# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 40 "Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 40 "Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16468/edition/1159581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 40 "Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө" токтому (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94994

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-январы № 40 Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын эксперттик-криминалисттик бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жараны Аван Ихлак Ахмед Исм Дин Авандын арызынын негизинде төмөнкү автоунааларды бажылык тартипте мамлекеттин пайдасына тариздесин:

- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1082940, V = 2250 см3, күмүш түстө;

- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1092715, V = 2250 см3, ак түстө;

- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1069248, V = 2250 см3, ак түстө;

- "Toyota Ipsum" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № SXM10-7134363, V = 1990 см3 ак түстө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркына баалоо жүргүзсүн;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин,

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
