Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели №190 Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №378 "2011-жылды - Курманжан Датка жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2011-жылдын 28-февралындагы №53 "Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин жогорку уюштуруучулук деңгээлде майрамдоону өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.
2. Тиркелген Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Мамлекеттик дирекция өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелээри жана өз ишин өзүн өзү каржылоо принциптеринде жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленсин.
4. Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси дайындалгандан кийин бир жумалык мөөнөттө Мамлекеттик дирекциянын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
5. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда ага ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 29-апрелинде № 32-33 жарыяланды
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 15-июнундагы № 311 Э(Курманжан Датка жылына жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча…Распоряжение · 15.06.2011 · № 311
- Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" ЖОБОсуПоложение · 25.04.2011 · № 190
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №378 "2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.12.2010 · № 378
- КР Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык маарекесин даярдоо жана өткөрүү боюнча…Указ · 28.02.2011 · № 53
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.