# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94965>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16443/edition/1184987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94965.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94965

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 9-январы № 8 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- жогорку квалификациясы жана кесиптик чеберчилиги үчүн кызматтык маянанын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк белгилөө;";

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 8 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык МАЯНАЛАРЫ

№

Кызматтын аталышы

Кызматтык маяналары, сом менен

1

Директор

18000

2

Директордун орун басары

17000

3

Бөлүм башчы

16000

4

Башкы адис (башкы бухгалтер)

15000

5

Башкы адис

12000

6

Жетектөөчү адис

11000

7

1-категориядагы адис

10000

8

Программист

10000

9

Жеңил автомобилдин айдоочусу

8500

10

Кызматтык жайды тазалоочу

2500
