# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №188 "Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №188 "Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16500/edition/407925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №188 "Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (14.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95053

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-апрелин №188 Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 5-пунктуна ылайык, бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын жүргүзүү жана азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө чекене баалардын өсүү темпин ооздуктоо, калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте ай сайын, айдын 15ине чейин бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө тиешелүү сунуштарды киргизип турсун.

4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 29-апрелинде № 32-33 жарыяланды

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №188 токтому менен бекитилген

Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ

1. Буудай, кара буудай ун.

2. Нан (бөлкө нан).

3. Пастерленген сүт.

4. Өсүмдүк майы.

5. Жууган май.

6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти).

7. Кумшекер.

8. Күрүч.

9. Чай.
