# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №173 "Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №173 "Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16486/edition/379220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №173 "Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө" токтому (19.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95024

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 19-апрели №173 Кыргыз Республикасында дезинфекциялык иштин негизги багыттары жөнүндө Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигинин көрсөткүчтөрүнүн начарлоосун болтурбоо, өлкөдөгү дезинфекциялык ишти өркүндөтүү жана эпидемиологиялык маанилүү объекттерде муунак буттуу курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн санын азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдонмо;

- Шаар жана айыл жериндеги калктуу конуштарда профилактикалык дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жумуштарын аткаруу жана тейлөө нормалары жөнүндө жобо.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

А.Атамбаев
