# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 725 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 725 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 725
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16432/edition/764378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабры № 725 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (04.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94948

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 725 “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 113-статьянын 1-бөлүгүндө:

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“1, 2 жана 3-январь – жаңы жылдык каникулдар;”;

- үчүнчү, жетинчи жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
