# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16509/edition/486985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (10.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95065

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-июну № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлердү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгертүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) темөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 163-беренеде:

- 2-бөлүгү "Коомдук коопсуздукка" деген сөздөрдөн мурда "экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар," деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-бөлүгүндө "186" жана "195-203" деген цифралар иретине жараша "185" жана "195-197, 199-203" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 6-бөлүгүндө:

"290, 291-статьялары" деген цифралар жана сөз "290-беренеси" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын; "финансылык полиция" деген сөздөр "ички иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган үндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолоду киргнзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин азыркы редакциясы | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор |
| --- | --- |
| 163-статья. Тергөөнүн караштуулугу (1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), үйбүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 231, 234-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255-264-статьялары), жолдо жүрүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-339-статьялары) жана башкаруу тартибине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (2) Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3) Адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьянын үчүнчү бөлүгү, 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 142-145, 146-1-149, 152-статьялары). экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары) кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-1, 305-1, 305-2-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-335-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмышта (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (4) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (5) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-186, 188-193, 195-203, 208, 209, 211-225-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө финансылык полиция органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө финансылык полиция органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (10) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы), тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171. 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (12) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303. 304, 305, 306-309, 315, 316-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын, финансы полициясынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (13) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-314-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын, финансы полициясынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүңдө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө финансы полициясынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет. (17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат. (18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт. | 163-статья. Тергөөнүн караштуулугу (1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), үйбүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 231, 234-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255-264-статьялары), жолдо жүрүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-339-статьялары) жана башкаруу тартибине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (2) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 198-статьясы), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүңдө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3) Адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьянын үчүнчү бөлүгү. 137-статьянын экинчи бөлүгү. 138-статья. 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 142-145, 146-1-149, 152-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-1. 305-1. 305-2-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-335-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (4) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (5) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-185, 188-193, 195-197, 199-203, 208, 209, 211-225-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө финансылык полиция органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (10) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы), тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүңдө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171, 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (12) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303, 304, 305, 306-309, 315, 316-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын, финансы полициясынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (13) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-314-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын, финансы полициясынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүңдө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө финансы полициясынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет. (17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат. (18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт. |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы полициясы мамлекеттик кызматынын төрагасы

М.Джакыпбаев
