# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги №191 "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги №191 "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16503/edition/380522/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги №191 "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (26.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95056

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 26-апрели №191 "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган, Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик процедураларды аткарганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
