# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 728 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 728 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 728
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1741/edition/493418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 728 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (31.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9500

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 728 Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
