Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Шаар жана айыл жериндеги калктуу конуштарда профилактикалык дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жумуштарын аткаруу жана тейлөө нормалары жөнүндө» ЖОБОсу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №173 токтому менен бекитилген
Шаар жана айыл жериндеги калктуу конуштарда профилактикалык дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жумуштарын аткаруу жана тейлөө нормалары жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Шаар жана айыл жериндеги калктуу конуштарда профилактикалык дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жумуштарды тейлөөнүн жана аткаруунун бирдиктүү нормалары менчигинин түрүнө жана таандыгына карабастан профилактикалык дезинфекция мекемелерде (бөлүмдөрдө, бөлүмчөлөрдө) колдонулууга милдеттүү.
2. Бул нормалар жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) профилактикалык дезинфекциялоо боюнча жумуштарда иштеген дезинфекторлордун эмгегин нормага салууну уюштуруу үчүн арналат.
3. Өзүнчө квартираларды бир жолку арыз боюнча дератизациялоо жана дезинсекциялоо, жеке шкафчаларды дезинсекциялоо, утилдик сырьену, кудуктарды дезинфекциялоо, кудуктардагы сууну хлордоо боюнча жумуштарга иштөө нормалары гана берилди.
4. Аткаруу нормалары 6 сааттык иш нөөмөттүн (алты күндүк иш апта) жана 7,2 сааттык иш нөөмөттүн (беш күндүк иш апта) узактыгын эсепке алуу менен чыгарылды.
5. Айыл жери үчүн иш аткаруу нормалары климаттык жана жаратылыштык шарттарга, транспорттук мүмкүндүктөргө жараша белгиленди.
II. Профилактикалык дезинфекцияны жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары
6. Профилактикалык дезинфекциялоого тейлөөнүн ведомстволук бирдиктүү нормалары төмөнкүдөй жабдуулардын колдонулушун эске алуу менен белгиленди:
- дезинфектанттардын жана инсектициддердин ишке даярдалган эритиндилерин чачыратуу үчүн аппараттар (РП-0 гидропульт, кол менен иштетилчү поршендүү суюктук чачыраткыч, "Квазар М-6,9", "Автомакс" насостуу кол менен иштетилчү чачыраткыч, РПД-1П чаң соргуч менен иштетилчү суюктук чачыраткыч);
- порошок түрүндөгү инсектициддерди чачыратуу үчүн аппараттар (желим груша, порошоктор үчүн кол менен чачыраткыч);
- кемирүүчүлөрдү механикалык жол менен кармачу жана жок кылуучу жабдыктар (пружиналуу капкандар, № 1 жана № 0 иймек капкандар, кылтак-тузактар, келемишти, чычканды тирүү кармагыч, В.Н.Тишлеевдин системасындагы кылтактар).
7. Тейлөө жана ишти аткаруу нормалары профилактикалык дезинфекциялоо боюнча жумуштарды аткаруунун кыйла кеңири таралган төмөнкүдөй уюштуруучу-техникалык шарттарды эске алуу менен иштелип чыккан:
- тейленүүчү бир объекттен экинчисине барууга убакытты болушунча үнөмдөө үчүн дезинфекторлорду сарамжалдуу дайындоо;
- дезинфекторду оң аппаратура, керектүү жабдыктар, дезинфекциялоочу каражаттар жана атайын кийим менен өз убагында жана жетиштүү камсыздоо;
- жалпы салмагы 10 кг чейинки керектүү материалдарды, аспаптарды, коргоочу шаймандарды жана башка жабдыктарды, ошондой эле иш үчүн керектүү дезинфекциялоочу каражаттарды дезинфектордун иштечү жерге өзүнүн көтөрүп же ташып ала баруусу;
- дезинфектор иштетилчү аянттагы предметтерди иш убагында керектүү абалга которуу;
- дезинфекторго объектке чыгарда берилчү документтерди мурдатан жазып коюу;
- оң жабдууларды жана шаймандарды колдонуу (кол менен сугаруу жана чачыратуу үчүн гидропульттарды, автоклавдарды, чачыраткычтарды, сугаргычтарды, чачкычтарды, желим грушаларды жана түзүлүшү, өндүрүмдүүлүгү боюнча окшош башка аппараттарды жана жабдыктарды, ошондой эле машина-кол менен суулап иштетүү үчүн автомашиналардагы механикалык орнотмолорду);
- жумуштарды атайын даярдыктан өткөн дезинфектордун аткарышы;
- дезинфектордун карамагына берилген жабдууларды жана шаймандарды, өздүк профилактика каражаттарын туура пайдалануу жана эмгекти жана коопсуздук ыкмаларын аткаруу боюнча бекитилген эрежелерди сактоо, ошондой эле жумуштарды жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жоболоруна жана нускамаларына ылайык жүргүзүү.
8. Эмгекти уюштуруунун жоюлушу профилактикалык дезинфекция мекемелерден (бөлүмдөрдөн, бөлүмчөлөрдөн) көз каранды болгон кемчиликтери нормаларды колдонбоого негиз боло албайт.
III. Профилактикалык дезинфекцияны жүргүзүүдө тейлөөнүн нормаларын жана аткаруунун нормаларын эсептөөнүн методикасы
9. Тейлөө нормалары (Тн) - бул колдо болгон уюштуруучулук-техникалык шарттарда дератизациянын, дезинсекциянын жана дезинфекциянын натыйжалуулугуна жетишүү үчүн керектүү санитардык-профилактикалык, жок кылуучу жана контролдук иштерди аткаруу үчүн бир дезинфекторго тийиштүү убакытка (ай, жыл, сезондук жумуштарды аткарууда - ай гана) бекитип берилген аянттагы (миң кв.м, га) же объекттердеги бирдиктердин регламентке салынган саны (физикалык өлчөөдө).
10. Тейлөө нормалары дезинфекторлордун ченемдик санын (ставкаларын) эсептөөгө милдеттүү.
11. Тейлөө нормалары келтирилбеген жумуштарды аткаруу үчүн керектүү дезинфекторлордун саны жумушту аткаруунун нормалары боюнча эсепте чыгарылат.
12. Аткаруу нормалары (Ан) - бул профилактикалык дезинфекция боюнча жумуштардын регламенттелген көлөмү, ал аянттын, аймактын бирдиктери же объекттердин ж.у.с. саны менен көрсөтүлөт, аткаруу нормасы бир дезинфектор тарабынан иш нөөмөттүн ичинде колдо болгон уюштуруу-техникалык шарттарда аткарылууга тийиш.
13. Аткаруу нормалары милдеттүү болуп эсептелбейт жана дезинфекторлорго нөөмөттүк тапшырмаларды белгилөөдө колдонуу үчүн сунушталат.
14. Тейлөө жана жумушту аткаруу нормалары профилактикалык дезинфекция боюнча жумуштардын эмгектик талап кылышына жараша белгиленди.
Объекттин орточо чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Sфиз O = ------, мында №
Sфиз - келишимге ылайык тейлөөдө турган физикалык аянт; № - келишим боюнча тейлөөдө турган объекттердин саны.
15. Келишимдеги объект деп бир чатырдын астындагы курулма эсептелет, ал эми бир курулманын ичинде бир нече ишкана жана мекеме бар болсо, келишимдик объект деп бир ишкананын же мекеменин бардык бөлмө-жайлары эсептелет.
16. Объекттин орточо чоңдугу профилактикалык дезинфекциялоо жумуштарынын ар бир түрү боюнча эсептеп чыгарылат. Жумуштардын айрым түрлөрүндө тейлөө, жумуштарды аткаруу нормалары тийиштүү таблицалар боюнча графалар менен тийиштүү сандардын чоңдук факторлорунун кесилиши боюнча аныкталып, андан кийин оңдоочу коэффициенттер менен түзөтүлөт.
17. Дезинфекторлор профилактикалык дезинфекциялоо боюнча жумуштун ар кандай түрлөрүн аткарышканда тейлөө көлөмү сарамжалдуу күч келүү камсыздалгыдай, б.а. төмөнкү шарттар сакталган эсеп менен белгиленет:
- жылга (айга) аныкталган жүктөмдө:
Q1 Q2 Qп --- + --- + ... + --- = 1, мында Н01 Н02 Н0п
Q1; Q2; ...; Qп - бир дезинфектор тийиштүү мезгилде (жыл, ай) аткарууга тийиш болгон профилактикалык дезинфекциялоо боюнча жумуштардын айрым түрлөрүнүн көлөмү (физикалык өлчөмдө); Н01; Н02; ...; Н0п - профдез-жумуштардын тийиштүү түрлөрү боюн- ча тейлөө нормалары; Q1 Q2 Qп --- + --- + ... + --- - профдез-жумуштардын тийиштүү түрүн аткару- Н01 Н02 Н0п унун эмгекти талап кылуусу (адам/жыл же адам/ай).
18. Профдезинфекция мекемелери (бөлүмдөрү, бөлүмчөлөрү) үчүн дезинфекторлордун ченемдик саны (Чс) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Q1 М1 Q2 М2 Q М Чн = --- -- + --- -- + ... + --- --, мында Н01 12 Н02 12 Ноп 12
Q1; Q2; ...; Qн - түзүлгөн келишимдерге ылайык профдез-жумуш- тардын айрым түрлөрүнүн пландык көлөмү (фи- зикалык өлчөмдө); Н01; Н02; ...; Н0п - жумуштун тийиштүү түрлөрү боюнча тейлөө нормалары; М1; М2; ...; Мп - жыл ичинде профдез-жумуштардын айрым түрлөрүн жүргүзүү мезгили (айлардын саны).
Баштапкы маалыматтар жана дезинфекторлордун санын эсептөө
| Профилактикалык дезинфекция боюнча ├────────────────────┬───────┬─────────┬─────────┼ жумуштардын түрлөрү ├─────────┬──────────┤ саны | Баштапкы маалыматтар жумуштардын пландуу көлөмү аткарылат өлчөө бирдиги | объект- тердин иштетүү ылайык тейленчү физикалык аянт | канча жолу | жыл ичинде | мезгили (айлардын саны) | ||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | ||
| Дератизация | миң кв.м | 1467 | |||||
| Дезинсекция: | 218,4 | 2700 | жылына 12 жолу | 12 | |||
| Үйдөгү курт-кумурскаларга каршы күрөшүү | миң кв.м | 47,6 | 320 | жылына 20 жолу | 12 | ||
| Үйдөгү чымындарды жок кылуу | миң кв.м | 3250 | 195 | айына 2 жолу | 5 | ||
| Чымындарды төлдөгөн жеринен жок кылуу | объект | айына 3 жолу | 7 | ||||
| Дезинфекция: | 13,1 | ||||||
| Бөлмө-жайларды | миң кв.м | 290 | 42 | жылына 96 жолу | 12 | ||
| Канализациясыз дааратканаларды | прибор | жылына 96 жолу | 12 | ||||
| Келишим боюнча тейлөө бардыгы: | |||||||
| Ченемдик санды эсептөө ┼────────┬───────┬───────┬─────────────────────┬────────┤ эсептелген объект- тин орточо чоңдугу (О) кв.м (гр.3 : гр.4) х 1000 | Бир жылга таблица боюнча тейлөө нормасы | норма- тивдик табли- ├─────┬───────┬───────┤ коэффи- цанын № | оңдоочу коэффициенттер сан К1 - канча жолу | гр.8 х гр.12 К2 - толук дерати- зацияга | ченемдик (штаттык) К жалпы = К1 х К2 | циентти эске алуу менен тейлөө нормасы | гр.3 гр.6 ----- х ---- гр.13 12 |
| 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 540 | 52,0 | 1,8 | |||||
| 682 | 13,9 | 1,4 | 1 | 1,8 | 1,8 | 15,67 | |
| 244 | 20,5 | 1 | 1,4 | 1,4 | 11,2 | ||
| 400 | 0,66 | 1 | 1 | 0,97 | |||
| 0,66 | 0,66 | 7,2 | |||||
| 312 | 12,3 | 0,25 | |||||
| 1440 | 0,25 | 0,25 | 0,25 | 4,25 | |||
| 0,25 | 0,25 | 0,83 | |||||
Эскертүү:
1) 10-графада (К1) оңдоочу коэффициент келтирилди, анда ченемдик таблицаларга эскертүүгө ылайык иштетүүнүн канча жолу экени эске алынган.
2) 11-графада (К2) оңдоочу коэффициент келтирилди, анда жүргүзүлчү дератизациянын мүнөзү (дайым толук же айрым жерлер) эске алынган. Дайыма толугу менен дератизациялоодо 1,25ке барабар коэффициент колдонулат. Айрым бөлүгүн дератизациялоодо 1,0 го барабар оңдоочу коэффициент колдонулат.
3) Толугу менен дератизациялоого коэффициент жыл ичинде ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик турак жай фондунун 95 же андан ашык процентин 6 жолудан кем эмес, ошондой эле жеке курулган үйлөрдүн 75 жана андан ашык проценттин жыл ичинде 2 жолудан кем эмес тейлеген шартта колдонулат.
4) Сезондук жумуштарды жүргүзүү (чымындарды, чиркейлерди жок кылуу) үчүн дезинфекторлордун саны (ставкалардын саны) жумуштардын көлөмүн нормалардын жыйнагына ылайык тейлөөнүн тийиштүү нормасына бөлүү
М жолу менен аныкталат, ал эми жылдык орточо сан алынган чоңдукту К= -- 12 формула боюнча аныкталчу коэффициентке көбөйтүү жолу менен эсептелет, мында М - иштетүү жүргүзүлчү айлардын саны.
5) Жыйнакта тейлөөнүн нормасы көрсөтүлбөгөн жумуштарды аткаруу үчүн дезинфекторлордун ченемдик саны ишти аткаруу нормасы боюнча төмөнкүдөй формула менен эсептелет:
Qo1 Qo2 Qoп Ч = ------- + ------- + ... + -------, мында Нв1 х Д Нв2 х Д Нвп х Д
Qo1; Qo2; ...; Qoп - түзүлгөн келишимдерге жараша профдез-жумуш- тардын айрым түрлөрүнүн көлөмү (операциялык өлчөмдө); Нв1; Нв2; ...; Нвп - жумуштардын тийиштүү түрлөрүн аткаруу норма- лары; Д - жылдагы күндөрдүн саны.
IV. Дератизация
19. Дератизация иштери Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачынын 1997-жылдын 25-июлундагы буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында боз келемишке каршы күрөшүүнүн методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.
20. Кемирүүчүлөр болгон жана алардан арылтылган объекттерде жүргүзүлчү жумуштардын санын дезинфектолог врач аныктайт.
21. Жумуштун курамы.
Объекттин ичин, бардык кабаттарын, чатырларын, көмөкчү жайларын, жанындагы ачык аянттарды изилдөө. Ууланган жемди, ууланган суюктуктарды, кемирүүчүлөрдү уулантуунун узакка таасир этүүчү заттарын, контролдук жана контролдоочу жок кылуучу аянттарды, кармоонун механикалык жабдыктарын жана жабышкак массаны жайгаштыруу, ийиндерге уу чачуу жана кемирүүчүлөрдү жок кылуунун башка ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу. Контролдук жана контролдоочу жок кылуучу аянттарды, кармоонун механикалык жабдыктарын, узакка таасир эткен уулантуучу жерлерди текшерүү. Жарабай калган жемдин калдыктарын жана өлгөн кемирүүчүлөрдү чогултуу жана жок кылуу. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иш-чараларды жүргүзүү. Санитардык-агартуучу ишти жүргүзүү.
Шаарлар, райондук борборлор жана айыл жери үчүн дератизация жумуштарында тейлөөнүн нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м ├───────────────┬──────────────────┬─────────────────┤ ├───────────────┴──────────────────┴─────────────────┤ | Шаардагы, райондук борбордогу жана айылдагы калктын саны (миң адам) 200 миңге чейин Тейлөө нормасы, миң кв.м | 201 миңден 500 миңге чейин | 501 миңден - 1 млн. адамга чейин |
|---|---|---|---|
| 500гө чейин | 24 | 30,1 | 36,4 |
| 501-600 | 24,5 | 34,3 | 42,5 |
| 601-700 | 26,8 | 35,8 | 44,6 |
| 701-800 | 29,6 | 37,2 | 46,7 |
| 801-900 | 30,4 | 38,6 | 48,7 |
| 901-1000 | 33,2 | 40,0 | 50,8 |
| 1001-1100 | 36 | 41,4 | 52,8 |
| 1101-1200 | 38,8 | 42,8 | 54,9 |
| 1201-1300 | 41 | 44,2 | 57,0 |
| 1301-1400 | 46,6 | 45,6 | 59,1 |
| 1401-1500 | 49,4 | 47,0 | 61,2 |
| 1501-1600 | 52,2 | 48,4 | 63,3 |
Эскертүү:
1) Тейлөө нормасы такай толугу менен дератизациялоого белгиленген. Толук дератизациялоодо тейлөө нормасы 1,25 коэффициентке көбөйтүлөт.
2) Иштетүүнүн санын эске алуу менен тейлөөнүн нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жыл ичинде иштетүү саны | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 5,1 | 4,1 | 3,4 | 3,1 | 2,7 | 2,4 | 2,2 | 2,0 |
| Жыл ичинде иштетүү саны | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18-22 | 28-36 |
| Оңдоочу коэффициент | 1,8 | 1,7 | 1,6 | 1,5 | 1,4 | 1,3 | 1,2 | 0,9 |
Объекттер бири биринен 10 км ашык алыс жайгашкан жана иштетүү саны төмөнкүдөй болсо:
| Жыл ичинде иштетүү | 1ден - 3 | 4төн - 6 | 7ден -12 | 13төн -18 | 19дан - 24 | 25тен - 30 |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 0,5 | 0,55 | 0,6 | 0,65 | 0,7 | 0,8 |
Дератизация боюнча тейлөөгө келишим түзгөндө бардык жайлардын жана кабаттардын, анын ичинде жертөлөнүн, чатырдын аянттары жана көмөкчү курулуштардын аянттары эсепке алынат. Аянты 100 кв.м чейинки жайлар келишимде 100 кв.м катары эсептелет.
Шаарлар, райондук борборлор жана айыл жери үчүн дератизация боюнча жумуштарын аткаруунун нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м├─────────────────────────┬──────────────────────────┤ ├─────────────────────────┼──────────────────────────┤ ├───────┬────────┬────────┼───────┬────────┬─────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин | 7,2 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин | 200 миң адамга чейин | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 300гө чейин | 2000 | 2600 | 3900 | 2400 | 3120 | 4680 |
| 301-400 | 2100 | 2700 | 4000 | 2520 | 3240 | 4800 |
| 401-500 | 2200 | 2800 | 4100 | 2640 | 3360 | 4920 |
| 501-600 | 2300 | 2900 | 4200 | 2760 | 3480 | 5040 |
| 601-700 | 2400 | 3000 | 4300 | 2880 | 3600 | 5160 |
| 701-800 | 2600 | 3200 | 4500 | 3120 | 3840 | 5400 |
| 801-900 | 2800 | 3400 | 4700 | 3360 | 4080 | 5640 |
| 901-1000 | 2900 | 3600 | 4900 | 3480 | 4320 | 5880 |
| 1001-1100 | 3000 | 3800 | 5100 | 3600 | 4560 | 6120 |
| 1101-1200 | 3100 | 4000 | 5300 | 3720 | 4800 | 6360 |
| 1201-1300 | 3200 | 4200 | 5500 | 3840 | 5040 | 6600 |
| 1301 жана андан көп | 3300 | 4400 | 5700 | 3960 | 5280 | 6840 |
| Бир дезинфекторго бир жолку дератизация | 1000 | 1500 | 2000 | 1200 | 1800 | 2400 |
Эскертүү:
1) Тейлөө нормалары толугу менен эмес такай дератизацияга белгиленген. Толук дератизацияда тейлөө нормасы 1,25 коэффициентке көбөйтүлөт.
2) Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жыл ичинде иштетүү | 1ден - 3 | 4төн - 6 | 7ден -12 | 13төн -18 | 19дан -24 |
|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 0,7 | 0,85 | 0,9 | 0,95 | 1,00 |
Жеке үйлөрдү жана өзүнчө квартираларды бир жолку арыз боюнча дератизациялоо жумуштарын аткаруу нормалары
| Иштетилчү объекттин категориясы | Өлчөө бирдиги ├──────────────────┬──────────────────┤ ├─────────┬────────┼─────────┬────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат шаарлар жана райондук борборлор | 7,2 саат айылдар | шаарлар жана райондук борборлор | айылдар |
|---|---|---|---|---|---|
| Өзүнчө квартиралар | Объект | 5 | 4 | 6 | 4,8 |
| Жеке үйлөр | Объект | 6 | 5 | 7,2 | 6 |
Эскертүү:
1) Объект - аянты 30. кв.м чейинки квартира, аянты 100 кв.м. чейинки жеке үй.
2) Аянты 30 кв.м ашык квартиралар аянты канча экенине жараша бир нече (1,5; 2) квартира деп эсептелсин.
3) Аянты 100 кв.м чейинки жеке үйлөр 100 кв.м деп эсептелет, 100 кв.м ашыктар аянты канча экенине жараша бир нече (1,5; 2,0) объект катары эсептелсин.
V. Дезинсекция
Үй-жайдагы курт-кумурскаларга каршы күрөш (таракандар, жаныбарлардын бити, бүргөлөр, үйдөгү сары кумурскалар)
22. Үй-жайдагы курт-кумурскаларды жок кылуу боюнча иштер инсектициддерди колдонуу боюнча нускамаларга ылайык аткарылат. Курт-кумурскалар болгон жана алардан арылтылган объекттерде жүргүзүлчү жумуштардын санын дезинфектолог врач аныктайт.
23. Жумуштун курамы.
Объектти келишимдик мезгилдин ичинде изилдөө. Жумуш үчүн инсектициддердин эритиндисин даярдоо. Инсектицидди чачыратуу, куюу, кисти менен сыйпоо, инсектицид жемди коюу, жемге суюктукту (сууну) толуктап куюу, жарабай калган жемди алуу, аэрозоль баллондорду, түтөткүлөрдү жана жок кылуунун башка каражаттарын колдонуу. Курт-кумурскалар топтолгон жана жүргөн жерлерди препараттар менен иштетүү. Механикалык каражаттарды колдонуу (тузактар, капкандар, жабышкактар, чаң соргуч менен кармоо). Дезинсекциянын натыйжалуулугун сурамжылоо, кароо жолу менен жана аттрактанттарды, жабышкак барактарды пайдаланып провокациялык ыкмаларды, тузактарды колдонуу менен текшерүү. Тузактарды жана жем салынган идишти текшерүү, аларга түшкөн курт-кумурскаларды эсептөө, тузактарды жыйноо. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Шаарлар, райондук борборлор жана айылдар үчүн үй-жайдагы курт-кумурскаларга каршы күрөшүү иштериндеги тейлөөнүн нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м ├───────────────┬──────────────────┬─────────────────┤ ├───────────────┴──────────────────┴─────────────────┤ | Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин Тейлөө нормасы, миң кв.м | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1 млн. чейин |
|---|---|---|---|
| 300гө чейин | 7,85 | 8,2 | 9,8 |
| 301-400 | 9,4 | 8,9 | 10,3 |
| 401-500 | 9,8 | 9,6 | 10,8 |
| 501-600 | 10,0 | 10,3 | 11,3 |
| 601-700 | 10,5 | 11,0 | 11,7 |
| 701-800 | 11,0 | 11,7 | 12,2 |
| 801-900 | 11,5 | 12,4 | 12,7 |
| 901-1000 | 12,0 | 13,1 | 13,2 |
| 1001-1100 | 12,5 | 13,4 | 13,7 |
| 1101-1200 | 13,0 | 14,2 | 14,2 |
| 1201-1300 | 13,5 | 14,5 | 14,7 |
| 1301-1400 | 14,0 | 15,0 | 15,2 |
| 1401 жана андан ашык | 14,5 | 15,1 | 15,7 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санын эске алуу менен ишти аткаруунун нормалары төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жыл ичинде иштетүү саны | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 21,6 | 10,80 | 7,20 | 5,40 | 4,30 | 3,60 | 3,40 | 3,00 |
| Жыл ичинде иштетүү саны | 9 | 10 | 11 | 12 | 13-15 | 16-18 | 19-21 | 22-24 |
| Оңдоочу коэффициент | 2,7 | 2,4 | 2,2 | 2 | 1,9 | 1,5 | 1,4 | 1,2 |
Шаарлар, райондук борборлор жана айылдар үчүн үй-жайдагы курт-кумурскаларга каршы күрөшүү иштериндеги жумуштарды аткаруунун нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м├─────────────────────────┬──────────────────────────┤ ├─────────────────────────┼──────────────────────────┤ ├───────┬────────┬────────┼───────┬────────┬─────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин | 7,2 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин | 200 миң адамга чейин | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 300гө чейин | 600 | 650 | 750 | 720 | 780 | 900 |
| 301-400 | 650 | 700 | 800 | 780 | 840 | 960 |
| 401-500 | 700 | 750 | 850 | 840 | 900 | 1020 |
| 501-600 | 750 | 800 | 900 | 900 | 960 | 1080 |
| 601-700 | 800 | 850 | 950 | 960 | 1020 | 1140 |
| 701-800 | 850 | 900 | 1000 | 1020 | 1080 | 1200 |
| 801-900 | 900 | 950 | 1050 | 1080 | 1140 | 1260 |
| 901-1000 | 900 | 1000 | 1100 | 1080 | 1200 | 1320 |
| 1001-1100 | 950 | 1050 | 1150 | 1140 | 1260 | 1380 |
| 1101-1200 | 1000 | 1100 | 1200 | 1200 | 1320 | 1440 |
| 1201-1300 | 1050 | 1150 | 1250 | 1260 | 1380 | 1500 |
| 1301-1400 | 1100 | 1200 | 1300 | 1320 | 1440 | 1560 |
| 1401ден ашык | 1150 | 1250 | 1350 | 1380 | 1500 | 1620 |
| Бир дезинфекторго бир жолку дератизация | 400 | 450 | 500 | 480 | 540 | 600 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жыл ичинде иштетүү саны | 1ден - 6га чейин | 7ден - 12ге чейин | 13төн - 18ге чейин | 19дан - 24кө чейин | 25тен - 36га чейин |
|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 0,90 | 1,00 | 1,10 | 1,15 | 1,52 |
Үй-жайдагы курт-кумурскаларга каршы күрөшүү жумуштарын аткаруунун нормалары (өзүнчө квартиралар, жеке шкафтар)
| Иштетилчү объекттин категориясы | Өлчөө бирдиги ├──────────────────┬──────────────────┤ ├─────────┬────────┼─────────┬────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаарлар жана райондук борборлор | 7,2 саат Айыл жери | Шаарлар жана райондук борборлор | Айыл жери |
|---|---|---|---|---|---|
| Өзүнчө квартиралар | Объект | 5 | 2 | 6 | 2,4 |
| Жеке шкафтар | Объект | 150 | 100 | 180 | 120 |
Чымынга каршы иш-чаралар
24. Чымынга каршы иштер инсектициддерди колдонуу боюнча нускамаларга ылайык жүргүзүлөт. Жүргүзүлчү иштердин санын дезинфоктолог врач аныктайт.
Үй-жайдагы чымындарга каршы күрөшүү
25. Жумуштун курамы.
Бөлмө-жайларды кароо, чымындардын санын аныктоо. Эритиндилерди, эмульсияларды, суспензияларды, инсектициддүү жемдерди, жабышкак барактарды даярдоо. Эритиндилерди төгүү, кисти менен сыйпоо, инсектициддик жемдерди, жабышкак барактарды жайгаштыруу. Чымынга каршы жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугун жабышкак кагаздын барактары менен текшерүү. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуучу ишти жүргүзүү.
Шаарларда, райондук борборлордо жана айыл жеринде чымынга каршы күрөшүү жумуштарында тейлөөнүн нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м ├───────────────┬──────────────────┬─────────────────┤ ├───────────────┴──────────────────┴─────────────────┤ | Шаардын, райондук борбордун жана айыл калкынын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин Тейлөө нормасы, миң кв.м | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1 млн. чейин |
|---|---|---|---|
| 300гө чейин | 12,2 | 12,6 | 12,6 |
| 301-400 | 13,5 | 13,8 | 14,4 |
| 401-500 | 14,9 | 9,6 | 16,3 |
| 501-600 | 16,3 | 15,0 | 18,1 |
| 601-700 | 17,6 | 16,2 | 19,9 |
| 701-800 | 19,0 | 17,1 | 21,7 |
| 801-900 | 20,4 | 18,3 | 23,6 |
| 901-1000 | 21,7 | 19,5 | 24,2 |
| 1001-1100 | 22,0 | 20,7 | 25,4 |
| 1101-1200 | 23,4 | 21,8 | - |
| 1201-1300 | 24,8 | 23,0 | - |
| 1301-1400 | - | 24,2 | - |
| 1401 жана андан ашык | - | 25,4 | - |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жыл ичинде иштетүү саны | 0,5 | 1,0 | 1,5 | 2,0 | 2,5 |
|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 4,0 | 2,0 | 1,33 | 1,0 | 0,8 |
| Жыл ичинде иштетүү саны | 3,0 | 4,0 | 5,0 | 6,0 | - |
| Оңдоочу коэффициент | 0,66 | 0,5 | 0,4 | 0,33 | - |
Шаарларда, райондук борборлордо жана айыл жеринде чымынга каршы жумуштарды аткаруунун нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м├─────────────────────────┬──────────────────────────┤ ├─────────────────────────┼──────────────────────────┤ ├───────┬────────┬────────┼───────┬────────┬─────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин | 7,2 саат Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин | 200 миң адамга чейин | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 300гө чейин | 950 | 1000 | 1050 | 1140 | 1200 | 1260 |
| 301-400 | 1050 | 1050 | 1150 | 1260 | 1260 | 1380 |
| 401-500 | 1150 | 1200 | 1250 | 1380 | 1440 | 1500 |
| 501-600 | 1250 | 1300 | 1350 | 1500 | 1560 | 1620 |
| 601-700 | 1350 | 1400 | 1450 | 1620 | 1680 | 1740 |
| 701-800 | 1450 | 1500 | 1550 | 1740 | 1800 | 1860 |
| 801-900 | 1550 | 1600 | 1700 | 1860 | 1920 | 2040 |
| 901-1000 | 1650 | 1700 | 1800 | 1980 | 2040 | 2160 |
| 1001-1100 | 1700 | 1750 | 1900 | 2040 | 2100 | 2280 |
| 1101-1200 | 1750 | 1800 | 2000 | 2100 | 2160 | 2400 |
| 1201-1300 | 1800 | 1850 | 2050 | 2160 | 2220 | 2460 |
| 1301-1400 | 1850 | 1900 | 2100 | 2220 | 2280 | 2520 |
| 1400-1500 | 1900 | 1950 | 2150 | 2280 | 2340 | 2580 |
| 1501-1600 | 1950 | 2000 | 2200 | 2340 | 2400 | 2640 |
| 1601-1700 | 2100 | 2250 | 2520 | 2700 | ||
| 1701-1800 жана андан ашык | 2300 | 2760 |
Чымындарды төлдөгөн жеринде жок кылуу
26. Жумуштун курамы.
Чымын урук таштаган жерде курттарын жок кылуу жана алардын санын аныктоо. Иштетүүчү жерге суу жеткирүү. Эритиндилерди, эмульсияларды, суспензияларды даярдоо. Чуңкурлардын, дааратканалардын жана жугунду төгүлчү чуңкурлардын ичине, алардын жанындагы кыртышка эритиндилерди, эмульсияларды, суспензияларды куюу, дуст чачуу. Деларвациялык жумуштун натыйжалуулугун аныктоо. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуучу ишти жүргүзүү. Канат байлап калган чымындарды төлдөгөн жеринде жок кылуу - объекттерди изилдөө, чымындардын санын аныктоо. Иштетилчү жерге суу жеткирүү. Дааратканалардын, таштанды топтогучтардын, таштанды кабыл алгычтардын ички дубалдарын, таштанды төгүлчү чуңкурлардын жана башка жерлердин капкактарын кол же механикалаштырылган чачыраткычтар менен иштетип тазалоо. Чымынды тартуучу станцияларды жайгаштырчу жерлерди аныктоо, идиштерди (тартуучу станцияларды) орнотуу. Идиштерди инсектициддүү эритинди жана аттрактант менен толтуруу. Чымынды азгыруучу жем салынган идиштерде кургашына жараша суу куюу. Документтерди тариздөө. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Санитардык-агартуу ишин жүргүзүү.
Шаарлар, райондук борборлор жана айыл жери үчүн чымын төлдөгөн жерде жок кылуу боюнча иште тейлөөнүн нормалары
| Калктуу конуштар | Кол менен иштетүү | Моторлуу чачыраткычтар менен иштетүү |
|---|---|---|
| 200 миң адамга чейин | 350 | 1050 |
| 201 миңден - 500 миңге чейин | 390 | 1170 |
| 501 миңден - 1000 миңге чейин | 470 | 1410 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Бир айда иштетүүнүн саны | 0,5 | 1,0 | 1,5 | 2,0 | 3,0 | 4,0 | 5,0 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 4,0 | 2,00 | 1,3 | 1,00 | 0,7 | 0,5 | 0,4 |
Объекттер - аянты 3 кв.м чейинки 2 көздүү дааратканалар, ичиндегиси жана жанындагы 15 кв.м чейинки кыртышы иштетилчү жугунду төгүүчү чуңкурлар, аянты 2 кв.м чейинки үстү жагы же 5 кв.м чейинки жанындагы кыртыш иштетилчү таштанды салгычтар. 2ден ашык көздүү дааратканалар көзүнө жараша бир нече (1,5; 2,3) деп эсептелсин.
Чымынды төлдөгөн жерде жок кылуу боюнча ишти аткаруунун нормалары
| Калктуу конуштар ├────────────────────────┬────────────────────────┤ ├─────────┬──────────────┼─────────┬──────────────┤ ├─────────┴──────────────┴─────────┴──────────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Кол менен иштетүү Аткаруу нормалары (объект) | 7,2 саат Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү | Кол менен иштетүү | Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү |
|---|---|---|---|---|
| 200 миң адамга чейин | 28 | 84 | 34 | 102 |
| 201 миңден - 500 миңге чейин | 30 | 90 | 36 | 108 |
| 501 миңден - 1000 миңге чейин | 37 | 111 | 43 | 129 |
Эскертүү:
1) Объекттер - аянты 3 кв.м чейинки 2 көздүү дааратканалар, ичиндегиси жана жанындагы 15 кв.м чейинки кыртышы иштетилчү жугунду төгүүчү чуңкурлар, аянты 2 кв.м чейинки үстү жагы же 5 кв.м чейинки жанындагы кыртыш иштетилчү таштанды салгычтар (таштанды жыйнагычтар).
2) 2ден ашык (3, 4, 6) көздүү дааратканалар көзүнө жараша бир нече объект (1,5; 2,3) деп эсептелсин.
Чиркейге каршы күрөшүү Үй-жайдагы чиркейлерге каршы күрөшүү
27. Жумуштун курамы.
Объектти жертөлө жайлары, подъезддери жана тепкичтери менен кошо карап чыгуу. Иш үчүн эритиндилерди, эмульсияларды, суспензияларды даярдоо. Кол менен иштетилчү же механикалаштырылган аппараттарды даярдоо жана эритиндилер менен толтуруу. Жертөлөдө суунун бетин, астанасын, дубалдарын, шыптарын, ал эми подъезддерде жана тепкичтерде чиркейлер топтолгон жерлерди иштетүү. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Үй-жайдагы чиркейлерге каршы күрөшүү боюнча жумушта тейлөөнүн нормалары
| Иштетүү ыкмасы | Тейлөөнүн нормалары (миң кв.м) |
|---|---|
| Кол менен иштетүү | 25,4 |
| Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү | 76,2 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Бир айда иштетүүнүн саны | 1 | 1,5 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 1,0 | 0,67 | 0,5 | 0,33 | 0,25 | 0,2 |
Үй-жайдагы чиркейге каршы күрөштө жумушту аткаруунун нормалары
| Иштетүү ыкмасы ├──────────────────┬───────────────────┤ ├──────────────────┴───────────────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Ишти аткаруу нормасы (кв.м) | 7,2 саат |
|---|---|---|
| Кол менен иштетүү | 1000 | 1200 |
| Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү | 3000 | 3600 |
Чиркей төлдөгөн сууларда жана башка жерлерде анын курттарын жок кылуу
28. Жумуштун курамы.
Чиркей төлдөгөн жерлерди кароо. Иш үчүн эритиндилерди, эмульсияларды, суспензияларды даярдоо. Кол менен иштетилчү же механикалаштырылган аппараттарды даярдоо жана эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар, дуст менен толтуруу. Чиркей төлдөгөн жерлерге дары чачуу. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Чиркей төлдөгөн сууларда жана башка жерлерде чиркейдин курттарын жок кылуу боюнча иште тейлөөнүн нормалары
| Калктуу конуштар ├─────────────────┴───────────────────────┤ | Кол менен иштетүү Тейлөө нормасы | Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү |
|---|---|---|
| Шаарлар жана райондук борборлор | 25,4 | 76,2 |
| Айыл жери | 20,3 | 60,9 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Бир айда иштетүүнүн саны | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 1,0 | 0,5 | 0,33 | 0,25 | 0,20 | 0,17 | 0,14 |
Чиркей төлдөгөн сууларда жана башка жерлерде чиркейдин курттарын жок кылуу боюнча ишти аткаруунун нормалары
| Калктуу конуштар ├────────────────────────┬────────────────────────┤ ├─────────┬──────────────┼─────────┬──────────────┤ ├─────────┴──────────────┴─────────┴──────────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Кол менен иштетүү Ишти аткаруу нормасы (га) | 7,2 саат Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү | Кол менен иштетүү | Моторлуу чачыраткыч менен иштетүү |
|---|---|---|---|---|
| Шаарлар жана райондук борборлор | 1 | 3 | 1,2 | 3,6 |
| Айыл жери | 0,8 | 2,4 | 0,96 | 2,9 |
VI. Дезинфекция
Бөлмө-жайларды профилактикалык дезинфекциялоо
29. Жумуштун курамы.
Иштетилчү жайларды кароо. Колдонуу боюнча нускамага ылайык дезинфекциялоочу эритиндилерди даярдоо. Чачыратуучу аппаратты камдоо. Астананын, дубалдардын, туткалардын, буюмдардын беттерин эритиндиге нымдалган чүпүрөк менен сүртүү. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Бөлмө-жайларды дезинфекциялоо боюнча иште тейлөөнүн нормалары
| Объекттин орточо чоңдугу (О) кв.м ├───────────────┬──────────────────┬─────────────────┤ ├───────────────┴──────────────────┴─────────────────┤ | Шаардын, райондук борбордун жана айылдын калкынын саны (миң адам) 200 миң чейин Тейлөө нормасы, миң кв.м | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1 млн. адамга чейин |
|---|---|---|---|
| 200гө чейин | 9,90 | 10,9 | 11,5 |
| 201-400 | 9,90 | 10,9 | 11,5 |
| 401-600 | 11,0 | 11,8 | 13,1 |
| 601-800 | 12,6 | 12,7 | 14,6 |
| 801-1000 | 13,4 | 13,6 | 16,2 |
| 1001-1200 | 14,2 | 14,5 | 17,8 |
| 1201-1400 | 15 | 15,4 | 19,4 |
| 1401-1600 | - | - | - |
| 1601 жана андан ашык | - | - | - |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жылдагы иштетүүлөрдүн саны | 12 | 18 | 24 | 36 | 48 |
|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 2,0 | 1,33 | 1,0 | 0,67 | 0,5 |
| Жылдагы иштетүүлөрдүн саны | 60 | 72 | 73-96 | 97-120 | 121-145 жана жогору |
| Оңдоочу коэффициент | 0,4 | 0,33 | 0,28 | 0,22 | 0,18-0,15 |
Шаарлар, райондук борборлор жана айыл жери үчүн дезинфекциялоо боюнча жумуштарды аткаруунун нормалары
| Калктуу конуштар ├─────────────────────────┬──────────────────────────┤ ├─────────────────────────┼──────────────────────────┤ ├───────┬────────┬────────┼───────┬────────┬─────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаардагы, райондук борбордогу, айылдагы калктын саны (миң адам) 200 миң адамга чейин | 7,2 саат Шаардагы, райондук борбордогу, айылдагы калктын саны (миң адам) 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин | 200 миң адамга чейин | 201 миңден - 500 миңге чейин | 501 миңден - 1000 миңге чейин |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Аткаруу нормасы, кв.м | ||||||
| 200гө чейин | 800 | 900 | 900 | 1000 | 1100 | 1100 |
| 201-400 | 800 | 900 | 900 | 1000 | 1100 | 1100 |
| 401-600 | 900 | 900 | 1000 | 1100 | 1100 | 1200 |
| 601-600 | 1000 | 1000 | 1100 | 1200 | 1200 | 1300 |
| 801-1000 | 1100 | 1100 | 1300 | 1300 | 1300 | 1600 |
| 1001-1200 | 1100 | 1100 | 1400 | 1300 | 1300 | 1700 |
| 1201 жана андан ашык | 1200 | 1200 | 1500 | 1400 | 1400 | 1800 |
Канализациясыз дааратканаларды профилактикалык дезинфекциялоо
30. Жумуштун курамы.
Иштетилчү жерлерди кароо. Дезинфекциялоочу эритиндилерди даярдоо, аны чачыраткыч аппаратка куюу. Астананын, дубалдардын, айнектердин беттерин, отургучтарды дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу боюнча нускамаларга ылайык сүртүү. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө, санитардык-агартуучу иштерди жүргүзүү.
Канализациясыз дааратканаларды дезинфекциялоо боюнча иштерде тейлөөнүн нормалары
| Калктуу конуштар | Тейлөө нормасы (прибор, көзү) |
|---|---|
| Шаарлар жана райондук борборлор | 1440 |
| Айыл жери | 1180 |
Эскертүү: Иштетүүнүн санына жараша ишти аткаруу нормасы төмөнкүдөй оңдоочу коэффициенттерге көбөйтүлөт:
| Жылдагы иштетүүлөрдүн саны | 12 | 18 | 24 | 36 | 48 |
|---|---|---|---|---|---|
| Оңдоочу коэффициент | 2,0 | 1,33 | 1,0 | 0,67 | 0,5 |
| Жылдагы иштетүүлөрдүн саны | 60 | 72 | 73-96 | 97-120 | 121-145 жана жогору |
| Оңдоочу коэффициент | 0,4 | 0,33 | 0,28 | 0,22 | 0,18-0,15 |
Канализациясыз дааратканаларды дезинфекциялоо боюнча жумуштарды аткаруунун нормалары
| Калктуу конуштар ├───────────────┬───────────────┤ ├───────────────┴───────────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Ишти аткаруу нормасы (прибор, көзү) | 7,2 саат |
|---|---|---|
| Шаарлар жана райондук борборлор | 110 | 132 |
| Айыл жери | 90 | 108 |
Утиль сырьену, суу алуучу кудуктарды профилактикалык дезинфекциялоо
Утиль сырьену профилактикалык дезинфекциялоо
31. Жумуштун курамы.
Утиль сырьенун таңгактарын кароо. Дезинфекциялоочу эритиндилерди камдоо. Таңгактарга эритиндини кол менен иштетилчү же механикалаштырылган аппарат менен жакшылап себүү. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуучу иштерди жүргүзүү.
Кудуктарды профилактикалык дезинфекциялоо
32. Жумуштун курамы.
Кудукту куруу, оңдоо бүткөндө же пайдалануу узакка токтогондо дубалдарын хлор аки таштын 3 проценттик эритиндиси менен сүртүү же чачыратуу. Кудуктагы суунун көлөмүн эсептөө жана дезинфекциялоочу каражаттын керектүү санын аныктоо. Кудуктун түбүн жана капталдарын тазалоо. Хлор акиташ же кальцийдин гипохлоридинин үчтөн эки негиздеги тузу менен жумушчу эритинди жасоо, патронду кудукка салуу патронду алып чыгуу, суу менен жууп жана уксус кислота менен тазалоо. Жеке жана коомдук коопсуздукту камсыздоочу иштерди жүргүзүү. Эсептик документтерди тариздөө. Санитардык-агартуучу иштерди жүргүзүү.
Утил сырьену, суу ичүүчү кудуктарды дезинфекциялоо боюнча жумуштарды аткаруунун нормалары
| Иштетилчү объекттердин категориялары | Өлчөө бирдиги ├──────────────────┬──────────────────┤ ├─────────┬────────┼─────────┬────────┤ ├─────────┴────────┴─────────┴────────┤ | Иш нөөмөттүн узактыгы 6 саат Шаарлар жана райондук борборлор Ишти аткаруу нормасы | 7,2 саат Айыл жери | Шаарлар жана райондук борборлор | Айыл жери |
|---|---|---|---|---|---|
| Утильсырье | таңгак | 120 | 110 | 144 | 132 |
| Суу ичүүчү кудуктар | даана | 4 | 4 | 5 | 5 |
| Кудуктардагы хлорлонгон суулар | даана | 15 | 13 | 18 | 16 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №173 "Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 173