# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16456/edition/488492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94981

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 9-январы № 7 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 2-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 3-пункттун биринчи абзацындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 6-пункттагы "эл аралык кызматташтык" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

"Жооптуу аткаруучулар" графасында:

- 1.1, 1.2, 1.3, 2.1.2, 2.1.5, 3.1, 4.2 жана 4.4-пункттардагы "ТИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 2.1.1, 2.1.3, 2.1.6, 2.1.7 жана 2.2.4-пункттардагы "ТИМ, ЖЭИКМ" деген аббревиатуралар "ЭМЖМ, ТИМ" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;

- 2.2.1-пункттагы "ТИМ," деген аббревиатура алып салынсын, "ЖЭКИМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 2.2.5 жана 2.2.6-пункттардагы "ЖЭИКМ" деген аббревиатура "ЭМЖМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 3.7 жана 4.1-пункттар "ИИМ," деген аббревиатурадан кийин "ЭМЖМ," деген аббревиатура менен толукталсын;

"Иш-чаралар" графасында:

- 2.1.3-пункт "www.dvm.kg," деген сөздөрдөн кийин "www.mz.kg," деген сөздөр менен толукталсын;

- 2.2.1-пункттагы "- тышкы иштер, анын ичинде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; - жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

кыскартуулардын тизмесиндеги онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
