Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-январы № 40 Автоунааларды мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын эксперттик-криминалисттик бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жараны Аван Ихлак Ахмед Исм Дин Авандын арызынын негизинде төмөнкү автоунааларды бажылык тартипте мамлекеттин пайдасына тариздесин:
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1082940, V = 2250 см3, күмүш түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1092715, V = 2250 см3, ак түстө;
- "Honda Odyssey" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA6-1069248, V = 2250 см3, ак түстө;
- "Toyota Ipsum" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № SXM10-7134363, V = 1990 см3 ак түстө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркына баалоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин,
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.