# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16492/edition/753599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (19.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95037

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 20-апрели №179 Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарын аткаруу үчүн, нотариалдык иш жүргүзүүнү мындан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди аткаруунун тартиби жөнүндө нускама;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча нускама;

- Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама;

- Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама;

- Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама;

- Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечимдерин аталган токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

А.Атамбаев
