# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16491/edition/1149980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтому (10.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95035

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 20-апрели №178

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 31-декабры № 895, 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 , 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82, 2025-жылдын 27-январындагы № 39 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, илимий жана жогорку билим берүү системасын реформалоо, бирдиктүү илимий-изилдөө жана билим берүү борборун түзүү жана илимий-педагогикалык потенциалды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставы;

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмү.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-мартындагы № 126 "Кыргыз агрардык академиясын К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине кайра уюштуруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын агрардык илимий-изилдөө институттарын каржылоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 42-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Тиркеме

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин

ТҮЗҮМҮ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
