# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16498/edition/1054638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95050

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 25-апрели №185 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында, офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) маселелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын, аны кынтыксыз аткарууну камсыздашсын жана өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын маселелери" жөнүндө токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-июнундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы №281 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскер кызматын өтөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-ноябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы № 281 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскердик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицердик курамынын аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
