# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16470/edition/494224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94996

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-январы № 47 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана

аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2011-жылдын 10-августундагы № 66) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын: “2-1-берене. Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын өзгөчө статусуна байланышкан чектөөлөр Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандардан тышкары, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объектилеринин бардык түрлөрүнөн ажыратууга байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.”. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Ренспубликасынын Президенти
