# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 14 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 14 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16447/edition/487953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 14 "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-январы № 14 Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, мамлекеттик менчиктештирүү фондунун мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарын пайдалануу тартибин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
