берүүчүнүн бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адистин квалификациялык аттестаты. 3. Документтер арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик же болбосо расмий тилдерде берилет. Чет өлкөлүк адамдар тарабынан берилген документтер зарыл болгон учурда, мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүдөн көрсөтүлгөн документтердин түп нускасын берүүнү талап кылууга укуктуу. | \[14-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеси 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу арызга төмөнкү документтер тиркелет: - юридикалык жактар үчүн: уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү; жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; банктык эсептердин ачылгандыгы тууралуу документтер; ушул Кодекстин 15-беренесине ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер; - жеке ишкерлер үчүн: жеке ишкер катары катталуусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; паспорттун көчүрмөсү; ушул Кодекстин 15-беренесине ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер. 1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда; - убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери; - убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштыруу үчүн аймак (аянт) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер; - мыйзамдарга ылайык укуктарды жана кыймылсыз мүлккө карата түйшүккө салуу (чектөө) укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу документтер; - ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ; 2) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда: - алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштыруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер; - мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоосу; - алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери; - мыйзамдарга ылайык укуктарды жана кыймылсыз мүлккө карата түйшүккө салуу (чектөө) укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу документтер; - ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ; 3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда: - арыз берүүчүнүн жумушчусу болгон бажылык тариздөө боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрү; - бажылык тариздөө боюнча адис катары жумушка кабыл алуу тууралуу эмгек мамилелерин жөнгө салган документ жана (же) жактын бажылык тариздөө боюнча адис катары чыгуу ыйгарым укуктарын ырастаган документ; - арыз берүүчү ишин жүргүзүүнү каалаган ар бир региондо бажылык тариздөө боюнча адистеринин бардыгы тууралуу документ. Эгер жак региондор боюнча эч кандай чектөөсү жок иш жүргүзүүнү пландап жатса, бул учурда, бажы брокери катары өз ишин жүргүзүүнү пландап жаткан жеке ишкерлерден тышкары, арыз берилген күнгө карата арыз берүүчү бажы брокери катары өз ишин жүргүзүүнү пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар берилет; - ушул Кодекстин 252-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастаган документ.\] |
| 9 | 15-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн шарты 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: - бажы жүгүн ташуучу катары: бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товар ташуу үчүн жарактуу транспорттук каражаттарына ээ болуу. Ушул Кодекстин 52-статьясында аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды жасалгалоого жана жабдууга болгон так талаптар; ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу. - убактылуу сактоо кампасын түзүүдө: 1) убактылуу сактоо кампасы катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын (болушу (70-статья); 2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу; 3) кампада сакталууга коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү. - бажы кампасын түзүүдө: 1) бажы кампасы катары пайдалануу үчүн жарактуу жайлардын болушу (101-статья); 2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу; 3) кампада сакталууга коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү. - алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө: 1) алымсыз соода дүкөнүн түзүү үчүн пайдаланууга жарактуу жайлардын болушу (109-статья); 2) ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу; 3) алымсыз соода дүкөнүндө сатып өткөрүүгө коюла турган товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү. - бажы брокери катары: штатта квалификациялык аттестат алган бажы жагынан жол-жоболоштуруулары боюнча адиске ээ болуу (307, 308-статьялар); ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда милдеттерди аткарууну камсыз кылуу; 2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет. 3. Берилген лицензия ажыратылгыс болуп саналат. 4. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу лицензиялануучу иштин түрү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү камсыздандырууга жатат. | \[15-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда: - убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-беренелери); - убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштыруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды колдонуу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилгенден тартып үч жылдан кем болбоосу керек; - бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу; - бажы органдарынын бажы контролунун астында турган товарларды эсепке алуу жана контролдоо маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу; 2) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда: - алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-беренеси); - алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштыруу үчүн жайларды колдонуу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилгенден тартып үч жылдан кем болбоосу керек; - бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу; - бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген бажы контролундагы товарларды эсепке алуу жана контролдоо маалымат тутумдарын колдонуу; 3) бажы брокери катары: - штатында квалификациялык күбөлүк алган бажылык тариздөө боюнча бирден кем эмес адисинин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-беренелери); - бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу; - бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу. 2. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү мөөнөтү 3 жылдан кем эмес убакытты түзөт. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү тууралуу чечими тийиштүү арыз берген жакка карата гана колдонулат. 4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иш жүргүзүү милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.\] |
| 10 | 16-статья. Лицензия берүү жөнүндө (берүүдөн баш тартуу) чечим. Лицензия берүүдөн баш тартуу 1. Ыйгарым укуктуу орган документтерди кароону кошкондо аны алуу үчүн бардык зарыл документтерди каттаган күндөн тартып, 15 күндөн кеч эмес лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Лицензия, эгерде: 1) арыз берүүчүгө карата ага ошол иштин түрү боюнча иштөөгө тыюу салган соттун чечими болсо; 2) ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер берилбесе; 3) лицензия берүү үчүн төлөөлөр жүргүзүлбөсө; 4) арыз берүүчү лицензия берүүнүн белгиленген шарттарына жооп бербесе берилбейт. Арыз берүүчү ушул пункттун 2, 3, жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн тоскоолдуктарды четтеткен учурда арыз жалпы негизде кайталап төлөөлөрсүз каралат. 2. Лицензия берүүдөн баш тарткан учурда лицензия берүү үчүн төлөөлөр арыз берүүчүгө кайтарылып берилбейт. 3. Лицензия берүүдөн баш тартууларга төмөнкүдөй жүйөөнүн негизинде тыюу салынат: 1) арыз берүүчүгө лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугун берүү максатсыз болгон учурда; 2) рыноктогу жеке ээлик кылуу абалын камсыз кылууда; 3) арыз берүүчүнүн жеке сапаттарына жана иштеген беделине күмөн саноолор болгондо. 4. Ыйгарым укуктуу орган лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралу арыз берүүчүгө тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө кабарлоого милдеттүү. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабар арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө баш тартуунун себептери көрсөтүлүү менен жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат). 5. Лицензия берүүчү ыйгарым укуктуу органдын баш тартуусуна же анын аракетсиздигине арыз берүүчү администрациялык же соттук тартипте арыздануу укугуна ээ. | \[16-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү (киргизүүдөн баш тартуу) тууралуу чечим 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн: 1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе; 2) ушул Кодекстин 15-беренесинде каралган шарттар арыз берүүчү тарабынан сакталбаса. Ушул пункттун 2 жана 3-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер арыз берүүчү тарабынан жоюлган учурда арыз жалпы негизде каралат. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн аралыгында кабарлоого милдеттүү. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу формасында жиберилет (колуна берилет). 3. Ыйгарым укуктуу органдын бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Кодекстин XIV бөлүгүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.\] |
| 11 | 17-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга лицензияны чакыртып алуу жана колдонулушун токтотуу 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы же лицензиянын колдонулушу ушул Кодекстин 52-статьясына ылайык токтотулушу мүмкүн: 1) бажы жүгүн ташуучу катары ишти жүзөгө ашырууда: - бажы жүгүн ташуучусунун милдеттерин бир нече жолу аткарбаганда, анын ичинде товарларды ташуудан негизсиз баш тартууда, жабдылбаган транспорттук каражаттарды пайдаланууда; - бажы жүк ташуучусу ташыган товарларды эсепке алуунун тартибин бузууда; - бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасоодо; - соттун чечими боюнча; - товарларды жөнөтүүчүгө же болбосо аларды алуучуга, анын ичинде сот тарабынан белгиленген жашыруун маалымат болуп эсептелген маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирүүдө; - транспорт ишине же жүк ташууга берилген лицензия кайра алынганда; - бажы жүк ташуучусу кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда. 2) убактылуу сактоо кампасын жана бажы кампасын уюштурууда: - кампанын ээси бажы ишинин чөйрөсүндө көп жолу администрациялык укук бузууларды жасаганда; - соттун чечими боюнча; - кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда. Лицензиянын колдонулушу токтотулган мезгилде товарларды убактылуу сактоо кампасына же бажы кампасына жайгаштырууга жол берилбейт. 3) Алым төлөбөгөн соода дүкөнүн уюштурууда: - алым төлөбөгөн соода дүкөнүнүн ээси бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасаганда; - соттун чечими боюнча; - алым төлөбөгөн соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда. Лицензиянын колдонулушу токтотулган мезгилде алым төлөнбөгөн соода дүкөнүнө товарларды жайгаштырууга жана аларды сатып өткөрүүгө жол берилбейт. Бажы органынын уруксаты менен жасалышы мүмкүн болгон товарларды сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл операциялардан тышкары алым төлөнбөгөн соода дүкөнүнө бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт. 4) Бажы брокери катары иш жүргүзүүдө: - бажы брокерлеринин милдеттерин көп жолу аткарбаса; - бажы брокери бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө товарлардын эсебин алуу тартибин көп жолу бузса; - бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларды көп жолу жасаса; - соттун чечими боюнча; - өкүлү болгон жактарга көп жолу зыян келтирүүдө, анын ичинде сот тарабынан белгиленген коммерциялык сырды түзгөн же жашыруун маалымат болуп эсептелген маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирүү; - бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыялаганда; - квалификациялык аттестаты жок адистин, квалификациялык аттестаты алынып коюлган адистин же соттун өкүмү боюнча квалификациялык аттестатын колдонуу токтотулган болбосо мындай иш жүргүзүү укугунан ажыратылган адистин кызматынан пайдаланганда. Кайра алып коюу ыйгарым укук берилген орган кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Лицензияны кайра алуу жөнүндө чечим ыйгарым укук берилген орган тарабынан өзүнө карата мындай чечим кабыл алынган юридикалык жакка чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен ошол чечимдин жүйөө себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө кабарланат. Аталган чечим юридикалык жактын жетекчисине же башка ыйгарым укук берилген өкүлүнө кол койдуруп алуу менен же бул чечимди кабыл алуунун фактысын жана датасын тастыктаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде аталган адамдар аталган чечимди алуудан качышса, ал почта аркылуу табыштама кат менен жөнөтүлөт. Лицензияны алып коюу жөнүндө чечим тууралу адамга кабарланган күн катары табыштама каттын тапшырылгандыгы жөнүндө почта кызматы билдирген күн эсептелет. 2. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө кайра берилген арыз лицензияны кайра алуу тууралу чечим чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин аны алып коюуга негиз болгон себептер жоюлган шартта кайра каралышы мүмкүн. 3. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын лицензияда камтылган талаптарды чоң зыян келтирбестен көп жолу аткарбагандыгы үчүн бул юридикалык жак кат жүзүндө эскертилет. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиянын колдонулушу юридикалык жак ушул Кодексте каралган, ошол мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болгон өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда үч айга чейинки мөөнөткө бажы органы тарабынан токтотула турушу мүмкүн. Лицензиянын колдонулушу аны колдонууну токтото туруу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта кайра жаңыртылат. Эгерде лицензияны колдонуу статьянын ушул пунктунун экинчи абзацына ылайык кайра жаңыртылышы мүмкүн болбосо, ал ыйгарым укук берилген орган тарабынан кайра алынат. 4. Лицензия кайра алынганда лицензия берүү үчүн жыйым кайтарылып берилбейт. | \[17-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтотуу жана чакыртып алуу 1. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын бир жолу, чоң зыян алып келбеген укук бузуусу, ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды аткарбагандыгы үчүн бул жакка жазуу түрүндөгү эскертүү берилет. 2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык жазуу түрүндөгү эскертүү алган жак ушул Кодекстин талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим үч айлык мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотууга негиз болгон себептер жоюлгандан кийин калыбына келтирилет. Чечимдин колдонулушу токтотулган убакыттын аралыгында: - товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга болбойт; - бажы органынын уруксаты менен товарлардын сактыгын камсыз кылуу учун зарыл болгон операциялардан тышкары, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө болбойт; - бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатып өткөрүүгө тыюу салынат. 3. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн: 1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюмдаштырууда: - кампанын ээси эки же андан көп жолу бажы иши чөйрөсүндө администрациялык укук бузуу жасаса; - соттун чечими боюнча; - кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа; - мыйзамда белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу кампанын ээсинин арызы боюнча. 2) бажы брокери катары иш жүргүзүүдө: - эгер буга чейин ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар көрүлгөн болсо, бажы брокеринин милдеттерин аткарбай коюуда; - эгер буга чейин ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар көрүлгөн болсо, бажы брокери бажы жол-жоболорун жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда; - бажы брокери тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалса; - соттун чечими боюнча; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу бажы брокеринин арызы боюнча; - атынан чыккан жактарга зыян келтирсе, анын ичинде бар экендиги мыйзам менен белгиленген тартипте далилденген, коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирсе; - бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа; - квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызматын пайдаланса, анын ичинде, эгер мөөнөтү аяктагандыгына, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажырагандыгына байланыштуу квалификациялык күбөлүк чакыртылып алынса же анын колдонуусу токтотулса. 3) алымсыз соода дүкөнүн уюмдаштырууда: - алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаса; - соттун чечими боюнча; - алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа; - мыйзамдарда белгиленген тартипте жак өзгөрүп уюштурулса; - аталган чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда; - чечимди чакыртып алуу тууралуу алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин арызы. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып чакыртып алуу колдонулуп баштайт. Чакыртып алуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага карата мындай чечим кабыл алынган жакты мындай чечимдин негиздүү жүйөөлөрү менен жазуу формасында ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат аркылуу же ал чечимди алган факттын жана күнүн тастыктаган башка ыкма менен берилет. Эгер аталган жактар бул чечимди алуудан качса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Чакыртып алуу тууралуу чечим менен жакты кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшырган күн эсептелет. 5. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине кайталап киргизүү тууралуу арыз чакыртып алууга негиз болгон себептер жоюлган шарт менен чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн бир жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн. |
| 12 | 18-статья. Бажыга байланыштуу кызматтар чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө берилген лицензияны кайра жол-жоболоштуруу Юридикалык жак кайра түзүлгөн, анын аталышы же турган жери өзгөргөн учурда бажы кызматтарына байланыштуу чөйрөдө иш жүргүзгөн юридикалык жак аталган маалыматтарды тастыктаган тийиштүү документтерди тиркөө менен лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Лицензия кайра жол-жоболоштурулганда ыйгарым укук берилген орган лицензиянын реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизет. Мында мурда берилген лицензия жокко чыгарылат. Кайрадан берилген лицензияга лицензиялардан реестринин жаңы катталуу номери берилет жана берилген күнү көрсөтүлөт. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак лицензияны кайра жол-жоболоштурганга жана лицензия алганга чейин ишин мыйзамда белгиленген тартипте тастыктаган мурда берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болгон жагдайлар келип чыккан учурдан тартып арыз ээси тарабынан беш күндүн ичинде берилет. Ыйгарым укук берилген орган тарабынан лицензияны кайра жол-жоболоштуруу бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жак тарабынан тийиштүү арыз берилген күндөн тартып беш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөдө иш жүргүзгөн юридикалык жактан ушул статьяда каралбаган башка негиздер боюнча лицензияларды кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат. | \[18-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатындагы жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди кайра тариздөө Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын анын уюштуруу-укуктук формасынын өзгөрүүсүнө алып келбеген аталышы же жайгашкан жери өзгөргөн учурда, ал жак аталган маалыматтар тастыкталган тийиштүү документтерди тиркеп, бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимди кайра карап чыгуу тууралуу арыз бериши керек. Чечим кайра таризделип жатканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Муну менен буга чейин берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт. Кайра тариздөө учурунда, чечим алынганга чейин бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жак белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, мурда кабыл алынган чечимдин негизинде иш жүргүзөт. Чечимди кайра тариздөө тууралуу арыз арыз берүүчү тарабынан кайра тариздөөгө негиз болгон жагдайлар ишке ашкан күндөн тартып беш күндүн аралыгында берилет. Чечимди кайра тариздөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактын тийиштүү арызын жана документтерди берген күнүнөн тартып беш күндүн аралыгында жүзөгө ашырылат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактан ушул беренеде каралган негиздерден тышкары кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.\] |
| 13 | 19-статья. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө берилген лицензиялардын реестри Ыйгарым укук берилген орган "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө берилген лицензияларды түзөт жана реестрин жүргүзөт. Лицензиялардын реестринде болгон маалымат бардык кызыккан жактардын аны менен таанышуусу үчүн сакталат. Ошондой эле лицензиялар реестринде камтылган маалыматтардын мезгилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышына жол берилет. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укук берилген орган тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып үч күндөн ашпоого тийиш. | \[19-берене. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестриндеги маалыматтар таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсуна жайгаштырылат. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестринде камтылган маалыматтарды мезгил-мезгили менен массалык маалымат каражаттарына жарыялоого уруксат берилет. Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт: - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдердин тизмеси жана күнү тууралуу; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү тууралуу мурда берилген чечимдердин колдонуусун токтотуу тууралуу; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги тууралуу; - убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана алымсыз соода дүкөнү жайгашкан жер тууралуу; - бажы брокеринин өзүнчө түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмеси жана жайгашкан жери тууралуу; - бажы брокеринин штатында турган бажылык тариздөө боюнча адистер тууралуу. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып беш күндөн ашпоосу керек.".\] |
| 14 | 22-берененин 2-пункту: Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө акысыз болушат. | 22-берененин 2-пункту: Бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун \[жүзөгө ашырууда бажы органдары жана алардын\] кызмат адамдары бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган талаптарды жана чектөөлөрдү белгилөөгө акысыз болушат. |
| 15 | 22-берененин 2-пункту: Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүдө койгон талаптарды товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү жана бажы иши жагында ишти жүргүзүү үчүн бажы мыйзамдарын сакталышын камсыз кылуу үчүн эң аз зарыл болгондон чоң даражада тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес. | 22-берененин 2-пункту: \[Бажы органдарынын\] бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүдө койгон талаптарды товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чегарасы аркылуу алып өтүү жана бажы иши жагында ишти жүргүзүү үчүн бажы мыйзамдарын сакталышын камсыз кылуу үчүн эң аз зарыл болгондон чоң даражада тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес. |
| 16 | 35-берененин 2-пунктунун 4-абзацы: бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чегарасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы эсептешүү көрсөткүчүнөн 250 эседен ашпаганда; | 35-берененин 2-пунктунун 4-абзацы: бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чегарасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы \[эсептешүү көрсөткүчүнөн 2500\] эседен ашпаганда; |
| 17 | Жок | 35-берененин 3-пунктунун 2-абзацы: \["Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген бажы алымдарынын ставкаларын, салыктарды жана (же) тыюу салуу менен чектөөлөрдү колдонууга таасир этүүчү товарлар өндүрүлгөн өлкө тууралуу билдирилген маалыматтардын так эместигинин белгилери табылганда бажы органдары товар өндүрүлгөн өлкөнү тастыктаган документти берүүнү талап кылууга укуктуу.";\] |
| 18 | Жок | 51-берененин 4-бөлүгү: \["4. Ички бажы транзити жол-жобосун колдонууда, бажы максаттары үчүн бажы органдары тарабынан ачылганы көрүнүп кала турган белги калтыруусуз ичиндеги товарлардын жана транспорт каражаттарынын коммерциялык жана товар коштоочу документтерин алып коюу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын коргоочу аспап болгон, идентификация каражаты катары сейф-пакети колдонулат.".\] |
| 19 | 52-берененин 3-пунктунун 2-абзацы: \[товарларды бажы жүк ташуучулары менен ташыганда;\] | Күчүн жоготту деп табылат. |
| 20 | 53-1-берененин 1-пункту: Бажылык коштоо - ички бажы транзитинде бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган, ички бажы транзитине ылайык товарларды ташып өтүүчү транспорт каражаттарын коштоо. | 53-1-берененин 1-пункту: Бажылык коштоо - ички бажы транзитинде бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган, ички бажы транзитине ылайык товарларды ташып өтүүчү транспорт каражаттарын коштоо \[(анын ичинде электрондук каражаттарды колдонуу менен)\]. |
| 21 | 8-глава. Бажы жүгүн ташуучу | Жаңы редакцияда күчүн жоготту |
| 22 | 77-статья. Убактылуу сактоо кампасын жоюу 1. Убактылуу сактоо кампасы лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөндө болбосо анын ээсинин каалоосу боюнча, ошондой эле лицензияны ушул Кодекстин 17-статьясына ылайык кайра чакыртып алган учурда жоюлат. 2. Убактылуу сактоо кампасы жоюлганда ал жерде сакталып турган товарлар, аны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которуштурууга тийиш. | "77-берене. Убактылуу сактоо кампасын жоюу \[1. Убактылуу сактоо кампасы ушул Кодекстин 17-беренесине ылайык убактылуу сактоо кампасынын ээси катары жактардын реестрине киргизүү тууралуу чечим чакыртылып алынганда же колдонуу мөөнөтү аяктаганда жоюлат. 2. Убактылуу сактоо кампасын жоюуда анда сакталып жаткан товарлар убактылуу сактоо кампасынын ээлери катары жактарды реестрге киргизүү тууралуу чечимди чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган же колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына которулат.".\] |
| 23 | Жок | 81-берененин 2-бөлүгү: \["Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы режимин белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".\] |
| 24 | 102-берененин 1-пунктунун 2-пунктчасы: 2) бажы кампасын уюштурууга лицензия берүүнүн шартын сактоого; | 102-берененин 1-пунктунун 2-пунктчасы: \["2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү эрежелерин сактоого;".\] |
| 25 | 104-статья. Бажы кампасын уюштурууга лицензияны кайра чакыртып алуу жана аракетин токтото туруу Бажы кампасын уюштурууга лицензияны кайра чакыртып алуу жана пайдаланылышын токтото туруу ушул Кодекстин 17-статьясында аныкталган тартипте жана шартта жүргүзүлөт. | Күчүн жоготту деп табылсын. |
| 26 | 111-берененин 1-бөлүгү 1. Алымсыз соода дүкөнү лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөндө же анын ээсинин каалоосу боюнча, ошондой эле алымсыз соода дүкөнүн уюштурууга лицензияны ыйгарым укуктуу органы кайра чакыртып алган учурда жоюлат. | 111-берененин 1-бөлүгү: \["1. Алымсыз соода дүкөнү алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү тууралуу чечимди чакыртып алууда, колдонуу мөөнөтү аяктаганда жоюлат.".\] |
| 27 | 220-берененин 1-пункту: 1. Бажы товарлары бажы чегарасы аркылуу алып өткөндө бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдет товарларды ташып келүүдө бажы чегарасы аркылуу өткөн учурдан тартып жана бажы декларациясы берилген учурдан тартып же аларды ташып чыгууда товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалгандан тартып келип чыгат. | 220-берененин 1-пункту: 1. Бажы товарлары бажы чегарасы аркылуу алып өткөндө бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдет товарларды ташып келүүдө бажы чегарасы аркылуу өткөн учурдан тартып жана бажы декларациясы берилген учу \[учурдан тартып жана/же\] аларды ташып чыгууда товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалгандан тартып келип чыгат. |
| 28 | 223-берененин 4-пункту: 4. Бажы наркын контролдоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы аныктаган тартипте бажы органдары жүзөгө ашырат. | 223-берененин 4-пункту: \["4. Бажы наркын билдирүү, контролдоо жана корректировкалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".\] |
| 29 | 242-берененин 1-пункту: 1. Бажы төлөмдөрү бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир эле убакта, анын ичинде бажы режими өзгөргөндө төлөнөт, буга ушул Кодекстин 292-статьясында аныкталган учурлар кирбейт. | 242-берененин 1-пункту: \["1. Бажы төлөмдөрү төмөнкү учурларда төлөнөт: - бажы декларациясын бергенге чейин же аны менен бирге; - бажы режими өзгөргөндө; - ушул Кодекстин 245-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган учурда.".\] |
| 30 | Жок | 242-берененин 5-пункту: \["5. Бажы төлөмдөрүн эсептөө жана корректировкалоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".\] |
| 31 | 245-берененин 1-пункту: 1. Ушул Кодекстин 246-статьясында белгиленген негиздер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртө алат. | 245-берененин 1-пункту: \["1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кыла турган шартта бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртө алат: 1) 30 күнгө чейин; 2) ушул Кодекстин 246-беренесинде белгиленген негиздер бар болсо 90 күнгө чейин.";\] |
| 32 | 245-берененин 4-пункттун биринчи сүйлөмү: 4. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрү камсыз кылынган шартта берилет. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн тартып 15 күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. | Алынып салынды |
| 33 | 245-берененин 5-пункту: \[5. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөгө эки айга чейинки мөөнөт берилет.\] | Күчүн жоготту деп таанылсын. |
| 34 | 248-статья. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар Бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөдө, ошондой эле ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган башка учурларда кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мезгилине карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасына таянуу менен бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасына кошуп эсептөөдө пайыз кармалып алынат. | 248-статья. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар \[Ушул Кодекстин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык\] бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөдө, ошондой эле ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган башка учурларда кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мезгилине карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасына таянуу менен бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасына кошуп эсептөөдө пайыз кармалып алынат. |
| 35 | 252-берененин 1-пункту: 1. Бажы брокери, убактылуу мүнөздөгү кампанын ээси, бажы кампасынын ээси \[жана бажы ташуучусу\] катары иш аракетти жүзөгө ашыруу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен шартталат. | 252-берененин 1-пункту: 1. Бажы брокери, убактылуу мүнөздөгү кампанын ээси, бажы кампасынын ээси катары иш аракетти жүзөгө ашыруу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен шартталат. |
| 36 | Жок | \["266-1-берене. Бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу 1. Бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: 1) эгер бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча талап (261-берене) аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн же ушул Кодекске ылайык жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдетин алып келген окуя болгон күндөн тартып үч жылдын аралыгында коюлбаса; 2) укук мураскери же мураскери жок болгон учурда жеке адам өлгөндө; 3) жеке адам дайынсыз жок же жөндөмсүз деп табылганда, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте юридикалык жак ишин токтоткондо; 2. Бажы жана салык мыйзамдары менен каралган бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карызды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.".\] |
| 37 | 280-берененин 2-абзацы: Бажылык жол-жоболоштуруунун приоритеттүү тартибин пайдалануу шарты \[ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган\] тарабынан аныкталат. | 280-берененин 2-абзацы: Бажылык жол-жоболоштуруунун приоритеттүү тартибин пайдалануу шарты \[Кыргыз Республикасынын Өкмөтү\] тарабынан аныкталат. |
| 38 | 292-статья. Алдынала декларациялоо 1. Эгерде декларант товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон документтерди берсе, бажы декларациясы чет өлкөлүк товарлар жагынан алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же ички бажы транзити аяктаганга чейин берилиши мүмкүн (275-статья). 2. Эгерде бажы максаттары үчүн товарларды коштогон транспорттук же коммерциялык документтер колдонулууга тийиш болсо, бажы органы товарларды декларациялоо учурунда бул документтердин декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн же бул документтерден маалыматтарды кабыл алат жана зарылчылык болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат. 3. Бажы декларациясы берилгенде жана аны текшерүү товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин аяктаган учурда бажы декларациясы товарларга карата алдынала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон бирден-бир документ катарында пайдаланылышы мүмкүн. | \["292-берене. Алдын ала декларациялоо 1. Бажы декларациясы чет элдик товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же эгер декларант товарларды бажылык тариздөө үчүн зарыл болгон документтерди берсе ички бажы транзити аяктаганга чейин (275-берене) берилиши мүмкүн. 2. Эгер бажы максатында товар коштогон транспорттук же коммерциялык документтер колдонулушу керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн ал документтердин же документтердеги маалыматтардын көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда аталган маалыматтараы документтердин түп нускасындагы маалыматтар менен салыштырат. 3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажы декларациясында товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болуусу мүмкүн. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынганга чейин бажы декларациясына киргизилиши керек. 4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде буга чейин билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, милдеттүү түрдө баасы, саны же салмагы өзгөргөнүн ырастаган документ берилет. 5. Эгер Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып келүүдөн кийин декларант буга чейин билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда дал келбөөнү тапса, декларант ушул Кодекстин 192-беренесинде каралган тартипте бажы декларациясын чакыртып алууга укуктуу. 6. Эгер товарлар бажы декларациясын кабыл алган бажы органына алар кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде товарларды көрсөтпөсө же бул мөөнөттүн аралыгында товарларга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн ставкалары өзгөрүп кетсе, бажы декларациясы берилген жок деп эсептелинет. 7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин бажы декларациясын берүүдө жана аны текшерүү аяктагандан кийин бажы декларациясы товарларга карата алдын ала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон жалгыз документ катары колдонула алат.".\] |
| 39 | 307-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис Атайын орто же жогорку билими бар, бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык \[аттестатын\] алууга экзамен тапшырган аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис боло алат. | 307-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис Атайын орто же жогорку билими бар, бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык \[күбөлүгүн\] алууга экзамен тапшырган аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис боло алат. |
| 40 | 308-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин \[квалификациялык аттестаты\] 1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин \[квалификациялык аттестаты\] анын ээсинин \[квалификациялык аттестат\] колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис катарында иштөө укугун ырастаган документ болуп саналат. 2. \[Квалификациялык аттестатты\] берүү тартиби жана бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистерге коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү "Бажы брокери жөнүндө" жободо белгиленет. | 308-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин \[квалификациялык күбөлүгү\] 1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин \[квалификациялык күбөлүгү\] анын ээсинин \[квалификациялык күбөлүгү\] колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис катарында иштөө укугун ырастаган документ болуп саналат. 2. \[Квалификациялык күбөлүгүн\] берүү тартиби жана бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистерге коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү "Бажы брокери жөнүндө" жободо белгиленет. |
| 41 | 309-берененин 4-абзацы: \[бажы брокери, бажы жүктөрүн ташуучу катарындагы жактардын, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода кылуучу дүкөндөрдүн ээлеринин\] ишине; | 309-берененин 4-абзацы: \[бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген жактардын\] ишине; |
| 42 | Жок | \[313-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кошкондо жактардын өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишти жүргүзүүсү, товарларды, транспорт каражаттарын бажы контролунун зоналарынын чек аралары аркылуу жана анын чегинде өткөрүүсү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген учурлардан тышкары бажы органдарынын уруксаты менен жана алардын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт".\] |
| 43 | 315-берененин 2-пункту: 2. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө суратат. | 315-берененин 2-пункту: 2. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө \[жана (же) электрондук формада\] суратат. |
| 44 | 323-берененин 4-пункту: 4. Аудит ыкмаларын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү жылына бир жолу жана аны өткөрүүгө керек болгон, отуз жумуш күнүнөн ашпаган минималдуу убакытта өткөрүлүшү керек. Аудит ыкмаларын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүүнүн мөөнөтү адамга документтерди көрсөтүү жөнүндө талапты берген учурдун ортосу менен бажы органынын суроо-талаптары боюнча маалыматтарды жана документтерди алган учурда токтото турат. Аудит ыкмасын колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү текшерилип жаткан адамдын өндүрүштүк же коммерциялык иш-аракеттерин жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек. | 323-берененин 4-пункту: "4. Аудит усулун колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү товарлар отуз жумушчу күнүнөн ашык узакка боло албаган, бажы контролундагы статусун жоготкон күндөн тартып бир жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.". |
| 45 | 334-берененин 1-бөлүгү: Бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана анын ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын \[Финансы министрлигинин нускамасы\] менен тизмеси жана колдонуу тартиби аныкталган техникалык каражаттарды пайдаланышы мүмкүн. | 334-берененин 1-бөлүгү: Бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана анын ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын \[Өкмөтү\] менен тизмеси жана колдонуу тартиби аныкталган техникалык каражаттарды пайдаланышы мүмкүн. |
| 46 | Жок | 387-берене төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: \["4. Бажы органдары "Кыргыз Республикасындагы изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу."\] |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 188-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"жарандарга чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, юридикалык жактарга чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 199-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"199-берене. Ветеринардык-санитардык контролдон өтүүчү жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу

Ветеринардык-санитардык контролдон өтүүчү жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу - жарандарга жаныбарларды, жүктөрдү жана товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына жаныбарларды, жүктөрдү жана товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга жаныбарларды, жүктөрдү жана товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 301-берененин экинчи абзацындагы "конфискациялоо менен" деген сөздөрдөн кийин "же мунсуз, юридикалык жактарга - тамеки буюмдарын конфискациялоо менен же мунсуз жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 301-1-берененин экинчи абзацындагы "конфискациялоо менен" деген сөздөрдөн кийин ", юридикалык жактарга - алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен же мунсуз жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 504-9-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын бажы органына белгиленген тартипте зарыл отчетту бербөө, ага тете эле алынып келүүчү, алып кетилүүчү, келип түшүүчү, сакталуучу, кайра иштетилүүчү, даярдалуучу, сатылып алынуучу жана сатылуучу, бажы контролунда же убактылуу сактоо кампасында турган жана/же бажы режимдерине (бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү) киргизилген товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына шарттуу чыгарылган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу так эмес маалыматтарды берүү".

6. 504-10-берененин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "убактылуу сактоо кампасы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бажы кампасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 504-11-беренеде:

- биринчи абзацтагы "эркин кампалардагы" деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"эскертүү берүүгө же жарандарга укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

8. 504-29-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бажылык брокерлеринин реестрине киргизилбеген же жактар тарабынан бажы брокери катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында, рекламада же башка маалыматта "бажы брокери" деген аталышты пайдалануу же квалификациялык күбөлүгү жок же квалификациялык күбөлүгү чакыртылып алынган жак тарабынан бажылык тариздөө боюнча иш-аракеттерди көрүүсү, ага тете эле мындай иштин башка шарттарын бузуу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундардан тышкары, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жакка - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет."; 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".

9. 504-30-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"504-30-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары мыйзамсыз иш жүргүзүү же мындай иштин шарттарын бузуусу

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине киргизилбеген жактар тарабынан алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш жүргүзүү, ага тете мындай иштин башка шарттарын бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".

10. 508-берененин 1-бөлүгүндөгү "151-157," деген сандардан кийин "188-199," деген сандар менен толукталсын.

11. 520-берененин 1-бөлүгүндөгү "197-205" деген сандар "197, 198, 200-205" деген сандар менен алмаштырылсын.

12. 521-1-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана 188" байламтасы жана сандар алынып салынсын.

13. 545-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Администрациялык укук бузуулар тууралуу ишти кароого жана администрациялык айып салууга төмөнкүлөр укуктуу:

- бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;

- бажылардын начальниктери, алардын орун басарлары, анын ичинде статусу боюнча бажынын начальнигинин орун басары болгон кызмат адамдары;

- мындай ыйгарым укукка ээ болгон бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн начальниги жана/же начальниктин орун басары.".

14. 556-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун он бешинчи абзацындагы "153" деген сандардан кийин "188, 199," деген сандар менен толукталсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 188-берененин 2-абзацы: жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. | 188-берененин 2-абзацы: \["жарандарга чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, юридикалык жактарга чет өлкөдөн ташылып келген материалдарды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет."\] |
| 2 | 199-статья. Жаныбарларды жана ветеринардык кызматтын контролдугуна алынуучу жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-сани- тардык эрежелерин бузуу Жаныбарларды жана ветеринардык кызматтын контролдугуна алынуучу жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. | \["199-берене. Ветеринардык-сани- тардык контролдон өтүүчү жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-сани- тардык эрежелерин бузуу Ветеринардык-санитардык контролдон өтүүчү жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу - жарандарга жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга жаныбарларды, жүктөрдү, товарларды конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".\] |
| 3 | 301-берененин 2-абзацы: жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет. | 301-берененин 2-абзацы: \[жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын конфискациялоо менен же мунсуз юридикалык жактарга - тамеки буюмдарын конфискациялоо менен же мунсуз жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.\] |
| 4 | 301-1-берененин 2-абзацы: жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет. | 301-1-берененин 2-абзацы: \[жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен, юридикалык жактарга - алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен же мунсуз жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.\] |
| 5 | 504-9-берененин 1-абзацы: Бажылык контролдо же болбосо эркин бажылык зона аймагында жана эркин кампаларда турган алып келинүүчү, алып кетилүүчү, келип түшүүчү, сакталуучу, кайра иштетилүүчү, даярдалуучу, сатылып алынуучу жана сатылуучу товарлар жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органына зарыл отчетту бербөө, ага тете эле ушундай товарларды эсепке алууну жүргүзүү тартибин сактабоо, - | 504-9-берененин 1-абзацы: \[Кыргыз Республикасынын бажы органына белгиленген тартипте зарыл отчетту бербөө, ага тете эле алынып келүүчү, алып кетилүүчү, келип түшүүчү, сакталуучу, кайра иштетилүүчү, даярдалуучу, сатылып алынуучу жана сатылуучу, бажы контролунда же убактылуу сактоо кампасында турган жана/же бажы режимдерине (бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү) киргизилген товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына шарттуу чыгарылган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу так эмес маалыматтарды берүү\] |
| 6 | 504-10-статья. Убактылуу сактоо кампасынын режимин бузуу Убактылуу сактоо кампасында сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы тартибине ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. | 504-10-статья. Убактылуу сактоо кампасынын режимин бузуу \[Бажы кампасында\] сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы тартибине ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. |
| 7 | 504-11-берененин 1-абзацы: Ушул Кодекстин 503, 504-3, 504-4, 504-5, 504-8 жана 504-10-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруу жана аларды сактоо тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды сактоого жайгаштыруунун белгиленген талаптарын жана шарттарын, аларды сактоонун, ага тете эле бажылык кампаларда товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, - | 504-11-берененин 1-абзацы: Ушул Кодекстин 503, 504-3, 504-4, 504-5, 504-8 жана 504-10-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруу жана аларды сактоо тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды сактоого жайгаштыруунун белгиленген талаптарын жана шарттарын, аларды сактоонун, ага тете эле бажылык кампаларда товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, - |
| 8 | 504-11-берененин 1-абзацы: эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон отузга чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. | Абзац 2 статьи 504-11: \["эскертүү берүүгө же жарандарга укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга укук бузуунун тикелей объекти болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же мунсуз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".\] |
| 9 | 504-29-берененин 1-бөлүгү: Бажылык брокер катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында "бажылык брокер" деген аталышты пайдалануу, Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз реклама же башка маалымат берүү, же болбосо ушундай лицензия жокко чыгарылган кайта чакыртылып алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын квалификациялык аттестаты бар бажылык жол-жоболоштуруу боюнча штатта адис болбогон, же болбосо бажылык жол-жоболоштуруу боюнча иштер бажылык брокердин атынан квалификациялык аттестаты жок же квалификациялык аттестаты жок кылынган, кайра чакыртылып алынган, жараксыз деп табылган же ушундай аттестаттын аракети токтотулган адам тарабынан жасалганда, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай ишаракеттердин башка шарттарын бузуу, - бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. | Часть 1 статьи 504-29: \[Бажылык брокеринин реестрине киргизилбеген же жактар тарабынан бажы брокери катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында, рекламада же башка маалыматта "бажы брокери" деген аталышты пайдалануу, же квалификациялык күбөлүгү жок же квалификациялык күбөлүгү чакыртылып алынган жак тарабынан бажылык тариздөө боюнча иш-аракеттерди көрүүсү, ага тете эле мындай иштин башка шарттарын бузуу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундардан тышкары, - Жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жакка - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.";\] |
| 10 | 504-29-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы: бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. | Абзац 2 части 2 статьи 504-29: \["жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет."\] |
| 11 | 504-30-статья. Бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди жүргүзүү, же ушундай лицензия жокко чыгарылган, кайта алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган лицензияны бажылык ташуучунун колдонуусу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, - бажы ташуучусуна - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бажылык ташуучунун же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу жана ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү адамга билдирүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, - бажы ташуучусуна - ондон жыйырмага чейинки, ал эми кызматкерге эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. | \["504-30-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары мыйзамсыз иш жүргүзүү же мындай иштин шарттарын бузуусу Алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине киргизилбеген жактар тарабынан алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш жүргүзүү, ага тете мындай иштин башка шарттарын бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".\] |
| 12 | 508-берененин 1-бөлүгү: Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 49-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1 - 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1 - 422-4, 454, 476, 481, 505-1 - 505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. | 508-берененин 1-бөлүгү: Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 49-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157, \[188-199-статьяларында\], 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1 - 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1 - 422-4, 454, 476, 481, 505-1 - 505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. |
| 13 | 520-берененин 1-бөлүгү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл департаментинин органдары ушул Кодекстин 197-205, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. | 520-берененин 1-бөлүгү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл департаментинин органдары ушул Кодекстин \[197, 198, 200-205,\] 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. |
| 14 | 521-1-берененин 1-бөлүгү: Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. | 521-1-берененин 1-бөлүгү: Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- -статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. |
| 15 | 545-статья. Мамлекеттик бажы кызматынын органдары Администрациялык укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү жүргүзүүгө, ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө бажы органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары укуктуу. | Статья 545. Органы государственной таможенной службы \[Администрациялык укук бузуулар тууралуу ишти кароого жана администрациялык айып салууга төмөнкүлөр укуктуу: - бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары; - бажылардын начальниктери, алардын орун басарлары, анын ичинде статусу боюнча бажынын начальнигинин орун басары болгон кызмат адамдары; - мындай ыйгарым укукка ээ болгон бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн начальниги жана/же начальниктин орун басары.".\] |
| 16 | 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун 15-абзацы: мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); | 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун 15-абзацы: \[мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153, \[188, 199\], -статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 204-беренеде:

- 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:

"3) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен;

4) өтө ири өлчөмдө, - ";

Эскертүүдөгү: "жасалган деп табылат" деген сөздөрдөн кийин ", он миң эселенген өлчөмүнөн ашса өтө ири өлчөмдө жасалган деп табылат." деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган, өз эрки менен кылмыштын объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жагынан тариздөө менен айыптарды жана туумдарды кошкондо тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн адам жазык жоопкерчилигинен жазык процессинин кайсы баскычында болбосун бошотулат.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | Жок | \[204-беренеде: - 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын: "3) алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу менен; 4) өтө ири өлчөмдө, - ";\] |
| 2 | 204-берененин эскертүүсү: Эскертүү. Ушул главанын 204, 205-статьяларында каралган жосундар, эгерде алынып өтүлгөн товарлардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң эселенген өлчөмүнөн ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат. | 204-берененин эскертүүсү: Эскертүү. Ушул главанын 204, 205-статьяларында каралган жосундар, эгерде алынып өтүлгөн товарлардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң эселенген өлчөмүнөн ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат", \[он миң эселенген өлчөмүнөн ашса өтө ири өлчөмдө жасалган деп табылат\]. |
| 3 | Жок | 204-берененин эскертүүсүнүн 2-абзацы: \["Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган, өз эрки менен кылмыштын объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жагынан тариздөө менен айыптарды жана туумдарды кошкондо тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөгөн адам жазык жоопкерчилигинен жазык процессинин кайсы баскычында болбосун бошотулат.".\] |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 1087-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүлөрүнүн компетенцияларынын чегинде мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча өз ара аракеттенет.".

2.13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- чек ара контролу (Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүү (чыгуу) укугунун мыйзамдуу негизин аныктоо максатында мамлекеттик чек арадан өтүү укугун берген документтерди текшерүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттерди жасоо);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролу.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 4-берененин 5-абзацынын акыркы сүйлөмү: Мамлекеттик чек араны кайтарууга башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер менен администрациялык ведомстволор да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде катышат. | 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: \["Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүлөрүнүн компетенцияларынын чегинде мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча өз ара аракеттенет."\] |
| 2 | Жок | 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: \["Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: - чек ара контролу (Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүү (чыгуу) укугунун мыйзамдуу негизин аныктоо максатында мамлекеттик чек арадан өтүү укугун берген документтерди текшерүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттерди жасоо); - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролу."\] |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана экономикалык таламдарын" деген сөздөр алып салынсын.

2. 11-беренедеги:

экинчи абзацтагы "транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүргүзүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын; он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында бажы органдары менен бирге мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттан өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын кароого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттардан тышкары өтүп жаткан транспорт каражаттарын, товарларды, жүктөрдү, мүлктү жана башка буюмдарды алып коюуга;".

3. 12-берененин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүргүзүүгө;".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 4-берененин 2-абзацы: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын аймактык бүтүндүгүн жана \[экономикалык таламдарын\] сактоо жана коргоо; | 4-берененин 2-абзацы: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо жана коргоо; |
| 2 | 11-берененин 2-абзацы: - чек ара күзөттөрүн коюуга, кызмат боюнча милдеттерин аткарууда жолдор, жалгыз аяк жолдор жана маршруттар боюнча жүрүүгө, документтерди текшерүүгө, \[транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө\], транспорт каражаттарын коштоп жүрүүгө жана аларга чек ара күзөттөрүн коюуга; | 11-берененин 2-абзацы: - чек ара күзөттөрүн коюуга, кызмат боюнча милдеттерин аткарууда жолдор, жалгыз аяк жолдор жана маршруттар боюнча жүрүүгө, документтерди текшерүүгө, \[Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүргүзүүгө\], транспорт каражаттарын коштоп жүрүүгө жана аларга чек ара күзөттөрүн коюуга; |
| 3 | 11-берененин 11-абзацы: - белгиленген тартипте өз алдынча, ал эми зарыл болгон учурда бажы органдары менен бирдикте транспорт каражаттарын, анда ташылып бараткан жүктү жана башка мүлктү, мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын буюмдарын жана документтерин кароого; | 11-берененин 11-абзацы: "- ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында бажы органдары менен бирге мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттан өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын кароого;" |
| 4 | 11-берененин 12-абзацы: - Кыргыз Республикасына алып кирүүгө, Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө тыюу салынган буюм заттарды, ошондой эле контрабандалык буюмзаттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан алып өтүүдө белгиленген тартипте алып коюуга; | 11-берененин 12-абзацы: \["- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттардан тышкары өтүп жаткан транспорт каражаттарын, товарларды, жүктөрдү, мүлктү жана башка буюмдарды алып коюуга;"\] |
| 5 | 12-берененин 5-абзацы: - белгиленген пункттарда тийиштүү түрдө толтурулган документтери болгон учурда Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү өткөрүүгө; | 12-берененин 5-абзацы: \["- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүргүзүүгө;".\] |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

1. 13-беренеде:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Каттоочу орган юридикалык жактын жоюлуусу жөнүндө кабарламаны алгандан кийин мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу салык органдарын, бажы органдарын, статистика органдарын жана Социалдык фондду кабарлоого милдеттүү."; 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздын жоктугу тууралуу бажы органынын маалымкаты;";

2. 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздын жоктугу тууралуу бажы органынын маалымкаты.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 13-берененин 2-бөлүгү: 2. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарламаны алгандан кийин мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралу салык, статистика органдарына, Социалдык фондго кабарлоого милдеттүү. | 13-берененин 2-бөлүгү: \["2. Каттоочу орган юридикалык жактын жоюлуусу жөнүндө кабарламаны алгандан кийин мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу салык органдарын, бажы органдарын, статистика органдарын жана Социалдык фондду кабарлоого милдеттүү.";\] |
| 2 | Жок | 3-бөлүктүн 7-абзацы: \[бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздын жоктугу тууралуу бажы органынын маалымкаты;";\] |
| 3 | Жок | \[17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздын жоктугу тууралуу бажы органынын маалымкаты.".\] |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 3, 126-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-берененин 1-бөлүгүнүн 35-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ишкердик түрүнүн тизмесинен ушул Мыйзам менен алынып салынган, милдеттүү лицензиялана турган ишкердик түрүнө берилген лицензиялар юридикалык күчүн жоготоору, ал эми ишкердиктин ушул түрлөрү боюнча лицензия берүү үчүн келип түшкөн документтер арыз ээлерине кайра берилээри белгиленсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 9-берененин 1-бөлүгүнүн 35-пункту: 35) бажы айланасындагы кызматтар (убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси, бажы брокери) чөйрөсүндө; | күчүн жоготту деп табылсын. |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

- ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- ар кандай жөндөмөдөгү "төрага" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 6-беренеде:

- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "30 жашка чейинкилер" деген сандар сөздөр жана "25 жашка толгондор" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Бажы органдарына кызматка кабыл алууда полиграфта тестирлөө системасы колдонулат.".

3. 7-берененин 2-бөлүгүндө:

- 8-пунктчасы "8)" деген сандан кийин "кызматтык ишине байланыштуу саясий партиялардын мүчөсү болууга," деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктчасы "иш таштоолорду" деген сөздөрдөн кийин ", манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 8-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 9-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

9-берене. Бажы органдарындагы кызмат жөнүндө контракт

Бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жана анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.".

6. 10-берене күчүн жоготту деп табылсын.

7. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11-берене. Кадрлар резерви

1. Бажы органынын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) бул бажы органдарындагы кызматтарды ээлөө үчүн атайын түзүлгөн талапкерлердин тобу.

2. Кадрлар резерви бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин ортосунда тийиштүү конкурс өткөрүү аркылуу түзүлөт:

- сынактык тандоого катышкан жана кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак комиссиясы тарабынан сунушталган жарандар;

- бажы органында кызмат ээлеген, аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматтан жогорулатууга сунушталган жана аларды резервге киргизүү тууралуу арыз берген кызматкерлер.

Кадрлар резервине киргизүү жана андан чыгаруу шарты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

8. 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин иштеген кызмат орду боюнча милдеттери бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилчү кызматтык нускама менен аныкталат.".

9. 18-берене:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";

- 4 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.

- 7-бөлүктө:

үчүнчү абзацындагы ", жеке өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, саламаттыгына байланыштуу, иштеген кызматынан бошонуу менен окууга тапшыргандыгына байланыштуу, ошондой эле окуусун бүткөндөн кийин кызматка дайындалганда" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү абзацтагы "- аттестациянын натыйжалары боюнча" деген сөздөр ", аттестациянын жыйынтыгы боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Аскердик наамдары, класстык чиндери, атайын класстык чиндери жана атайын наамдары бар адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда (которулганда), ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык эгер алардын жаңы кызматтары боюнча функциялык ыйгарым укуктары буга чейинки мамлекеттик органда ээлеген кызматынын профилине окшош болсо, буга чейинки аскердик наамдарына, класстык чиндерине, атайын класстык чиндерине жана атайын наамдарына барабар атайын наамдар ыйгарылат. Калган учурларда аскердик наамдары, класстык чиндери, атайын класстык чиндери жана атайын наамдары бар адамдарга атайын наамдар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарылат. Атайын наамды ыйгарууда аскердик наамда, класстык чинде, атайын класстык чинде жана атайын наамда болгон мезгили, ошондой эле алардын буга чейинки мамлекеттик органдагы кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары эске алынат.".

11. 47-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"47-берене. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо

Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин аттестациялоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жагындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".

12. 48-беренеде:

- берененин бүткүл тексти боюнча "тийиштүү бажы органынын башчысынын" жана "бажы органынын башчысынын" деген сөздөр "бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-бөлүгүнүн 4-пунктчасындагы "контрактта каралган" деген сөздөр "контрактта каралган шарттар, ошондой эле" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүктүн 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "9) аттестациянын же квалификациялык экзамендин жыйынтыгы менен ырасталган жетишсиз квалификациянын натыйжасында ээлеген кызматына ылайык келбөө, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтпөй калган учурда;".

13. 49-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: - ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; - ар кандай жөндөмөдөгү "төрага" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын; | Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: - ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; - ар кандай жөндөмөдөгү "төрага" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын; |
| 2 | 6-берененин 2-пунктунун 3-абзацындагы: Катардагы жана кенже башкаруучу кызматка анык аскер кызматын өтөгөн же эки жылдан кем эмес эмгек стажысы бар \[30\] жашка чейинкилер кабыл алынат. | 6-берененин 2-пунктунун 3-абзацындагы: Катардагы жана кенже башкаруучу кызматка анык аскер кызматын өтөгөн же эки жылдан кем эмес эмгек стажысы бар \[25 жашка толгондор\] кабыл алынат. |
| 3 | Жок | \[6-берене 8-бөлүк менен толукталсын: "8. Бажы органдарына кызматка кабыл алууда полиграфта тестирлөө системасы колдонулат.".\] |
| 4 | 7-берененин 2-пунктунун 8-пунктчасы: 8) өзүнүн кызматтык абалын саясий партиялардын, коомдук, анын ичинде диний бирикмелердин кызыкчылыгында, аларга карата мамилесин пропагандалоо үчүн пайдаланууга; бажы органдарында саясий партиялардын, ошондой эле диний бирикмелердин тутумдарын түзүүгө жол берилбейт; | 7-берененин 2-пунктунун 8-пунктчасы: 8) \[кызматтык ишине байланыштуу саясий партиялардын мүчөсү болууга\], өзүнүн кызматтык абалын саясий партиялардын, коомдук, анын ичинде диний бирикмелердин кызыкчылыгында, аларга карата мамилесин пропагандалоо үчүн пайдаланууга; бажы органдарында саясий партиялардын, ошондой эле диний бирикмелердин тутумдарын түзүүгө жол берилбейт; |
| 5 | 7-берененин 2-пунктунун 9-пунктчасы: 9) иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга. | 7-берененин 2-пунктунун 9-пунктчасы: 9) иш таштоолорду", \[манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды\] уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга. |
| 6 | 8-берененин 1-пункту: Жарандар бажы органдарына кызматка өткөндө, ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык \[Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарына\] жыл сайын өздөрүнүн алган кирешелери жана өздөрү менчиктөөгө укуктуу болгон мүлк жөнүндө, анын ичинде салык алуу объектилери болуп саналган юридикалык жактардын уставдык капиталындагы акциялары, үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү. | 8-берененин 1-пункту: Жарандар бажы органдарына кызматка өткөндө, ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык \[мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органына\] жыл сайын өздөрүнүн алган кирешелери жана өздөрү менчиктөөгө укуктуу болгон мүлк жөнүндө, анын ичинде салык алуу объектилери болуп саналган юридикалык жактардын уставдык капиталындагы акциялары, үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү. |
| 7 | 9-статья. Бажы органдарындагы кызмат жөнүндө контракт Контракт Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык эркин жалданган кызматкерлер менен бажы органынын жетекчисинин ортосунда жазуу түрүндө түзүлөт. | \["9-берене. Бажы органдарындагы кызмат жөнүндө контракт Бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жана анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.".\] |
| 8 | 10-статья. Бажы органдарына сынактык негизде кызматка өтүү Бажы органдарында жарандар сынактын негизде иштөөсү мүмкүн болгон кызматтардын тизмеси, ошондой эле сынак өткөрүү шарттары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы тарабынан аныкталат. | күчүн жоготту деп табылсын |
| 9 | 11-статья. Бажы органдарына кызматка кабыл алуудагы сыноо мөөнөтү 1. Бажы органдарына кызматка өтүп жаткан жарандар үчүн узактыгы алардын кесиптик даярдык деңгээлине жана алар өткөнү жаткан кызматка жараша бир жылга чейин сыноо мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Бул учурда аларга атайын наам ыйгарылбастан алар тийиштүү кызматка стажер катары дайындалышат. 2. Сыноо мөөнөтүнүн узактыгы кызматка дайындоо жөнүндө буйрукта көрсөтүлөт. Сыноо мөөнөтүн өтүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы тарабынан белгиленет. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн, ошондой эле бажы органдарына сынактын негизинде же башка укук коргоо органдарынан жана аскерлештирилген тутумдардан которуу жолу менен кызматка өтүп жаткан жарандар үчүн сыноо киргизилбейт. | \["11-берене. Кадрлар резерви 1. Бажы органынын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул бажы органдарындагы кызматтарды ээлөө үчүн атайын түзүлгөн талапкерлердин тобу. 2. Кадрлар резерви бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин ортосунда тийиштүү конкурс өткөрүү аркылуу түзүлөт: - сынактык тандоого катышкан жана кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак комиссиясы тарабынан сунушталган жарандар; - бажы органында кызмат ээлеген, аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматтан жогорулатууга сунушталган жана аларды резервге киргизүү тууралуу арыз берген кызматкерлер. Кадрлар резервине киргизүү жана андан чыгаруу шарты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".\] |
| 10 | 17-берененин 2-пункту: 2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин милдеттери иштеген кызматы боюнча кызматтык нускама менен аныкталат. Кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы тарабынан белгиленет. | \[17-берененин 2-пункту: 2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин милдеттери иштеген кызматы боюнча кызматтык нускама менен аныкталат. Кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы тарабынан белгиленет.\] |
| 11 | 18-берененин 1-пункту: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасын кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кеңешип, дайындайт. | 18-берененин 1-пункту: \["1. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";\] |
| 12 | 18-берененин 4-пункту: 4. Бажы органдарынын кызматкерлеринин макулдугу менен аларга үч айга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасынын буйругу менен дайындоо жүргүзүлүүчү кызмат боюнча милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн. | күчүн жоготту деп табылсын |
| 13 | 18-берененин 6-пункту: 6. Кызматтык милдеттер аткарбоого жол берген бажы органдарынын кызматкерлери акчалай акысын сактоо менен убактылуу, бирок бир айдан ашпаган мөөнөткө кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн кызматкерлерди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынат. | күчүн жоготту деп табылсын |
| 14 | 18-берененин 7-пунктунун 3-абзацы: - бирдей кызматка карата - иш-тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча (ротация) алда канча максатка ылайыгыраак пайдалануу үчүн, \[жеке өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, саламаттыгына байланыштуу, иштеген кызматынан бошонуу менен окууга тапшыргандыгына байланыштуу, ошондой эле окуусун бүткөндөн кийин кызматка дайындалганда;\] | 18-берененин 7-пунктунун 3-абзацы: - бирдей кызматка карата - иш-тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча (ротация) алда канча максатка ылайыгыраак пайдалануу үчүн |
| 15 | 18-берененин 7-пунктунун 4-абзацы: - төмөн турган кызматка карата - тартиптик жаза чараны ишке ашыруу тартибинде, аттестациянын натыйжалары боюнча, штаттар кыскартылганда (кызматкерди мурдагы ишине тете кызматка которуу мүмкүнчүлүгү болбогондо), саламаттыгына байланыштуу, жеке өтүнүчү боюнча, - жүргүзүлөт. | 18-берененин 7-пунктунун 4-абзацы: - төмөн турган кызматка карата - тартиптик жаза чараны ишке ашыруу тартибинде, \[аттестациянын жыйынтыгы боюнча\], штаттар кыскартылганда (кызматкерди мурдагы ишине тете кызматка которуу мүмкүнчүлүгү болбогондо), саламаттыгына байланыштуу, жеке өтүнүчү боюнча, - жүргүзүлөт. |
| 16 | 27-берененин 1-абзацы: Кыргыз Республикасынын сот органдарынын, прокуратура органдарынын, Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кызматкерлери, Улуттук коопсуздук министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, салык инспекциясынын жана полициясынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул мыйзамдын 5-статьясына ылайык, алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине же разряддарына теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. | \[27-берененин 1-абзацы: "1. Аскердик наамдары, класстык чиндери, атайын класстык чиндери жана атайын наамдары бар адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда (которулганда), ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык эгер алардын жаңы кызматтары боюнча функциялык ыйгарым укуктары буга чейинки мамлекеттик органда ээлеген кызматынын профилине окшош болсо, буга чейинки аскердик наамдарына, класстык чиндерине, атайын класстык чиндерине жана атайын наамдарына барабар атайын наамдар ыйгарылат. Калган учурларда аскердик наамдары, класстык чиндери, атайын класстык чиндери жана атайын наамдары бар адамдарга атайын наамдар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарылат. Атайын наамды ыйгарууда аскердик наамда, класстык чинде, атайын класстык чинде жана атайын наамда болгон мезгили, ошондой эле алардын буга чейинки мамлекеттик органдагы кызмат өтөгөн (иштеген) жылдары эске алынат.".\] |
| 17 | 47-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо 1. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо бажы органынын кызматкеринин иштеген кызматына ылайык келерлиги жөнүндө маселени чечүү үчүн жүргүзүлөт. 2. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо эки жылда бир жолудан ашырбастан, бирок төрт жылда бир жолудан кемитпестен жүргүзүлөт. Бажы органдарынын кызматкерлерин мөөнөтүнөн мурда аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасынын чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы бекиткен бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо менен аныкталат. | \["47-берене. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин аттестациялоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жагындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".\] |
| 18 | 48-статья. Бажы органдарында кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер 1. Бажы органдарында кызмат өтөө бажы органдарынын кызматкерлери иштен бошотулган же дүйнөдөн кайткан (өлгөн) учурларда токтотулат. 2. Бажы органдарынын кызматкерлери төмөндөгү негиздер боюнча бажы органдарынан бошотулушу мүмкүн: 1) контракттын мөөнөтү бүткөнгө чейин өз каалоосу боюнча; 2) ушул Мыйзамдын 49-статьясында белгиленген чектүү куракка жеткенде; 3) пенсияга укук берген кызмат мөөнөтүн өтөгөндө; 4) \[контрактка каралган\] кызмат мөөнөтү бүткөндө; 5) уюштуруу-штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу; 6) башка мамлекеттик органга которулгандыгына байланыштуу; 7) Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандыгына байланыштуу; 8) ооругандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн кызматкер бажы органдарында кызмат өтөөгө жараксыз экендиги жөнүндө врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде; 9) көрсөтүлгөн кызматкер иштеген кызматына ылайык келбестиги туурасында аттестациялык комиссиянын корутундусуна байланыштуу; 10) кызматтык тартипти бир жолку одоно бузгандыгы же кызматтык тартипти системалуу түрдө бузгандыгы үчүн (кызматтык тартипти одоно бузуулардын тизмеси, ошондой эле "кызматтык тартипти системалуу бузуу" түшүнүгүнүн аныктамасы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип Уставында берилет); 11) кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгондугуна байланыштуу; 12) Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендигине байланыштуу. 3. Ушул статьянын 2-пунктунун 2, 5, 8-11-кичи пункттарында каралган негиздер боюнча бажы органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу \[тийиштүү бажы органынын башчысынын\] демилгеси боюнча ишке ашырылат. Ушул статьянын 2-пунктунун 9, 10, 11-кичи пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, көрсөтүлгөн кызматкер кезектеги өргүүдө болгон мезгилде же ооруп жаткан мезгилде \[бажы органынын башчысынын\] демилгеси боюнча бажы органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотууга жол берилбейт. 4. Ушул статьянын 2-пунктунун 3-кичи пунктунда каралган негиздер боюнча бажы органынын кызматерлерин иштен бошотуу бажы органдарынын кызматкерлеринин демилгеси боюнча же анын макулдугу менен ишке ашырылат. 5. \[Тийиштүү бажы органынын башчысынын\] демилгеси боюнча бажы органдарынын кызматерлерин кызматтан бошотууга төмөндө каралган негиздер боюнча жол берилет: 1) ушул статьянын 2-пунктунун 5-кичи пунктунда каралгандай эгерде бажы органынын кызматкерин бажы органдарында башка бош кызматка которууга мүмкүн болбосо же көрсөтүлгөн кызматкер мындай кызматка которулуудан баш тартса, 2) эгерде бажы органынын кызматкерин бажы органдарындагы башка бош кызматка анын саламаттык абалы боюнча аткарыла турган кызматка которуу мүмкүн болбосо же көрсөтүлгөн кызматкер мындай кызматка которулуудан баш тарткан учурда ушул статьянын 2-пунктунун 8-кичи пунктунда каралган негиздер боюнча жол берилет. | 48-статья. Бажы органдарында кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер 1. Бажы органдарында кызмат өтөө бажы органдарынын кызматкерлери иштен бошотулган же дүйнөдөн кайткан (өлгөн) учурларда токтотулат. 2. Бажы органдарынын кызматкерлери төмөндөгү негиздер боюнча бажы органдарынан бошотулушу мүмкүн: 1) контракттын мөөнөтү бүткөнгө чейин өз каалоосу боюнча; 2) ушул Мыйзамдын 49-статьясында белгиленген чектүү куракка жеткенде; 3) пенсияга укук берген кызмат мөөнөтүн өтөгөндө; 4) \[контрактта каралган шарттар, ошондой эле\] кызмат мөөнөтү бүткөндө; 5) уюштуруу-штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу; 6) башка мамлекеттик органга которулгандыгына байланыштуу; 7) Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандыгына байланыштуу; 8) ооругандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн кызматкер бажы органдарында кызмат өтөөгө жараксыз экендиги жөнүндө врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде; 9) \[аттестациянын же квалификациялык экзамендин жыйынтыгы менен ырасталган жетишсиз квалификациянын натыйжасында ээлеген кызматына ылайык келбөө, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтпөй калган учурда;\] 10) кызматтык тартипти бир жолку одоно бузгандыгы же кызматтык тартипти системалуу түрдө бузгандыгы үчүн (кызматтык тартипти одоно бузуулардын тизмеси, ошондой эле "кызматтык тартипти системалуу бузуу" түшүнүгүнүн аныктамасы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартип Уставында берилет); 11) кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгондугуна байланыштуу; 12) Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендигине байланыштуу. 3. Ушул статьянын 2-пунктунун 2, 5, 8-11-кичи пункттарында каралган негиздер боюнча бажы органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу бажы \[иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин\] демилгеси боюнча ишке ашырылат. Ушул статьянын 2-пунктунун 9, 10, 11-кичи пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, көрсөтүлгөн кызматкер кезектеги өргүүдө болгон мезгилде же ооруп жаткан мезгилде \[бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин\] демилгеси боюнча бажы органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотууга жол берилбейт. 4. Ушул статьянын 2-пунктунун 3-кичи пунктунда каралган негиздер боюнча бажы органынын кызматкерлерин иштен бошотуу бажы органдарынын кызматкерлеринин демилгеси боюнча же анын макулдугу менен ишке ашырылат. 5. \[Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин\] демилгеси боюнча бажы органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотууга төмөндө каралган негиздер боюнча жол берилет: 1) ушул статьянын 2-пунктунун 5-кичи пунктунда каралгандай эгерде бажы органынын кызматкерин бажы органдарында башка бош кызматка которууга мүмкүн болбосо же көрсөтүлгөн кызматкер мындай кызматка которулуудан баш тартса, 2) эгерде бажы органынын кызматкерин бажы органдарындагы башка бош кызматка анын саламаттык абалы боюнча аткарыла турган кызматка которуу мүмкүн болбосо же көрсөтүлгөн кызматкер мындай кызматка которулуудан баш тарткан учурда ушул статьянын 2-пунктунун 8-кичи пунктунда каралган негиздер боюнча жол берилет. |
| 19 | 49-берененин 3-пункту: 3. Ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген чектелген куракка жеткен бажы органдарынын кызматкерлеринин бажы органдарында кызматта болуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы тарабынан ар бир конкреттүү учурда беш жылга чейин, ал эми айрым учурларда жогорку квалификациялуу адистерге карата алардын ишке жөндөмдүүлүгүнө жана саламаттыгына жараша узартылыш мүмкүн. | күчүн жоготту деп табылсын |

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: Жогоруда аталган Мыйзам менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставындагы:

1. 2-пункттун алтынчы абзацындагы "Мекендин" деген сөз "мамлекеттин" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- мыйзамдардын, начальниктин буйруктарынын жана буйрутмаларынын, анттын жана ушул Уставдын кынтыксыз аткарылышын талап кылууга;".

3. 5-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кол алдындагы баш ийүүдөн баш тарткан учурда начальник тартипти калыбына келтирүү үчүн мыйзамдар жана уставдар менен белгиленген мажбурлоо чараларын көрүүгө милдеттүү.".

4. 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"8. Сыйлоо катары мурда жарыяланган жазаны мөөнөтүнөн мурун алып салуу колдонулушу мүмкүн. Кызмат адамынан бир убакта бир гана жаза алынышы мүмкүн. Жарыяланган жазаны мөөнөтүнөн мурун алуу менен катар сыйлоо катарында сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбайт. Кызматтык милдетин аткаруудагы баатырдыгы жана эрдиги үчүн, мамлекетке сиңирген чоң эмгеги үчүн, кызматындагы жогорку көрсөткүчтөр үчүн кызмат адамдары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн. Сыйлыктын түрүн аныктоодо кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгилиги жана ак ниеттүүлүгү, кызматынын мөөнөтү жана кынтыксыздыгы, өзгөчө маанилүү жана оор тапшырмалардын аткарылышы эске алынат. Сыйлыктар бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен берилет. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен тартиптик жаза сыйлык катары бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен гана алынат жана буйрук менен жарыяланат. Кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү бир жылдан эрте алынбайт. Атайын наамын төмөндөтүү катары тартиптик жазаны алып салуу - атайын наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте алынбайт. Атайын наамы төмөндөтүлгөн бажы органдарынын кызмат адамдары ээлеген кызматына карабастан тартиптик жазаны алып салуу менен бир убакта мурдагы атайын наамы калыбына келтирилет. Тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурун алып салуу үчүн тикелей начальниги тийиштүү сунуш катты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. Сыйлыктын түрү болгон алкыш жарыялоо бир кызмат адамы менен катар бажы органынын жалпы өздүк курамына берилиши мүмкүн. Баалуу белек же акчалай сыйлык сыйлыктын түрлөрү бажы органынын кызмат адамына карата төмөнкү ийгиликтери үчүн берилиши мүмкүн:

- өз кызматтык (функционалдык) милдеттерин жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн;

- ишинин жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдүн кыйла жакшыргандыгы үчүн;

- бажы ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдөгү ийгиликтери үчүн;

- бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча айрым иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн.

Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамотасы, грамотасы, төш белгиси же башка ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамота, грамота, төш белги жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка ведомстволук сыйлыктары тууралуу тийиштүү жоболорунда каралган тартипте берилет. Атайын наамды мөөнөтүнөн эрте ыйгаруу же ээлеген кызматы боюнча каралган наамдан бир баскычка жогору наам ыйгаруу түрүндө сыйлоо эрдик көрсөткөн жана жанын аябаган, ошондой эле мыкты аракет көргөн жана кызматындагы жогорку жетишкендик көрсөткөн кызмат адамына берилет. Мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору кезектеги атайын наамды ыйгарууга кызмат адамын мурдагы наамынын белгиленген кызмат мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес жылдары өткөндөн кийин көрсөтүүгө болот. Энчилүү атылбас курал же ок атуучу курал менен сыйлоо түрү баатырдык, эрдик жана кызматтык милдетин аткаруудагы жанын аябай өзгөчө айырмаланган, оперативдүү-кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жеткен жана мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарына өзгөчө эмгек сиңирген, кызмат адамдарына берилүүчү ардактуу сыйлык болуп саналат.".

5. 9-пункт төмөнкү мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:

"5-1) атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү;".

6. 10-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

7. 13 жана 14-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:

"13. Тартиптик жаза берүү тууралуу чечим кабыл алуу үчүн кызматтык териштирүү болушу керек. Ал күнөөлүү адамдарды жана жасалган жоруктун себептерин жана шарттарын табуу максатында жүргүзүлөт. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдан жазуу түрүндө түшүндүрмө алынышы керек. Түшүнүм берүүдөн баш тартуу тартиптик жазаны колдонууга тоскоол боло албайт, эки же андан көп адамдын колу менен акт таризделип, кызматтык териштирүүнүн материалдарына кошо тиркелет. Жорук жасаган кызмат адамы ошол кызмат адамынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары, төмөнкү учурларда кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруудан четтетилет:

1) жумушка алкоголго, баңгизатка же токсикалык мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же бир нече адамдын колу коюлган акт менен ырасталат жана ал кызматтык териштирүүнүн материалдарына кошо тиркелет;

2) ушул Уставдын 12-пунктундагы негиздер боюнча;

3) анттын жана буйруктардын талаптарын аткарбаганда;

4) бажы органынын мүлкүн сактоону бузууга жана укуктан тыш колдонууга алып келген негизсиз чечим кабыл алынганда;

5) кызмат адамы кызматка кабыл алынып жатканда жалган документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген учурда, эгер бул документтер же маалыматтар кызматка кабыл алууга негиз болсо.

Кызмат адамын кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруудан четтетүү тууралуу чечимди бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат. Кызматтан четтетилген бажы органынын кызмат адамы кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин мурдагы ээлеген кызматы боюнча өзүнүн кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткарууну токтотуп, бажы органынын начальнигинин тескөөсүндө болот. Кызматтан четтетүү убагына бажы органынын кызмат адамына төлөнүүчү акча каражаты сакталат. Эгер жасалган жоруктан жазык кылмыштын курамы табылса, кызматтан четтетүү мыйзамдар менен белгиленген тартипте тергөө жана сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Кызмат адамын четтетүүнүн мөөнөтү сегиз айлык мөөнөттөн ашкан убакка созулса бажы органынын кызмат адамына карата иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган жоболор колдонулат. Жасалган укук бузуу үчүн мыйзамда жазык жоопкерчилиги каралган учурларда начальник тергөө органдарына тиешелүү материалдарды берүүгө милдеттүү. Тартиптик жаза жасалган жорук начальникке белгилүү болгон күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек, ал эми кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн же жазык иши козголгон учурда кызматтык териштирүү аяктагандан тартып же жазык ишин козгоодон баш тарткан же токтоткон күндөн тартып күнөөлүүнүн ооруган же өргүүдө же иш сапарда жүргөн убактысын санабаганда бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек. Эгер жорук аныкталган убактан тартып алты айдан ашык убакыт өтсө, ал эми ревизия, финансылык-чарбалык ишти текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жорук жасалгандан эки жылдан көп убакыт өтсө тартиптик жаза колдонулбайт. Аталган мөөнөткө жазык иши боюнча өндүрүшкө кеткен убакыт кирбейт. Кызмат адамы тарабынан даттануу берилген учурда тартиптик жаза берүү токтотулбайт. Тартиптик жаза төмөнкү учурларда колдонулбайт:

- кызмат адамы ооруп жатканда;

- кызмат адамы өргүүдө же иш сапарда болгон мезгилде.

Тартиптик жаза бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен берилет. Тартиптик жаза берүүдө кызматтык тартиптин бузулуусунун жана колдонулуп жаткан тартиптик жаза түрлөрү көрсөтүлөт. Тартиптик жаза колдонулганы тууралуу буйрук кызмат адамынын колун коюу менен жарыяланат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралбаган тартип жазаларды колдонууга тыюу салынат.".

14. Тартиптик жаза берилген кызмат адамын кызматтан көтөрүү, сыйлоо чарасын көрүү тартиптик жаза алынмайынча каралбайт.

Эгер кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилгенден тартып бир жылдын аралыгында бажы органынын кызмат адамы кызматка карата ак ниет мамилеси менен жүрүм-турумун оңдобосо, анда ал белгиленген тартипте кызматтан төмөндөтүү же бажы органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазага белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка тартиптик жаза күнөөлүү адамга тийиштүү таасир бере албай калганда же жасалган жоруктун оордугу жазанын бул түрүнө ылайык келгенде колдонулушу мүмкүн. Атайын наамдан бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү жаза берилген кызмат адамына жазаны жарыялоодо тийиштүү айырмалоочу белгилерди алмаштыруу үчүн убакыт белгиленет. Кызмат адамынын инсандыгын кемсинтип погонду жулуп алуу, бастыра тигилген белгилерди кесип салуу жана башка аракеттерге тыюу салынат. Кызмат адамына буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза, эгер жаза берилгенден тартып бир жылдын ичинде жаңы тартиптик жаза берилбесе ал алынды деп эсептелинет. Бул учурда тартиптик жаза, буйрук чыгарылбастан эле автоматтык түрдө күчүн жоготот, буга кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү жана атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү сыяктуу жаза түрлөрү кирбейт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| № | Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
| --- | --- | --- |
| 1 | 2-пункттун 6-абзацы: - контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө, \[Мекендин\] кызыкчылыктарын коргоого; | 2-пункттун 6-абзацы: - контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө, \[мамлекеттин\] кызыкчылыктарын коргоого; |
| 2 | Жок | \[3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "- мыйзамдардын, начальниктин буйруктарынын жана буйрутмаларынын, анттын жана ушул Уставдын кынтыксыз аткарылышын талап кылууга;".\] |
| 3 | Жок | \[5-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Кол алдындагы баш ийүүдөн баш тарткан учурда начальник тартипти калыбына келтирүү үчүн мыйзамдар жана уставдар менен белгиленген мажбурлоо чараларын көрүүгө милдеттүү.".\] |
| 4 | 8. Ушул Тартип уставынын 7-пунктунун 3-6-пунктчаларында каралган сыйлыктар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жетекчисинин буйруктарынын негизинде гана колдонулат. Бажы органдарынын кызмат адамдарын энчилүү атылбас жана атылуучу курал менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Сыйлыктардын башка түрлөрүн колдонуу жагынан конкреттүү бажы органдарынын башчыларынын укуктары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Тиешелүү башчылар жок болгон учурда алардын укуктары менен аныкталган сыйлоо чараларын алардын милдеттерин аткарган кызмат адамдары толук көлөмдө колдоно алат. Сыйлоонун түрүн аныктоодо бажы органынын башчысы кызмат адамынын өзүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткарышын, кызматынын узактыгын жана кынтыксыздыгын, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткарышын эске алат. Сыйлык берүү, баалуу белек менен сыйлоо түрүндөгү сыйлоо кызмат адамына алкыш жарыялоо же аны Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын Ардак грамотасы менен сыйлоо менен бирге эле колдонулушу мүмкүн. Кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө буйруктар бажы органынын бүткүл жеке курамына маалымдалат. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, бажы кызматынын бөлүмдөрүнө билгичтик менен жетекчилик кылгандыгы жана мамлекетибиздин алдында башка көрүнүктүү сиңирген кызматы, кызматтык ишинде жогорку көрсөткүчтөрү үчүн бажы органдарынын башчылары өзүлөрүнүн карамагындагы кызмат адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. | \["8. Сыйлоо катары мурда жарыяланган жазаны мөөнөтүнөн мурун алып салуу колдонулушу мүмкүн. Кызмат адамынан бир убакта бир гана жаза алынышы мүмкүн. Жарыяланган жазаны мөөнөтүнөн мурун алуу менен катар сыйлоо катарында сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбайт. Кызматтык милдетин аткаруудагы баатырдыгы жана эрдиги үчүн, мамлекетке сиңирген чоң эмгеги үчүн, кызматындагы жогорку көрсөткүчтөр үчүн кызмат адамдары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн. Сыйлыктын түрүн аныктоодо кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы ийгилиги жана ак ниеттүүлүгү, кызматынын мөөнөтү жана кынтыксыздыгы, өзгөчө маанилүү жана оор тапшырмалардын аткарылышы эске алынат. Сыйлыктар бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен берилет. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен тартиптик жаза сыйлык катары бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечими менен гана алынат жана буйрук менен жарыяланат. Кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү бир жылдан эрте алынбайт. Атайын наамын төмөндөтүү катары тартиптик жазаны алып салуу - атайын наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте алынбайт. Атайын наамы төмөндөтүлгөн бажы органдарынын кызмат адамдары ээлеген кызматына карабастан тартиптик жазаны алып салуу менен бир убакта мурдагы атайын наамы калыбына келтирилет. Тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурун алып салуу үчүн тикелей начальниги тийиштүү сунуш катты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. Сыйлыктын түрү болгон алкыш жарыялоо бир кызмат адамы менен катар бажы органынын жалпы өздүк курамына берилиши мүмкүн. Баалуу белек же акчалай сыйлык сыйлыктын түрлөрү бажы органынын кызмат адамына карата төмөнкү ийгиликтери үчүн берилиши мүмкүн: - өз кызматтык (функционалдык) милдеттерин жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн; - ишинин жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдүн кыйла жакшыргандыгы үчүн; - бажы ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдөгү ийгиликтери үчүн; - бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча айрым иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамотасы, грамотасы, төш белгиси же башка ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак грамота, грамота, төш белги жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка ведомстволук сыйлыктары тууралуу тийиштүү жоболорунда каралган тартипте берилет. Атайын наамды мөөнөтүнөн эрте ыйгаруу же ээлеген кызматы боюнча каралган наамдан бир баскычка жогору наам ыйгаруу түрүндө сыйлоо эрдик көрсөткөн жана жанын аябаган, ошондой эле мыкты аракет көргөн жана кызматындагы жогорку жетишкендик көрсөткөн кызмат адамына берилет. Мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору кезектеги атайын наамды ыйгарууга кызмат адамын мурдагы наамынын белгиленген кызмат мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес жылдары өткөндөн кийин көрсөтүүгө болот. Энчилүү атылбас курал же ок атуучу курал менен сыйлоо түрү баатырдык, эрдик жана кызматтык милдетин аткаруудагы жанын аябай өзгөчө айырмаланган, оперативдүү-кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жеткен жана мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарына өзгөчө эмгек сиңирген, кызмат адамдарына берилүүчү ардактуу сыйлык болуп саналат.".\] |
| 5 | 9. Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн бажы органдарынын кызмат адамдарына төмөнкүдөй тартип жазалары колдонулушу мүмкүн: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү; 5) кызматынан төмөндөтүү; 6) бажы органдарынан бошотуу. | 9. Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн бажы органдарынын кызмат адамдарына төмөнкүдөй тартип жазалары колдонулушу мүмкүн: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү; 5) кызматынан төмөндөтүү; \[5-1) атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү;\] 6) бажы органдарынан бошотуу. |
| 6 | 10-пункттун 3-4-абзацтары: Эгерде жаза берилген учурдан тартып бир жылдын ичинде бажы кызматынын кызмат адамы жаңы тартип жазасына тартылбаса, анда тартип жазасы жоюлду деп эсептелет. Жазаны берген башчы тарабынан тартип жазасы бир жыл аяктаганга чейин алып салынышы мүмкүн. | күчүн жоготту деп табылсын. |
| 7 | Пункт 13: 13. Башчы кызмат адамына жаза бергенге чейин жасалган кылмыштын жүйөөлөрүн жана себептерин жеке өзү ар тараптан жана объективдүү териштирүүгө жана күнөөлүү адамдан жазуу жүзүндө түшүнүк катты талап кылууга милдеттүү. Түшүнүк катты берүүдөн баш тартуу күнөөлүү адамды тартип жоопкерчилигинен бошотпойт. Бажы органдарынан бошотуу, кызматынан төмөндөтүү жөнүндө чечим, эреже катары, кызматтык тергөө жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынууга тийиш. Жасалган укук бузуу үчүн мыйзамда жазык жоопкерчилиги каралган учурларда башчы тергөө органдарына тиешелүү материалдарды берүүгө милдеттүү. Тартип жазалары жорук түздөн-түз айкындалганда берилет, бирок ал билинген күндөн тартып кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Жаза чарасы жорук жасалган күндөн тартып алты айдан кийин берилиши мүмкүн эмес. Тартип жазасы төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн эмес: - кызмат адамы ооруп жатканда; - кызмат адамы өргүүдө же иш сапарда болгон мезгилде. | Пункт 13: \["13. Тартиптик жаза берүү тууралуу чечим кабыл алуу үчүн кызматтык териштирүү болушу керек. Ал күнөөлүү адамдарды жана жасалган жоруктун себептерин жана шарттарын табуу максатында жүргүзүлөт. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдан жазуу түрүндө түшүндүрмө алынышы керек. Түшүнүм берүүдөн баш тартуу тартиптик жазаны колдонууга тоскоол боло албайт, эки же андан көп адамдын колу менен акт таризделип, кызматтык териштирүүнүн материалдарына кошо тиркелет. Жорук жасаган кызмат адамы ошол кызмат адамынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары, төмөнкү учурларда кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруудан четтетилет: 1) жумушка алкоголго, баңгизатка же токсикалык мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же бир нече адамдын колу коюлган акт менен ырасталат жана ал кызматтык териштирүүнүн материалдарына кошо тиркелет; 2) ушул Уставдын 12-пунктундагы негиздер боюнча; 3) анттын жана буйруктардын талаптарын аткарбаганда; 4) бажы органынын мүлкүн сактоону бузууга жана укуктан тыш колдонууга алып келген негизсиз чечим кабыл алынганда; 5) кызмат адамы кызматка кабыл алынып жатканда жалган документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берген учурда, эгер бул документтер же маалыматтар кызматка кабыл алууга негиз болсо. Кызмат адамын кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруудан четтетүү тууралуу чечимди бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат. Кызматтан четтетилген бажы органынын кызмат адамы кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин мурдагы ээлеген кызматы боюнча өзүнүн кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткарууну токтотуп, бажы органынын начальнигинин тескөөсүндө болот. Кызматтан четтетүү убагына бажы органынын кызмат адамына төлөнүүчү акча каражаты сакталат. Эгер жасалган жоруктан жазык кылмыштын курамы табылса, кызматтан четтетүү мыйзамдар менен белгиленген тартипте тергөө жана сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Кызмат адамын четтетүүнүн мөөнөтү сегиз айлык мөөнөттөн ашкан убакка созулса бажы органынын кызмат адамына карата иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган жоболор колдонулат. Жасалган укук бузуу үчүн мыйзамда жазык жоопкерчилиги каралган учурларда начальник тергөө органдарына тиешелүү материалдарды берүүгө милдеттүү. Тартиптик жаза жасалган жорук начальникке белгилүү болгон күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек, ал эми кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн же жазык иши козголгон учурда кызматтык териштирүү аяктагандан тартып же жазык ишин козгоодон баш тарткан же токтоткон күндөн тартып күнөөлүүнүн ооруган же өргүүдө же иш сапарда жүргөн убактысын санабаганда бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек. Эгер жорук аныкталган убактан тартып алты айдан ашык убакыт өтсө, ал эми ревизия, финансылык-чарбалык ишти текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жорук жасалгандан эки жылдан көп убакыт өтсө тартиптик жаза колдонулбайт. Аталган мөөнөткө жазык иши боюнча өндүрүшкө кеткен убакыт кирбейт. Кызмат адамы тарабынан даттануу берилген учурда тартиптик жаза берүү токтотулбайт. Тартиптик жаза төмөнкү учурларда колдонулбайт: - кызмат адамы ооруп жатканда; - кызмат адамы өргүүдө же иш сапарда болгон мезгилде. Тартиптик жаза бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен берилет. Тартиптик жаза берүүдө кызматтык тартиптин бузулуусунун жана колдонулуп жаткан тартиптик жаза түрлөрү көрсөтүлөт. Тартиптик жаза колдонулганы тууралуу буйрук кызмат адамынын колун коюу менен жарыяланат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралбаган тартип жазаларды колдонууга тыюу салынат.".\] |
| 8 | Пункт 14: 14. Тартип жазасын колдонуу жагынан конкреттүү бажы органдарынын башчыларынын укуктары Кыргыз Республикасынын бажы иши боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Тиешелүү башчылар жок болгон учурда алардын укуктарында аныкталган жазалоо чараларын алардын милдеттерин аткарган кызмат адамдары толук көлөмдө колдоно алат. Эгерде кызмат адамына карата бул башчынын укуктарынын чегинен чыккан тартип жазасын колдонуу зарыл болсо, ал бул жөнүндө жогору турган башчыга жазуу жүзүндө өтүнмө берет. Эгерде жогору турган башчы бул жазаны жасалган жоруктун оордугуна ылайык келбейт деп тапса, төмөн турган башчы белгилеген тартип жазасын (өзүнө берилген укуктардын чектеринде) алып салууга, жеңилдетүүгө же күчөтүүгө укуктуу. | \[Пункт 14: 14. Тартиптик жаза берилген кызмат адамын кызматтан көтөрүү, сыйлоо чарасын көрүү тартиптик жаза алынмайынча каралбайт. Эгер кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилгенден тартып бир жылдын аралыгында бажы органынын кызмат адамы кызматка карата ак ниет мамилеси менен жүрүм-турумун оңдобосо, анда ал белгиленген тартипте кызматтан төмөндөтүү же бажы органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазага белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка тартиптик жаза күнөөлүү адамга тийиштүү таасир бере албай калганда же жасалган жоруктун оордугу жазанын бул түрүнө ылайык келгенде колдонулушу мүмкүн. Атайын наамдан бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү жаза берилген кызмат адамына жазаны жарыялоодо тийиштүү айырмалоочу белгилерди алмаштыруу үчүн убакыт белгиленет. Кызмат адамынын инсандыгын кемсинтип погонду жулуп алуу, бастыра тигилген белгилерди кесип салуу жана башка аракеттерге тыюу салынат. Кызмат адамына буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза, эгер жаза берилгенден тартып бир жылдын ичинде жаңы тартиптик жаза берилбесе ал алынды деп эсептелинет. Бул учурда тартиптик жаза, буйрук чыгарылбастан эле автоматтык түрдө күчүн жоготот, буга кызматка толук ылайык келбей тургандыгы жөнүндө эскертүү жана атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү сыяктуу жаза түрлөрү кирбейт.".\] |
