Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014- жылдын 21-январындагы № 37 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн езгөртүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 19 мая 2021 года № 11 "О вопросах Государственного комитета по экологии и климату Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-01-21.
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014- жылдын 21-январы № 37 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн езгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн иштеши менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйренү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чейрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармасына бөлүү жолу менен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл-Нарын аймактык курчап турган чейрөнү коргоо башкармасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармасына белүү жолу менен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйренү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош-Баткен аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен аймактык башкармасына бөлүү жолу менен;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасын жана Жалал-Абад региондор аралык жаңгак мөмө токой башкармасын бириктирүү жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйренү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармасын түзүү жолу менен.
2. Төмөнкүлер кайра аталсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департамента Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөче корголуучу жаратылыш аймактары департаментине; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйронү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментине.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, онунчу жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси
жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон