# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16453/edition/489179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94978

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 627 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-жыл, № 8, 922-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 221-1-беренеде:

- 3-бөлүктүн 1-пунктундагы "алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды" деген сөздөр "алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- биринчи саптын экинчи графасындагы "1201ден 1300гө чейин" деген цифралар жана сөздөр "1300гө чейин" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
