# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16484/edition/638690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №171 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (07.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95021

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7- апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 19-апрели №171 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Илимий кызматкерлердин ишин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнү стимулдаштыруу, Кыргыз Республикасындагы илимий потенциалды сактоо жана өнүктүрүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнүн колдонулган тарифтик ставкаларына 2011-жылдын 1-январынан тартып 1,8ге чейинки коэффициенттер белгиленсин.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 22-апрелинде № 30 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
