# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16504/edition/995707/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95058

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 25-апрели № 186 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын, аны талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын жана өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
