# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө" ТАРТИБИ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө" ТАРТИБИ
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-241/edition/1151169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө" ТАРТИБИ (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95002

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө ТАРТИБИ

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 342-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 345-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан жана банк мекемелери болбогон Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында мүлк салыгын, жер салыгын ыктыярдуу жана милдетүү патенттин негизиндеги салыкты төлөө тартибин аныктайт.

2. Банк мекемелери болбогон Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөр тарабынан салыктарды ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 1-чи тиркемеге ылайык № 04 форма боюнча салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктү (мындан ары - салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөк) колдонуу аркылуу төлөөгө жол берилет.

3. Салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөк тиешелүү сериясы, катар номери жана коргоо даражасы бар так отчеттуулук бланка болуп саналат.

4. Салык органынын жетекчисинин буйругуна ылайык салык органынын ыйгарым укуктуу адамы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктү колдонуу аркылуу салыктардын суммасын алуу укугуна ээ.

Салык суммасын алууда салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүдөн салык суммасын алып, салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктү экинчи нускада бөлүүсүз жана оңдоосуз жазат. Мындай учурда, дүмүрчөктүн экинчи көчүрмөлөө кагазы аркылуу жазылат. Дүмүрчөктүн биринчи нускасы салык төлөөчүгө берилет, экинчи нускасы салык органынын кызмат адамында калат. Салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктү колдонуу аркылуу салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан чогултулган салык суммалары мамлекеттик бюджетке толугу менен төгүлөт. Патенттин негизиндеги салык төлөнгөндөн кийин салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө патент берет. Салык органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген салык органдарында патенттерди берүүнүн тартибине ылайык берилген патентти каттоону жүргүзөт.

5. Салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөк тиешелүү салык органынын гербдүү мөөрү, салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын аты-жөнү жана колдору дүмүрчөктүн 2 нускасында болгондо гана жарактуу деп эсептелет.

6. Жергиликтүү салыктарды жыйноо максатында салык органдары тарабынан айыл округдардын айыл өкмөтүнө ишеним каттын негизинде салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктөр берилет.

Айыл округ башчысынын буйругуна ылайык айыл округунун айыл өкмөтүнүн кызматкерлери салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктөрдү колдонуу аркылуу жергиликтүү салыктардын суммасын алууга ыйгарым укуктуу кызматкерлерди ушул тартиптин 4 жана 5-пункттарында каралган тартипте салыктарды жыйноону жүзөгө ашырууга укуктуу.

7. Салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктөрдү колдонуунун тууралыгы жана салык төлөөчүлөр тарабынан төлөнгөн салык суммасынын бюджетке өз убагында төгүлүшү үчүн жоопкерчиликти салык органынын жетекчисинин жана айыл округунун башчысынын салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктөрдү колдонуу аркылуу салыктардын суммасын алуу буйруктарына ылайык салык органынын жана айыл округунун ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тартышат.

8. Ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбей округдардын айыл өкмөтү салык органдарына № 04 форма боюнча салык суммасын төлөө тууралуу алынган жана пайдаланылган дүмүрчөктөр жөнүндө маалымат беришет.

9. Салык органдары жыл сайын айыл округдарында салык суммасын төлөө тууралуу дүмүрчөктөрдүн колдонулушунун тууралыгы, ошондой эле чогултулган салыктардын суммаларын мамлекеттик бюджетке өз убагында жана толук төгүлүшү маселеси боюнча текшерүү жүргүзүшөт.

Текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын кызмат адамы акты түзөт жана 2-тиркемеге ылайык № 04 форма боюнча салык суммасын төлөө тууралуу алынган жана пайдаланылган дүмүрчөктөрдүн реестрин толтурат.

Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга татаал калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө тартибине 1-тиркеме

№ 04 Формасы

Салыктын суммасын төлөө тууралуу КВИТАНЦИЯ

Сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_

"\_\_"\_\_\_\_\_\_\_ 201\_-жыл.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салыкты төлөө орду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салык органынын, айыл округунун аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кабыл алынды (салык төлөөчүнүн аты-жөнү) ИСНи \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(сом менен)

| № к/н | Салыктын түрү | Салык милдеттенмеси | Мезгил үчүн | Карыздын калдыгы | Туум | Салык санкциясы | Бардыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | Жыйынтык |  |  |  |  |  |  |

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сумма төлөндү (жазуу менен) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ төлөдү (салык төлөөчүнүн колу) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салык органынын, айыл округунун айыл өкмөтүнүн кызмат адамынын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кабыл алынды аты-жөнү жана колу)

М.О. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж.

Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга татаал калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана патенттин негизиндеги салыкты төлөө тартибине 2-тиркеме

№ 04 форма боюнча салыктын суммасын төлөө тууралуу алынган жана колдонулган квитанциялардын РЕЕСТРИ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ боюнча (айыл округунун аталышы)

\_\_\_\_ тартып \_\_\_ боюнча мезгил үчүн

| Алынган квитанция- лардын номерлери (№\_\_тартып №\_\_боюнча) | Алынган квитанция- лардын саны | Колдонул- ган квитан- циялардын (№\_тартып №\_боюнча) | Колдонул- ган квитанция- лардын саны | Анын ичинен бузулган квитанциялар- дын номерлери (№\_\_\_\_\_тартып №\_\_\_\_\_боюнча) | Бузулган квитанция- лардын саны |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |  |  |
| Чогулган салыктын суммасы |  |  |  |  |  |  |  |
| салыктын түрлөрү боюнча ├──────────┬──────────┬─────────┬───────┬───────┬───────┬───────┤сумма айыл-чарба багытында- гы жер салыгы | Жалпы айыл-чарба багытынан тышкаркы максаттагы жер салыгы | үй жанындагы участок- тордон жер салыгы | кыймыл- дуу мүлккө салык | кыймыл- сыз мүлккө салык | ыктыяр- дуу патент- тин неги- зинде | милдет- түү патент- тин неги- зинде |  |
| 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| Бюджетке которулган | Бюджетке которулбаган салыктардын суммасы | Колдонулбаган квитанциялардын калдыгы (№ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ боюнча) | Колдонулбаган квитанциялардын саны |  |  |  |  |
| 15 | 16 | 17 | 18 |  |  |  |  |

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салык органынын (колу) (аты-жөнү) кызматкеринин кызмат орду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (айыл округунун айыл өкмөтүнүн (колу) (аты-жөнү) жооптуу адамынын кызмат орду)
