# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 731
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16435/edition/766778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94955.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94955

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 731 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87–беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Бишкек тоо-чалгындоо техникасынын тажрыйбалык-эксперименттик заводу” мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
