Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 августа 2012 года № 561 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О государственном регулировании цен на отдельные виды социально значимых продовольственных товаров" от 22 апреля 2009 года № 242 "» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-14.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-апрелин №188 Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 5-пунктуна ылайык, бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын жүргүзүү жана азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө чекене баалардын өсүү темпин ооздуктоо, калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте ай сайын, айдын 15ине чейин бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө тиешелүү сунуштарды киргизип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 29-апрелинде № 32-33 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №188 токтому менен бекитилген
Бааларын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Буудай, кара буудай ун.
2. Нан (бөлкө нан).
3. Пастерленген сүт.
4. Өсүмдүк майы.
5. Жууган май.
6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти).
7. Кумшекер.
8. Күрүч.
9. Чай.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым…Постановление · 14.08.2012 · № 561 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым…Постановление · 14.08.2012 · № 561 · Күчүн жоготкон